Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    Фарисейлер менен мыйзам окутуучулардын күңкүлдөөсү

    15:1 Салыкчылар менен күнөөкөрлөрдүн баары Ыйсанын сөзүн угуш үчүн, Ага жакын келишти.

    15:2 Фарисейлер менен мыйзам окутуучулар болсо: «Ал күнөөкөрлөрдү кабыл алып, алар менен бирге тамактанат», – деп күңкүлдөштү.

    Жоголгон кой жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    15:3 Ошондо Ыйса аларга төмөнкү элгү-насаат аңгемени айтып берди:

    15:4 «Силердин араңардан жүз кою бар бир адамдын бир кою жоголуп кетсе, эмне, ал токсон тогузун талаага калтырып коюп, жоголуп кеткен бир коюн издебейби?

    15:5 Тапкандан кийин, кубанып, аны ийнине көтөрүп алып,

    15:6 үйүнө келет да, досторун, коңшуларын чакырып, аларга: “Жоголуп кеткен коюмду таптым, менин кубанычыма ортоктош болгула”, – дейт.

    15:7 Силерге айтып коёюн, ошол сыяктуу эле “Тобо кылууга муктаж эмеспиз” деген токсон тогуз “адил” адамга караганда, тобо кылган бир күнөөкөр үчүн асманда чоң кубаныч болот.

    Жоголгон драхма жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    15:8 Же он драхмасы бар бир аял бир драхмасын жоготуп алса, эмне, ал чырак күйгүзүп алып, үйүн шыпырып, аны тапмайынча тырышып издебейби?

    15:9 Тапкандан кийин, курдаштары менен коңшуларын чакырып, аларга: “Мен жоготкон драхмамды таптым, менин кубанычыма ортоктош болгула”, – дейт.

    15:10 Силерге айтып коёюн, ошол сыяктуу эле бир күнөөкөрдүн тобо кылганы үчүн да Кудайдын периштелери кубанышат».

    Адашкан уул жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    15:11 Ыйса дагы мындай деди: «Бир кишинин эки уулу бар экен.

    15:12 Алардын кенжеси атасына: “Ата, менин энчимди бер”, – дейт. Ошондо атасы балдарына мал-мүлкүн бөлүп берет.

    15:13 Көп өтпөй, кенже уулу энчисинин баарын алып, алыскы бир өлкөгө жөнөп кетет. Ал жактан ал жаман жолго түшүп, өзүнүн мал-мүлкүн ыгы жок ысырап кылат.

    15:14 Бардыгын түгөткөндөн кийин, ошол өлкөдө катуу ачарчылык болуп, ал муктаж боло баштайт.

    15:15 Ошондо ал ошол өлкөнүн бир адамына барып жабышып жалданат. Ал киши аны өзүнүн талаасына жиберип, чочколорун кайтартып коёт.

    15:16 Ал чочколор жеген жемиш менен курсагын тойгузганына ыраазы болмок, бирок ага аны да үч ким бербейт.

    15:17 Ошондо ал акылына келип: “Атамдын жалчыларынын баары тамакты тоё жешет, мен болсо бул жерде ачкадан өлгөнү жүрөм.

    15:18 Туруп, атама кайтып барайын да: "Ата! Мен асмандагы Кудайдын алдында жана сенин алдыңда күнөөгө баттым.

    15:19 Мындан ары сенин уулуңмун деп аталууга татыксызмын. Мени жалчы кылып ал дейин"”, – дейт.

    15:20 Ошентип, ал туруп, атасына жөнөйт. Атасы уулун алыстан эле көрүп, аяйт да, жүгүрүп барып, мойнунан кучактап өпкүлөйт.

    15:21 Ошондо уулу атасына: “Ата! Мен асмандагы Кудайдын алдында жана сенин алдыңда күнөөгө баттым. Мындан ары сенин уулуңмун деп аталууга татыксызмын”, – дейт.

    15:22 Атасы болсо кулдарына: “Тезинен эң жакшы кийим алып келип, ага кийгизгиле. Колуна шакек тагып, бутуна бут кийим бергиле.

    15:23 Анан борго байланган торпокту алып келип сойгула, ичип-жеп көңүл ачалы.

    15:24 Анткени менин бул уулум өлгөн эле – тирилди, жоголгон эле – табылды”, – дейт. Ошентип, алар тойлой башташат.

    15:25 Ошол учурда анын тун уулу талаада болот. Ал кайтып келе жатып, үйүнө жакындаганда, ырдап-бийлегендердин эндөрүн угат.

    15:26 Ошондо ал кулдардын бирин чакырып алып: “үмне болуп жатат?” – деп сурайт.

    15:27 Кул ага: “Сенин иниң келди, атаң баласын аман-үсен көргөнү үчүн, борго байланган торпокту сойдуртту”, – дейт.

    15:28 Муну укканда, анын ачуусу келип, эйгө киргиси келбейт. Атасы сыртка чыгып, аны чакырат.

    15:29 Ошондо ал атасына: “Мен сага ушунча жылдан бери кызмат кылып келе жатам, үч качан буйругуңду бузган жокмун. Бирок сен мага досторум менен көңүл ачканга бир улак да берген эмессиң.

    15:30 Ал эми өзүнүн мал-мүлкүн бузулган аялдар менен ыгы жок ысырап кылган уулуң келсе, ага бордолгон торпок сойдуң”, – деп жооп берет.

    15:31 Атасы болсо ага: “Балам, сен ар дайым менин жанымдасың, менин бардык мал-мүлкүм сеники.

    15:32 Бул нерсеге болсо сүйүнүп, кубануу керек болчу. Анткени бул иниң өлүк эле – тирилди, жоголгон эле – табылды!” – дейт».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск