Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    Ыйсанын ишемби күнү айыктырышы

    14:1 Ишемби күндөрдүн биринде Ыйса фарисейлердин башчысынын үйүнө конокко барды. Фарисейлер Аны карап турушту.

    14:2 Ошол учурда Анын алдына сары суу оорусунан кыйналган адам келди.

    14:3 Ошондо Ыйса мыйзам окутуучулар менен фарисейлерден: «Ишемби күнү оорулууну айыктырууга болобу?» – деп сурады.

    14:4 Алар эн катышкан жок. Ошондо Ыйса оорулууга колун тийгизип, аны айыктырды да, жөнөтүп жиберди.

    14:5 Анан Ыйса фарисейлерден: «үгерде бирөөңөрдүн эшегиңер же өгүзүңөр кудукка түшүп кетсе, ишемби күн экенине карабастан, аны ошол замат чыгарып албайсыңарбы?» – деп сурады.

    14:6 Алар Ыйсанын бул суроосуна жооп бере алышкан жок.

    Биринчиликти сүйүүчүлөр жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    14:7 Конокко чакырылгандардын орун тандап, төргө өткөндөрүн байкаган Ыйса аларга мындай элгү-насаат аңгеме айтты:

    14:8 «Сени бирөө үйлөнүү тоюна чакырса, барып, төргө отуруп алба. Чакырылгандардын арасында сенден да сыйлуу конок болушу мүмкүн.

    14:9 Сени да, аны да чакырган той эүси келип, сага: “Бул кишиге орун бошотуп берчи”, – деп калса, уялганыңдан босого жакка отурууга аргасыз болосуң.

    14:10 Ошондуктан конокко барганыңда, босого жакка отур. Чакырган киши өзү келип, сага: “Досум, жогору өт!” – деп айтсын. Ошондо башка коноктордун алдында сенин беделиң көтөрүлөт.

    14:11 Анткени өзүн өзү көтөргөн адам басынтылат, ал эми өзүн басынткан адам көтөрүлөт».

    Динчилдикти айыптоо

    14:12 Ыйса өзүн чакырган кишиге да мындай деди: «Түшкү же кечки тамакка досторуңду, бир туугандарыңды, тууган-уругуңду, бай кошуналарыңды чакырба. Анткени алар кайра өзүңдү чакырып, бергениңди кайтарышат.

    14:13 Тескерисинче, жардыларды, мунжуларды, аксактарды, сокурларды чакыр.

    14:14 Алар сага кайтарып бере алышпагандыгы үчүн бактылуу болосуң. Анткени сенин тиешең адил адамдар тирилгенде берилет».

    14:15 Муну укканда, Ыйса менен бир дасторкондо отургандардын бири Ага: «Кудайдын Падышачылыгынан даам тата турган адам бактылуу», – деди.

    Тойго чакырылгандар жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    14:16 Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Бир адам кечкиге чоң дасторкон даярдап, көп конок чакырат.

    14:17 Тамак ичер убакыт болгондо, ал чакырган адамдарына: “Келгиле, баары даяр болду”, – деп, кулунан айттырып жиберет.

    14:18 Бирок сүйлөшүп алгансып, баары тең кечирим сурай башташат. Алардын бири ага: “Мен жер сатып алдым эле, аны барып көрүшүм керек. Суранам, мени кечирип койчу”, – деп айттырып жиберет.

    14:19 үкинчиси болсо: “Мен он өгүз сатып алдым эле, ошолорду сынап көргөнү барам. Суранам, мени кечирип койчу”, – деп айттырат.

    14:20 Єчүнчүсү: “Мен жаңы эле үйлөндүм, ошондуктан бара албайм”, – дейт.

    14:21 Кул кайтып келип, муну кожоюнуна айтат. Ошондо эй эүси каарданып, кулуна: “Сен тезинен шаардын чоң-кичине көчөлөрүн аралап, жардыларды, мунжуларды, аксактарды жана сокурларды бул жерге алып кел”, – деп айтат.

    14:22 Кул барып келип: “Кожоюн, буйругуң орундатылды, бирок дагы орун бар”, – дейт.

    14:23 Ошондо кожоюн кулуна: “Жол боюндагыларды, шаар тосмосунун сыртындагыларды келүүгө аргасыз кыл, менин үйүм толсун.

    14:24 Анткени силерге айтып коёюн, мурунку чакырылгандардын үч кимиси менин кечки тамагымдан даам татпайт. Анткени чакырылгандар көп, бирок тандалгандар аз”, – деп айтат».

    Ыйсанын артынан эүрчүү

    14:25 Ыйса өзүнүн артынан эүрчип келе жаткан элге бурулуп, мындай деди:

    14:26 «Ким Мага келип, бирок ата-энесин, аялын, балдарын, ага-инилерин, эже-карындаштарын жана өз өмүрүн Менден артык көрсө, ал Менин шакиртим боло албайт.

    14:27 Ким Менин артымдан өз айкаш жыгачын көтөрбөй эүрчисе, ал Менин шакиртим боло албайт.

    Мунара куруучу жөнүндө

    14:28 Силердин араңардан бирөө мунара курмакчы болсо, ал аны бүтүрүүгө каражаты жетер-жетпесин билиш үчүн, адегенде отуруп алып, курулуш чыгымын эсептеп чыгат да.

    14:29 Болбосо пайдубалын гана салып, мунараны бүтүрө албай калганын көргөн кишилердин баары:

    14:30 “Бул киши кура баштады эле, бирок бүтүрө алган жок”, – деп, аны шылдың кылышат.

    Согушка аттанган падыша жөнүндө

    14:31 Же кайсы бир падыша башка бир падыша менен согуша турган болсо, жыйырма миң аскери менен келе жатканга өзүнүн он эки миң аскери менен каршы тура алар-албасын билиш үчүн, адегенде отуруп алып кеңешет да.

    14:32 Күчү жетпесе, тиги падыша али алыста экенинде эле, элчилерин жиберип, тынчтык келишимин түзүүнү өтүнөт.

    14:33 Ошол сыяктуу эле болгон нерсесинин баарынан баш тартпаган адам Менин шакиртим боло албайт.

    Даамын жоготкон туз жөнүндө

    14:34 Туз – жакшы нерсе. Бирок туз өзүнүн даамын жоготсо, аны кайра кантип калыбына келтирүүгө болот?

    14:35 Топуракка да, кыкка да кошууга жарабагандыктан, аны төгүп ташташат. Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!»

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск