Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Тобо кылуу жөнүндө

    13:1 Ошол учурда Ыйсага бир нече адам келип, Пилат өлтүрткөн галилеялыктар тууралуу кабарлады. Алардын каны өздөрүнүн курмандыктарынын каны менен аралашып калган эле.

    13:2 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Силер бул галилеялыктарды башка бардык галилеялыктарга караганда көбүрөөк күнөөлүү болушкандыктан, ушундай азап тартышты деп ойлоп жатасыңарбы?

    13:3 Силерге айтып коёюн, андай эмес. эгерде тобо кылбасаңар, бардыгыңар ошолорго окшоп өлөсүңөр.

    13:4 Силоомдогу мунара кулаганда, астында калган он сегиз киши Иерусалимдин башка бардык тургундарына караганда көбүрөөк айыптуу болушкан деп ойлойсуңарбы?

    13:5 Силерге айтып коёюн, андай эмес. эгерде тобо кылбасаңар, бардыгыңар ошолорго окшоп өлөсүңөр».

    Мөмөсүз анжыр дарагы жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    13:6 Анан Ыйса бул элгү-насаат аңгемени айтты: «Бир кишинин жүзүм багында анжыр дарагы болот. Ал келип, андан мөмө издеп, таппай коёт.

    13:7 Ошондо ал жүзүмчүгө: “Мен үч жылдан бери келип, ушул анжыр дарактан мөмө издеп, таба алган жокмун. Аны кыйып ташта, бекер эле жерди эүлеп турат”, – дейт.

    13:8 Бирок жүзүмчү мындай деп жооп берет: “Кожоюн, быйылча аны коё тур. Мен анын тегерегин казып, кык төгөйүн.

    13:9 Мүмкүн, ал кийинки жылы мөмө берер. эгерде бербесе, кыйдырып саласың”».

    Ыйсанын ишемби күнү айыктырышы

    13:10 Ишемби күнү Ыйса синагогалардын биринде элди окутуп жаткан.

    13:11 Ошол жерде он сегиз жылдан бери ичиндеги жиндин таасири менен ооруп жүргөн аял бар эле. Ал бүкүр болчу, боюн түзөй алчу эмес.

    13:12 Ыйса аны көрүп, жанына чакырып: «Аял, сен ооруңдан кутулдуң!» – деди да, колун анын үстүнө койду.

    13:13 Ал ошол замат түзөлүп, Кудайды даңктай баштады.

    13:14 Синагога башчысы Ыйсанын ишемби күнү аялды айыктырганына кыжырданып, элге: «Иш кылууга алты күн бар го, айыгууга ишемби күнү эмес, ошол күндөрү келгиле», – деди.

    13:15 Ошондо Теңир ага мындай деп жооп берди: «үки жүздүүлөр, ишемби күнү үч кимиңер акырга байланып турган өгүзүңөрдү же эшегиңерди чечип, сугарууга жетелеп барбайсыңарбы?

    13:16 Шайтан он сегиз жылдан бери байлап жүргөн Ыбрайымдын ушул кызын ишемби күнү байлоодон бошотууга болбойбу?!»

    13:17 Ыйса ушинтип айтканда, Ага каршы болгондордун баары уялып калышты. Бүт эл Анын жасап жаткан бардык улуу иштерине кубанды.

    Сары кычы даны жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    13:18 Анан Ыйса мындай деди: «Кудайдын Падышачылыгы эмнеге окшош? Аны эмнеге окшоштурсам болот?

    13:19 Ал сары кычы данына окшош. Бир адам аны өз бакчасына септи. Ал өсүп чыгып, чоң дарак болду, ошондо анын бутактарына канаттуу куштар уялашты».

    Ачыткы жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    13:20 Ыйса дагы мындай деди: «Кудайдын Падышачылыгын эмнеге окшоштурсам болот?

    13:21 Ал камыр ачыткыга окшош. Бир аял камыр ачытыш үчүн, аны алып, үч ченем унга кошот».

    «Куткарыла тургандар аз болобу?»

    13:22 Ыйса шаарлар менен айыл-кыштактарды аралап, элди окутуп, Иерусалимди карай бара жатты.

    13:23 Бирөө Андан: «Теңир, чын эле куткарыла тургандар аз болобу?» – деп сурады. Ошондо Ыйса аларга мындай деди:

    13:24 «Тар эшиктен кирүүгө аракеттенгиле. Силерге айтып коёюн, көптөр кирүүгө аракеттенишет, бирок кире алышпайт.

    13:25 Єй эүси туруп, эшикти бекиткенден кийин, силер сыртта туруп алып, эшикти каккылай баштайсыңар да: “Теңир! Теңир, эшикти ач”, – деп айтасыңар. Бирок Ал силерге: “Силердин ким экениңерди, кайдан экениңерди билбейм”, – деп жооп берет.

    13:26 Ошондо силер: “Биз Сени менен эле чогуу тамактанып жүрчүбүз, Сен биздин көчөлөрүбүздө окутчусуң”, – деп айта баштайсыңар.

    13:27 Бирок Ал: “Силердин кайдан экениңерди билбейм. эй, адилетсиздик кылуучулар, баарыңар Менин жанымдан кеткиле”, – деп айтат.

    13:28 Силер Ыбрайымды, Ыскакты, Жакыпты жана бардык пайгамбарларды Кудайдын Падышачылыгынан, ал эми өзүңөрдүн тышка куулуп чыкканыңарды көргөнүңөрдө, боздоп ыйлап, кыйналып тиш кычыратасыңар.

    13:29 Ошондо чыгыш менен батыштан, түндүк менен түштүктөн адамдар келип, Кудайдын Падышачылыгындагы дасторконго отурушат.

    13:30 Ошентип, биринчилер акыркы, акыркылар биринчи болушат».

    Ироддун Ыйсаны өлтүрүүгө ниеттениши

    13:31 Ошол учурда күү бир фарисейлер Ыйсанын алдына келип: «Бул жерден кет, анткени Ирод Сени өлтүргүсү келип жатат», – дешти.

    13:32 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Силер ал түлкүгө барып айткыла: “Мен бүгүн, эртең жиндерди кууп, оорулууларды айыктырып, үчүнчү күнү аяктайм.

    13:33 Бирок Мен бүгүн, эртең жана бүрсүгүнү жол жүрүшүм керек. Анткени пайгамбардын Иерусалимден башка жерде өлүшүнө жол берилбейт”.

    Ыйсанын Иерусалим үчүн кайгыруусу

    13:34 Иерусалим! Пайгамбарларды өлтүрүп, өзүңө жиберилгендерди таш бараңга алган Иерусалим! Канаттуу өз балапандарын канатынын астына чогулткандай, Мен да канча ирет сенин балдарыңды чогултууну кааладым, бирок сен каалаган жоксуң.

    13:35 Мына, үйүң эүн калат. Сага айтып коёюн, “Теңирдин атынан Келе Жатканга даңк!” деп айта турган убакыт келгенге чейин, Мени көрбөйсүң”».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск