Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Єй башкаруучу жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    16:1 Ыйса өзүнүн шакирттерине да мындай деди: «Бир бай адамдын чарба иштерин башкаруучусу бар экен. Ага: “Сенин чарба иштериңди башкаруучу мал-мүлкүңдү ыксыз ысырап кылып жатат”, – деп айтып келишет.

    16:2 Ошондо бай аны чакырып алып: “Сен жөнүндө ар кандай сөз угуп жатам. өзүңдүн башкаруу ишиң боюнча эсеп бер, анткени сен мындан ары чарба иштерин башкара албайсың!” – дейт.

    16:3 Башкаруучу ичинен: “үми мен эмне кылам? Кожоюнум мени башкаруу ишинен бошотуп жатат. Жер каза албайм, кайыр сурагандан уялам.

    16:4 Бирок мен эмне кылууну таптым, башкаруу ишинен бошотулгандан кийин адамдар мени үйлөрүнө кабыл алышы үчүн, мен мындай кылам”, – деп ойлонот да,

    16:5 кожоюнуна карызы барлардын ар бирин өз-өзүнчө чакырып алып, алардын биринчисинен: “Сен кожоюнума канча карызсың?” – деп сурайт.

    16:6 Ал: “жүз ченем май карызмын”, – дейт. “Тил катыңды ал да, отура калып, элүү ченем деп жаза сал”, – дейт башкаруучу.

    16:7 Андан кийин ал башкасынан: “Сен канча карызсың?” – деп сурайт. Ал: “Жүз ченем буудай”, – деп жооп берет. Башкаруучу ага да: “Тил катыңды ал да, сексен деп жаз”, – дейт.

    16:8 Ошондо кожоюн ишенимсиз башкаруучусун акылдуулук менен иш кылганы үчүн мактаптыр. Бул дүйнөнүн адамдары өзү өңдүүлөр менен мамилелешкенде, жарыктын уулдарына караганда акылдуураак.

    16:9 Мен да силерге айтып коёюн, өтүп кете турган байлык менен өзүңөргө досторду күткүлө! Байлык жок болуп кеткенден кийин, силерди түбөлүк турак-жайларга кабыл алышсын.

    16:10 Аз нерседе ишенимдүү адам көп нерседе да ишенимдүү. Аз нерседе ишенимсиз адам көп нерседе да ишенимсиз.

    16:11 үгерде силерге өтүп кете турган байлыкты ишенип тапшырууга болбосо, чыныгы байлыкты ким ишенип тапшырат?

    16:12 үгерде силерге башкалардыкын ишенип тапшырууга болбосо, анда өзүңөрдүкүн ким берет?

    16:13 үч бир кул эки мырзага кызмат кыла албайт: бирин жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт; бирине жан-дили менен берилип, экинчисин барк албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албайсыңар!»

    Фарисейлер жана мыйзам жөнүндө

    16:14 Мунун бардыгын байлыкты сүйгөн фарисейлер да угуп, Ыйсаны мазактап күлүштү.

    16:15 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Силер адамдардын алдында өзүңөрдү адил адам катары көрсөтөсүңөр, бирок Кудай силердин жүрөгүңөрдү билет, анткени адамдар жогору баалаган нерсе Кудайдын алдында жийиркеничтүү.

    16:16 “Тоорат” жана “Пайгамбарлар” китептери Жаканга чейин болгон. Ошол убакыттан бери Кудайдын Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабар жарыяланып келе жатат, бул Падышачылыкка ар бир адам күч жумшап кирет.

    16:17 Бирок мыйзамдын бир белгиси жоголгонго караганда, асман менен жер оңой жок болот.

    Ажырашуу жөнүндө

    16:18 Аялын кетирип, башка аял алган адам ойноштук кылган болот. Күйөөсү кетирип жиберген аялды алган адам да ойноштук кылган болот.

    Бай адам жана Лазар

    16:19 Бир бай адам болуптур. Ал кочкул кызыл кыл торкодон жана зыгыр буласынан кийим кийип, күн сайын укмуштуудай той өткөрчү экен.

    16:20 Анын дарбазасынын алдында бүт денесин жара баскан Лазар деген кайырчы жатчу.

    16:21 Ал бай жеген тамактын калдыгына зар болчу. Иттер келип, анын жараларын жалачу.

    16:22 Бир күнү ошол кайырчы өлүп, периштелер аны Ыбрайымдын кучагына алып барышат. Бай да өлүп, аны көргө коюшат.

    16:23 өлгөндөр жаткан жайда кыйналып жаткан ошол бай адам башын көтөрүп, алыстан Ыбрайымды жана анын кучагындагы Лазарды көрөт.

    16:24 Ошондо ал болгон күчү менен: “Ыбрайым ата, мага ырайым кылып, Лазарды жиберчи, ал бармагынын учун сууга малып, тилимди сууласын, анткени мен бул жалындаган отто азап тартып жатам”, – деп кыйкырат.

    16:25 Бирок Ыбрайым ага: “Балам, сен өзүңдүн жакшы элүшүңдү жашооңдо алганыңды, ал эми Лазар албаганын үстечи! Азыр болсо ал бул жерде сооронууда, ал эми сен азап чегүүдөсүң.

    16:26 Анын үстүнө, силер менен биздин ортобузда түпсүздүк бар. Бул жактан силерге, силер жактан бизге өтө алышпайт”, – дейт.

    16:27 Ошондо ал бай: “Ата, андай болсо, сенден суранам, Лазарды атамдын үйүнө жиберчи.

    16:28 Анткени менин беш бир тууганым бар. Алар да бул азаптуу жайга келбеши үчүн, Лазар барып күбөлөндүрсүн”, – деп өтүнөт.

    16:29 Ыбрайым ага: “Аларда Мусанын жана пайгамбарлардын китептери бар, ошолорду угушсун!” – десе, ал:

    16:30 “Жок, Ыбрайым ата! эгерде өлгөндөрдөн бирөө барса, алар тобо кылышат”, – дейт.

    16:31 Ошондо Ыбрайым ага: “үгерде Муса менен пайгамбарлардын айтканын угушпаса, анда алар өлгөндөрдөн бирөө тирилип барса да ишенишпейт”, – деп жооп берет».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск