Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Иптах жана эпрайымдыктар

    12:1 үпрайымдыктар чогулуп, Сапонго өтүп келишти да, Иптахка: «үмне үчүн бизди жардамга чакырбай эле, амондуктар менен согушканы кетип калдың? Єстүңдөгү үйүң менен кошо өрттөп жиберебиз», – дешти.

    12:2 Иптах аларга: «Менин, менин элим менен амондуктардын ортосунда чоң келишпестик бар болчу. Силерди чакыргам, бирок силер мени алардын колунан куткарган жоксуңар.

    12:3 Куткарбасыңарды көрүп, мен өз өмүрүмдү тобокелге салып, амондуктарга каршы бардым. Теңир аларды менин колума салып берди. Силер эми эмнеге мени менен согушканы келдиңер?» – деди.

    12:4 Анан Иптах Гилаттын бардык элин топтоп, эпрайымдыктар менен салгылашты. эпрайымдыктар: «Силер качкын эпрайымдыктарсыңар. Гилат эпрайымдын да, Менашенин да арасында жашайт», – деп айтышкандыгы үчүн, гилаттыктар аларды кырып салышты.

    12:5 Гилаттыктар Иордандын өткөөлдөрүн эпрайымдыктардан тартып алышты. Аман калган эпрайымдыктардын бири: «өткөөлдөн өтүп кетүүгө уруксат эт», – дегенде, гилаттыктар андан: «Сен эпрайымдыктардан болосуңбу?» – деп сурашчу. Тиги: «Жок», – деп жооп берсе,

    12:6 анда гилаттыктар ага: «“Шибболет” деп айт», – дешчү. “Шибболет” деп айта албай, “Сибболет” деп айткан адамды гилаттыктар Иордан өткөөлүндө өлтүрүп салышчу. Ошентип, эпрайымдыктардан кырк эки миң адам өлдү.

    12:7 Иптах Ысрайылга алты жыл башкаруучу болду. Гилаттык Иптах көз жумуп, Гилат шаарларынын бирине коюлду.

    Ипсан, элон, Абдон

    12:8 Андан кийин Ысрайылга Бейт-Лехемден чыккан Ипсан башкаруучу болду.

    12:9 Анын отуз уулу болгон, отуз кызын күйөөгө берген, отуз кызды сырттан келин кылып алган. Ал Ысрайылга жети жыл башкаруучу болду.

    12:10 Ипсан көз жумуп, Бейт-Лехемге коюлду.

    12:11 Андан кийин Ысрайылга забулундук эйлон башкаруучу болуп, Ысрайылды он жыл башкарды.

    12:12 Забулундук эйлон да көз жумуп, забулундуктардын жери Айалонго коюлду.

    12:13 Андан кийин Ысрайылга пиратондук Илейелдин уулу Абдон башкаруучу болду.

    12:14 Анын жетимиш кодикке минген кырк уулу, отуз небереси болгон. Ал Ысрайылды сегиз жыл башкарды.

    12:15 Пиратондук Илейелдин уулу Абдон да көз жумуп, эпрайымдыктардын жериндеги, амалыктыктардын тоосундагы Пиратонго коюлду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск