Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Луки 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Ыйсанын шакирттерине сыйынууну эйрөтүшү

    11:1 Ыйса бир жерде сыйынып жатты. Сыйынып бүткөндөн кийин, шакирттеринин бири Ага: «Теңир! Жакан өзүнүн шакирттерине эйрөткөндөй, бизге да сыйынууну эйрөтчү», – деди.

    11:2 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Силер мындай сыйынгыла: “Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык тутулсун, Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң аткарылсын!

    11:3 Күндөлүк жашообузга керектүү ырыскыбызды күн сайын бере көр.

    11:4 Бизге карыз болгондордун ар бирин кечиргенибиздей, биздин күнөөлөрүбүздү да кечире көр. Азгырылышыбызга жол бербе, бизди жамандыктан сакта!”»

    Тажаткан дос жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    11:5 Анан Ыйса аларга мындай деди: «Силердин араңардан бирөөнүн досу бар деп коёлу. Ал түн ортосунда досуна барып: “Досум, мага карызга үч нан бере турчу.

    11:6 Анткени алыстан досум келиптир, ага бере турган үч нерсем жок эле”, – десе,

    11:7 ичкериден: “Менин тынчымды албачы, эшик бекитилүү, өзүм да, балдарым да жатып алдык. Тура да албайм, сага бир нерсе бере да албайм”, – деп жооп берет.

    11:8 Силерге айтып коёюн, эгерде ал ага дос болгону үчүн ордунан туруп нан бербесе да, анын тажаткандыгынан улам туруп, канча сураса, ошончо берет.

    11:9 Ошондуктан Менин силерге айтарым: Сурагыла, ошондо силерге берилет; издегиле, ошондо табасыңар; тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат.

    11:10 Анткени сураган адам алат, издеген адам табат, тыкылдаткан адамга эшик ачылат.

    Боорукер ата жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    11:11 Араңардагы кандай ата баласы нан сураса, таш берсин? Же балык сураса, жылан берсин?

    11:12 Же жумуртка сураса, чаян берсин?

    11:13 Демек, силер жаман болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, анда Асмандагы Атаңар өзүнөн сурагандарга Ыйык Рухту берери анык».

    Ыйсаны айыптоо

    11:14 Бир күнү Ыйса бир адамдан дудук жинди кууп чыгарды. Жин чыккандан кийин, дудук киши сүйлөй баштады. эл буга таң калды.

    11:15 Күү бирөөлөр: «Жиндерди Ал жиндердин башчысы Белзебулдун күчү менен кууп чыгарат», – дешти.

    11:16 Күү бирөөлөр болсо Ыйсаны сынамакчы болуп, асмандан жышаан көрсөтүшүн талап кылышты.

    11:17 Бирок Ыйса алардын ойлорун билип, аларга мындай деди: «Ич ара бөлүнгөн падышачылык кулайт, ич ара бөлүнгөн эй-бүлө бузулат.

    11:18 үгерде шайтан өзүнө өзү каршы чыкса, анда анын падышачылыгы кантип турат? Силер болсо Мени: “Жиндерди Ал Белзебулдун күчү менен кууп чыгарат”, – дейсиңер.

    11:19 үгерде Мен жиндерди Белзебулдун күчү менен кууп чыгарсам, анда силердин кишилериңер аларды кимдин күчү менен кууп чыгарып жатышат? Ошондуктан силерди ошолор айыпташат.

    11:20 үгерде Мен жиндерди Кудайдын күчү менен кууп чыгарып жатсам, анда силерге Кудайдын Падышачылыгы келди.

    11:21 Күчтүү адам өз үйүн курал-жарак менен кайтарып турса, анда анын мал-мүлкү коопсуз болот.

    11:22 үгерде андан күчтүүрөөк адам ага кол салып, аны жеңсе, анда ал анын таянган бүт курал-жарагын тартып алып, андан олжолоп алганын бөлүштүрөт.

    11:23 Ким Мени менен болбосо, ал Мага каршы. Ким Мени менен жыйнабаса, ал чачат.

    Жыгылуудан сак болуу

    11:24 Жин адамдын ичинен чыккандан кийин тынчтык издеп, кургак жерлерди кыдырат. Таппай койгондон кийин, ал: “Кайсы эйдөн чыксам, ошол үйүмө кайтып барайын”, – дейт.

    11:25 Кайтып келгенде, эйдүн шыпырылып, жыйналганын көрөт.

    11:26 Ошондо ал барып, өзүнөн да ашынган жети жинди эүрчитип келип, эйгө кирип жашай баштайт. Ошондо ал адамдын кийинки абалы мурункусунан да жаман болот».

    11:27 Ыйса бул сөздөрдү айтып жатканда, эл арасынан бир аял үнүн бийик чыгарып, Ага: «Сени курсагына көтөргөн, Сени эмизген эне бактылуу!» – деди.

    11:28 Ыйса болсо ага: «Кудай сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» – деди.

    үлдин жышаан талап кылышы

    11:29 үл чогула баштаганда, Ыйса сүйлөй баштады: «Ушул муун – жаман муун. Бул муун жышаан талап кылып жатат, бирок ага Жунус пайгамбардын жышаанынан башка жышаан көрсөтүлбөйт.

    11:30 Анткени Нинеби эли үчүн Жунус пайгамбар жышаан болгондой, Адам Уулу да ушул муун үчүн жышаан болот.

    11:31 Түштүктүк падыша аял сот күнүндө ушул муундун кишилери менен бирге тирилип, аларды айыптайт. Анткени ал Сулаймандын накыл сөздөрүн угуш үчүн, алыс жерден келген. Бирок бул жерде Сулаймандан чоң Бирөө бар.

    11:32 Нинебиликтер да сот күнүндө ушул муун менен бирге тирилип, аны айыптайт. Анткени алар Жунустун насаат сөзүн угуп, тобо кылышкан. Бирок бул жерде Жунустан чоң Бирөө бар.

    Күйүп турган чырак жөнүндө элгү-насаат аңгеме

    11:33 Чыракты күйгүзүп туруп, көрүнбөс жерге, көмкөрүлгөн идиштин астына койбойт. Тескерисинче, эйгө киргендерге жарык берсин деп, аны чыракпаяга коёт.

    11:34 Дененин чырагы – көз. эгерде көзүң таза болсо, анда бүт денең жарык болот. эгерде жаман болсо, анда денең караңгы болот.

    11:35 Ошондуктан карагын: сенин ичиңдеги жарык караңгы эмеспи?

    11:36 үгерде денеңдин үч бир жеринде караңгылык болбой, бардык жери жарык болсо, анда чырактын жарыгы сага жарык берген сыяктуу, бүт денең жарык болот».

    Ыйсанын фарисейлерди айыпташы

    11:37 Ыйса бул сөздөрдү айтып бүткөндө, бир фарисей Аны үйүнө түшкү тамакка чакырды. Ал келип, дасторконго отурду.

    11:38 Ыйсанын тамак алдында кол жуу салтын аткарбаганын көрүп, фарисей таң калды.

    11:39 Бирок Теңир ага мындай деди: «Силер, фарисейлер, табак менен чөйчөктүн сыртын тазалайсыңар. Ал эми ичиңер талап-тоноочулук менен арамдыкка толгон.

    11:40 үй, акылсыздар, сыртын Ким жаратса, ичин да Ошол жараткан эмеспи?!

    11:41 Андан көрө ичиңерде эмне болсо, ошону кайыр берген сыяктуу берип салгыла, ошондо силердин бардык нерсеңер таза болот.

    11:42 Бирок силерге кайгы, фарисейлер! Анткени жалбыздан, адырашмандан жана ар кандай жемиштерден ондук бергениңер менен, Кудайдын соту менен сүйүүсүнө кош көңүлсүңөр. Муну аткарыш керек, бирок тигини да калтырбаш керек эле.

    11:43 Фарисейлер, силерге кайгы! Анткени синагогалардын алдыңкы орундарында отурууну, эл жыйылган жерлерде алик алууну жакшы көрөсүңөр.

    11:44 Мыйзам окутуучулар менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Анткени силер билинбей калган мүрзөлөргө окшошсуңар. Адамдар алардын мүрзө экенин билбей, үстүнөн басып жүрүшөт».

    Ыйса мыйзам окутуучуларды айыптайт

    11:45 Ошондо мыйзам окутуучулардын бири Ыйсага: «Устат, муну айтуу менен, Сен бизди да таарынтып жатасың», – деди.

    11:46 Бирок Ал мындай деди: «Мыйзам окутуучулар, силерге да кайгы. Силер адамдарга көтөрө алгыс оор жүктөрдү жүктөйсүңөр, өзүңөр болсо колуңардын учун да тийгизип койбойсуңар.

    11:47 Силерге кайгы, анткени ата-бабаларыңар өлтүргөн пайгамбарларга күмбөз тургузуп жатасыңар!

    11:48 Ушул аркылуу силер ата-бабаларыңардын иштерин колдогонуңарды күбөлөндүрүп, аларга кошулуп жатасыңар. Анткени алар пайгамбарларды өлтүрүштү, силер болсо аларга күмбөз тургузуп жатасыңар.

    11:49 Ошондуктан Кудай өзүнүн акылмандуулугу менен мындай деп айткан: “Мен аларга пайгамбарлар менен элчилерди жиберем, алардын айрымдарын өлтүрүшөт, айрымдарын кубалашат”.

    11:50 Бардык пайгамбарлардын дүйнө жаратылгандан бери төгүлгөн каны,

    11:51 Абылдын канынан баштап, курмандык чалынуучу жай менен ийбадаткананын ортосунда өлтүрүлгөн Захариянын канына чейин ушул муундан суралат. Ооба, силерге айтып коёюн, ушул муундан суралат.

    11:52 Мыйзам окутуучулар, силерге кайгы! Анткени силер билимдин ачкычын алгансыңар, бирок ачып кирген жоксуңар, кире тургандарга да тоскоолдук кылдыңар».

    11:53 Ыйса ушул сөздөрдү айтып, ошол жерден чыкканда, мыйзам окутуучулар менен фарисейлер Аны кысымга алып, дагы көптөгөн суроолорго жооп берүүгө мажбурлашты.

    11:54 Ыйсаны айыпташ үчүн, Анын сөздөрүнөн кынтык издешти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск