Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Фарисейлердин эки жүздүүлүгүнөн сак болуу

    12:1 Ушул арада миңдеген киши жыйналып, кысылыша турушту. Ыйса адегенде өзүнүн шакирттерине сүйлөй баштады: «Фарисейлердин ачыткысынан, атап айтканда, эки жүздүүлүгүнөн сак болгула!

    12:2 Ачылбай кала турган жашыруун нерсе болбойт, билинбей кала турган сыр болбойт.

    12:3 Ошондуктан караңгыда айтканыңар жарыкта угулат. Єйдүн ичинде кулакка шыбырап айтканыңар эйдүн төбөсүндө жарыяланат.

    12:4 Досторум, силерге айтарым: денени өлтүрүп, андан кийин үч нерсе кыла албай тургандардан коркпогула.

    12:5 Бирок силерге кимден коркушуңар керектигин айтайын: өлтүргөндөн кийин оттуу көлгө түшүрө ала турган Кудайдан корккула! Ооба, силерге айтарым, Ошондон корккула.

    12:6 Беш таранчы эки ассарийге эле сатылат эмеспи. Ошондой болсо да Кудай алардын бирин да унутпайт.

    12:7 Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу. Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар.

    12:8 Силерге айтып коёюн, ким Мени адамдардын алдында ачык тааныса, Адам Уулу да аны Кудайдын периштелеринин алдында ачык тааныйт.

    12:9 Ал эми ким адамдардын алдында Менден баш тартса, Кудайдын периштелеринин алдында Мен да андан баш тартам.

    12:10 Ким Адам Уулуна каршы сөз айтса, анын бул күнөөсү кечирилет. Ал эми ким Ыйык Рухка акарат келтирсе, анын бул күнөөсү кечирилбейт.

    12:11 Силерди синагогаларга, башчыларга, бийликтегилерге алып барышканда, “Кантип жооп беребиз?”, “үмне деп жооп беребиз?”, “үмнени айтабыз?” – деп тынчсызданбагыла.

    12:12 Анткени Ыйык Рух силерге эмнени айтуу керектигин ошол учурда эйрөтөт».

    Ач көздүктөн сак болуу

    12:13 Ошондо эл ичинен бирөө Ыйсадан: «Устат, агама айтчы, ал мурасты мени менен бөлүшсүн», – деп суранды.

    12:14 Ыйса ага: «үй, адам! Ким Мени силерге сот же мурас бөлүштүрүүчү кылып койду эле?» – деди.

    12:15 Андан кийин аларга: «Байкагыла, дүнүйөкордуктан сак болгула! Анткени адамдын өмүрү байлыгынын көптүгүнө көз каранды эмес», – деди.

    Акылсыз бай жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    12:16 Анан аларга элгү-насаат аңгеме менен сүйлөдү: «Бир бай адам талаасынан мол түшүм алат.

    12:17 Ошондо ал минтип ойлонот: “Түшүмүмдү жыя турган жер жок. эмне кылсам?

    12:18 Мындай кылайын: кампаларымды бузуп, чоңураак кылып салайын да, бүт түшүмүмдү жана бардык байлыгымды ошол жерге жыйнайын.

    12:19 Анан өзүмө: "Жаным, сенде көп жылдарга жете турган байлык бар. эс ал, ичипже, көңүл ач", – деп айтайын”, – дейт.

    12:20 Бирок Кудай ага: “Акылсыз, ушул түнү жаның алынат. Ошондо сенин жыйып койгондоруң кимге калат?” – деп айтат.

    12:21 өзү үчүн байлык жыйнаган, бирок Кудайдын байлыгы менен байыбаган адамга ушундай болот».

    Түйшүк жөнүндө

    12:22 Анан Ыйса шакирттерине мындай деди: «Ошондуктан силерге айтып коёюн, “үмне жейбиз?” – деп, жаныңар үчүн; “үмне киебиз?” – деп, денеңер үчүн түйшүктөнбөгүлө.

    12:23 Анткени тамакка караганда жан, кийимге караганда дене артык.

    12:24 Каргаларды карагылачы: алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт. Алардын сактай турган жери, кампасы да жок, бирок Кудай аларды азыктандырат. Силер канаттуулардан канча эсе артыксыңар.

    12:25 Кимиңер түйшүк тартуу менен боюңарды бир чыканак өстүрө аласыңар?

    12:26 Демек, эгерде арзыбаган нерсени жасай албасаңар, анда башка нерселер жөнүндө эмнеге түйшүктөнөсүңөр?

    12:27 Лилия гүлдөрүнүн кандай өсүп турганын карагылачы: алар эмгектенбейт, жип ийрибейт. Бирок силерге айтып коёюн, атак-даңктуу Сулайман падыша да булардын бириндей кийинген эмес.

    12:28 үгерде Кудай бүгүн талаада өсүп турган, эртең болсо отко ыргытыла турган чөптү ушундай кийиндирсе, анда силерди андан артык кийиндирбейби, ишеними аздар!

    12:29 Ошондуктан силер: “үмне жейбиз же эмне ичебиз?” – деп ойлонуп, тынчсызданбагыла.

    12:30 Бул дүйнөнүн адамдары ушунун баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин бул нерселерге муктаж экениңерди Атаңар билет.

    12:31 Кудайдын Падышачылыгын бардыгынан көбүрөөк издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет.

    12:32 Кичинекей үйүр, коркпо! Анткени Атаңар силерге Падышачылыкты бергиси келет.

    12:33 Мал-мүлкүңөрдү сатып, кайыр сыяктуу таратып бергиле. өзүңөргө эскирбес капчык жасагыла, кемибес кенчти ууру жолобос, күбө жебес жерде, асманда жыйнагыла.

    12:34 Анткени байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот.

    Ыйсанын келишин күтүү

    12:35 Силердин белиңер курчалуу, чырагыңар күйгүзүлүү болсун.

    12:36 өзүңөр да эшикти кагары менен ачып берүү үчүн, “Єйлөнүү тойдон качан келет?” – деп, кожоюнун күткөн адамдарга окшош болгула.

    12:37 Кожоюну келгенде, уктабай отурган кулдар бактылуу. Силерге чындыкты айтып коёюн, ал белин курчап алып, кулдарын дасторконго отургузат да, жакын келип, аларга кызмат кылат.

    12:38 Кожоюн экинчи күзөт убагында же үчүнчү күзөт убагында келгенде, уктабай отурган кулдар бактылуу.

    12:39 Єй эүси уурунун кайсы убакта келерин билсе, сак болуп, ууруга үйүнүн түбүн каздыртмак эместигин билесиңер.

    12:40 Силер да даяр тургула, анткени Адам Уулу силер ойлобогон убакта келет».

    12:41 Ошондо Петир Андан: «Теңир, бул элгү-насаат аңгемени бизге эле айтып жатасыңбы же бардыгынабы?» – деп сурады.

    Кулдардын башчысы жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    12:42 Теңир мындай деди: «Кулдардын тамагын өз убагында, ченеми менен берип турсун деп, кожоюн дайындаган ишенимдүү жана акыл-үстүү башчы ким?

    12:43 Кожоюну келгенде, ошондой кылып жаткан кул бактылуу.

    12:44 Силерге чындыкты айтып коёюн, ал ага өзүнүн бүт мал-мүлкүн башкартып коёт.

    12:45 үгерде жанагы кул өз ичинен: “Менин кожоюнум жакында келбейт”, – деп, кулдар менен күңдөрдү уруп, өзү ичип-жеп, мас боло баштаса,

    12:46 анда ал күтпөгөн күнү, ойлобогон убакта кожоюну келет да, аны бөлө чаап, ишенимсиздерге тиешелүү жаза менен жазалайт.

    12:47 Кожоюнунун каалоосун билип туруп, даяр болбогон жана анын каалоосу боюнча иштебеген кул көп таяк жейт.

    12:48 Ал эми билбей туруп, жазага татыктуу иш кылган кул аз таяк жейт. Кимге көп берилсе, андан көп талап кылынат; кимге көп ишенип тапшырылса, андан көп суралат.

    Ыйсанын бөлүнүү тууралуу алдын ала айтышы

    12:49 Мен жер бетине от түшүрүү үчүн келдим. Оттун азыр эле тутанышын Мен ушунчалык каалар элем.

    12:50 Мен бир чөмүлүү менен чөмүлдүрүлүшүм керек. Анын аткарылышын күтүп, Мен ушунчалык кыйналып жатам.

    12:51 Силер Мени дүйнө жүзүнө тынчтык берүү үчүн келди деп ойлойсуңарбы? Жок, силерге айтып коёюн, бөлүү үчүн келгем.

    12:52 Анткени мындан ары мындай болот: бир эйдө беш киши болсо, бөлүнүп, үчөө экөөнө, экөө эчөөнө каршы чыгат.

    12:53 Атасы баласына, баласы атасына, энеси кызына, кызы энесине, кайненеси келинине, келини кайненесине каршы чыгат».

    Акыркы күндүн белгилери жана куткарылуу

    12:54 Ыйса элге да мындай деди: «Силер батыштан булут көтөрүлгөнүн көргөнүңөрдө, дароо: “Жамгыр жаайт”, – деп айтасыңар, анан дал ошондой болот.

    12:55 Түштүктөн шамал соккондо: “Күн ысык болот”, – деп айтасыңар, анан дал ошондой болот.

    12:56 үй, эки жүздүүлөр! Жер менен асманды карап, аба ырайын аныктай аласыңар да, ошол убакыттын белгилерин эмнеге аныктай албайсыңар?

    12:57 үмне үчүн силер эмне туура экенин өзүңөр айырмалап биле албайсыңар?

    12:58 Сен каршылашың менен башчыга бара жатканда, жолдо эле андан кутулууга аракет кыл. Болбосо каршылашың сени сотко алып барат, сот күзөтчүгө тапшырат, күзөтчү сени түрмөгө камап салат.

    12:59 Сага айтып коёюн, акыркы тыйыныңды да төлөп бермейинче, ал жактан чыкпайсың».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск