Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 17

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    17-БөЛЄМ

    Азгырыктар жөнүндө

    17:1 Ыйса өзүнүн шакирттерине мындай деди: «Азгырыктар келбей койбойт, бирок ким аркылуу келсе, ошол адамга кайгы.

    17:2 Ошондуктан ушул кичинелердин бирин күнөөгө түрткөн адамдын мойнуна тегирмен ташын илип, аны деңизге таштап жиберишсе, ал үчүн жакшы болмок.

    17:3 өзүңөргө сак болгула. эгерде бир тууганың сага каршы күнөө кылса, ага эскертүү бер. эгерде кечирим сураса, аны кечир.

    17:4 үгерде ал бир күндүн ичинде сага каршы жети жолу күнөө кылып, сага жети жолу келип: “Күнөөмдү мойнума алам”, – десе, аны кечир».

    17:5 үлчилер Теңирге: «Ишенимибизди арттыр», – дешти.

    17:6 Теңир аларга: «үгерде силердин сары кычы данындай ишенимиңер болсо, бул тыт дарагына: “Тамырың менен суурулуп, деңиздин ичине отургузул”, – десеңер, ал силерди укмак», – деди.

    Кул жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    17:7 «Бирөөңөрдүн жер айдаган же мал кайтарган кулуңар бар дейли. Ошол кул талаадан келери менен кожоюну ага: “Тез келип, дасторконго отур”, – деп айтабы?

    17:8 Тескерисинче, ага: “Мага кечки тамакты даярда, мен тамактанып бүткөнчө, белиңди бууп, мага кызмат кыл, андан кийин өзүң тамактан”, – деп айтат да.

    17:9 Буйругун аткарганы үчүн, ал кулуна, эмне, алкыш айтабы? Айтат деп ойлобойм.

    17:10 Силер да ошолордой болуп, өзүңөргө тапшырылган ишти аткаргандан кийин: “Биз үч нерсеге татыбаган кулдарбыз, аткарышыбыз керек болгон ишти гана аткардык”, – дегиле».

    Он пес оорулуунун айыгышы

    17:11 Ыйса Иерусалимге бара жатканда, Самария менен Галилеяны бөлгөн чек ара аркылуу өттү.

    17:12 Ал бир айылга киргенде, Аны пес оорулуу он адам тосуп чыкты. Алар алысыраак токтоп:

    17:13 «Ыйса Устат, бизге ырайым кыла көр!» – деп кыйкырышты.

    17:14 Ыйса аларды көргөндө: «Ыйык кызмат кылуучуларга барып, өзүңөрдү көрсөткүлө», – деди. Алар жолдо бара жатышканда, пес оорудан айыгып, таза болуп калышты.

    17:15 Алардын бири өзүнүн айыкканын көрүп, катуу эн менен Кудайды даңктап, артына кайтып келди да,

    17:16 Ыйсанын алдына жүзтөмөндөп жыгылып, Ага ыраазычылык билдирди. Ал адам самариялык эле.

    17:17 Ошондо Ыйса мындай деди: «Он киши таза болуп калбады беле? Калган тогузу кана?

    17:18 Кудайды даңктоо үчүн, бул башка уруунун адамынан бөлөк үч ким кайтып келген жокпу?»

    17:19 Анан Ал ага: «Тур, бара бер. Сени ишенимиң куткарды», – деди.

    Кудайдын Падышачылыгынын келиши жөнүндө

    17:20 Фарисейлер Кудайдын Падышачылыгы качан келе тургандыгын сураганда, Ыйса мындай деп жооп берди: «Кудайдын Падышачылыгы көзгө көрүнбөй келет.

    17:21 “Мына, ал бул жерде” же “Тигине, ал тиги жерде”, – деп, үч ким айта албайт. Анткени Кудайдын Падышачылыгы силердин ичиңерде».

    Ыйсанын өзүнүн экинчи жолу келери жөнүндө айтышы

    17:22 Анан шакирттерине мындай деди: «Адам Уулунун күндөрүнүн бирин болсо да көрсөк деп эңсей турган күндөр келет, бирок көрбөйсүңөр.

    17:23 Силерге: “Мына, Ал бул жерде” же “Тигине, Ал тигил жерде”, – деп айтышат. Бирок барбагыла, аларды эүрчибегиле.

    17:24 Анткени асмандын бир четинен экинчи четине чейин чагылган кандай жаркыраса, Адам Уулу да өзү келген күнү ошондой болот.

    17:25 Бирок алгач Ал көп азап чегип, бул муун аркылуу четке кагылууга тийиш.

    17:26 Адам Уулу келген убакта да Нух пайгамбардын убагындагыдай болот.

    17:27 Нух кемеге кирген күнгө чейин адамдар жешти, ичишти, аял алышты, күйөөгө чыгышты. Анан топон суу каптап, бардыгы кырылып калды.

    17:28 Лоттун убагында да ошондой болду: адамдар ичип-жеп, соода-сатык жүргүзүп, жер иштетип, эй куруп өмүр сүрүп жатышты.

    17:29 Бирок Лот Содомдон чыккан күнү асмандан от менен күкүрт жаап, бардыгы кырылып калды.

    17:30 Адам Уулу келген күнү да ошондой болот.

    17:31 Ошол күнү ким эйдүн үстүндө болсо, ал эйдүн ичиндеги буюмдарын алыш үчүн түшпөсүн. Ким талаада жүрсө, ал артка кайрылбасын.

    17:32 Лоттун аялын эсиңерге түшүргүлө.

    17:33 Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ким өз жанынан ажыраса, ал тирилет.

    17:34 Силерге айтып коёюн, ошол түнү бир төшөктө жаткан эки кишинин бири алынат, бири калтырылат.

    17:35 Чогуу жаргылчак тартып отурган эки аялдын бири алынат, бири калтырылат.

    17:36 Талаада жүргөн эки кишинин бири алынат, бири калтырылат».

    17:37 Ошондо алар Ыйсадан: «Теңир, мунун баары кайсы жерде болот?» – деп сурашты. Ыйса аларга: «өлүк кайсы жерде болсо, жору-кузгундар ошол жерге чогулат», – деп жооп берди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск