Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    11:1 Бузулган аял төрөгөн, Гилаттын баласы гилаттык Иптах тайманбас адам эле.

    11:2 Аялы да Гилатка эркек балдарды төрөп берди. Аялы төрөгөн балдар эр жеткенде, Иптахты: «Сен биздин атабыздын үйүндө мураскор эмессиң, анткени сени бөлөк аял төрөгөн», – деп кууп жиберишти.

    11:3 Иптах бир туугандарынан качып барып, Тоб деген жерде жашап калды. Иптахтын тегерегине бекерпоз кишилер топтолуп, аны эүрчип жүрүшчү.

    11:4 Бир нече убакыттан кийин амондуктар ысрайылдыктарга каршы согуш ачышты.

    11:5 Амондуктар менен ысрайылдыктар согушуп жаткан учурда Гилаттын аксакалдары Тоб жеринен Иптахты алып кетиш үчүн келишип, Иптахка:

    11:6 «Бизге келип, жол башчы бол, амондуктар менен согушабыз», – дешти.

    11:7 Ошондо Иптах Гилаттын аксакалдарына: «Мени жектеп, атамдын үйүнөн кууп жибербедиңер беле?! Мага эмнеге келдиңер, башыңарга кыйынчылык түшкөндө келип калдыңарбы?» – деди.

    11:8 Гилаттын аксакалдары болсо Иптахка: «Сага келгенибиздин себеби мындай: биз менен барып, амондуктар менен согуш, бизге – Гилаттын бардык тургундарына башчы бол», – дешти.

    11:9 Иптах Гилаттын аксакалдарына: «үгерде амондуктар менен согушуу үчүн кайра барсам, Кудай аларды менин колума салып берсе, мен силерге башчы болуп каламбы?» – деди.

    11:10 Гилаттын аксакалдары Иптахка: «Теңир күбө, сен айткандай кылабыз», – дешти.

    11:11 Ошентип, Иптах Гилаттын аксакалдары менен жөнөп кетти, эл аны өзүнө башкаруучу жана аскер башчы кылып алды. Иптах айтчу сөздөрүнүн баарын Миспада, Теңирдин алдында айтты.

    11:12 Анан Иптах амондуктардын падышасына төмөнкү сөздөрдү айттырыш үчүн, элчилерин жөнөттү: «Биздин жерге кол салгыдай, биз сага эмне кылдык?»

    11:13 Амондуктардын падышасы Иптахтын элчилерине: «Ысрайылдыктар Мисирден келе жатканда, Арнондон тартып Жабок менен Иорданга чейинки жеримди тартып алышкан. эми аны мага тынчтык менен кайтарып бер», – деди.

    11:14 Ошондо Иптах амондуктардын падышасына экинчи жолу элчилерин жөнөттү.

    11:15 Ага мындай деп айттырды: «Иптах мындай дейт: “Мааптыктар менен амондуктардын жерлерин ысрайылдыктар тартып алган эмес.

    11:16 Анткени Ысрайыл Мисирден келе жатканда, чөлдөн өтүп, Кызыл деңизге, анан Кадешке келген.

    11:17 Ал жерден ысрайылдыктар эдом падышасына чабарман жөнөтүп: "Сенин жериңен өтүүгө уруксат бер", – деп айттырган, бирок эдом падышасы укпай койгон. Мааптыктардын падышасына да чабарман жөнөткөн, ал да макул болгон эмес, ошондуктан ысрайылдыктар Кадешке токтоп калышкан.

    11:18 Анан ысрайылдыктар чөл менен жүрүп отуруп, эдомдуктар менен мааптыктардын жерлерин айланып өтүп, Маап жеринин чыгыш чек арасына келип, стандары менен Арнондун аркы өйүзүнө жайгашкан, бирок мааптыктардын жерине киришкен эмес, анткени Арнон мааптыктардын чек арасы болчу.

    11:19 Анан Ысрайыл аморлуктар менен Кешпондун падышасы Сихонго элчилерин жөнөтүп: "өз жерибизге силердин жериңер аркылуу өтүп кетүүгө уруксат бергиле", – деп айттырган.

    11:20 Бирок Сихон Ысрайылды өз жеринен өткөрүүгө макулдугун берген эмес. Сихон бардык элин чогултуп, стандарын Жааска жайгаштырып, Ысрайыл менен согушкан.

    11:21 Ысрайылдыктардын Кудай-Теңири Сихонду бүт эли менен ысрайылдыктардын колуна салып берген. Ысрайылдыктар аларды талкалап салышкан. Ал жерде жашаган аморлуктардын бүт жерин Ысрайыл мурастап алган.

    11:22 Алар ошондой эле Арнондон Жабокко чейинки, чөлдөн Иорданга чейинки аморлуктардын бардык жерин мурастап алышкан.

    11:23 Ысрайылдыктардын Кудай-Теңири өз эли Ысрайылдын алдынан аморлуктарды кууп чыгарган. Сен эми Ысрайылдын мурасын алгың келип турабы?

    11:24 Сен өзүңдүн кудайың Кемош берген жерге эү эмессиңби? Биз болсо өзүбүздүн Кудай-Теңирибиз мураска берген жерге эүбиз.

    11:25 Сен, эмне, мааптыктардын падышасы Сипордун уулу Балактан артыксыңбы? Ал, эмне, Ысрайыл менен чатакташты беле же аны менен согушту беле?

    11:26 Ысрайылдын Кешпондо, Аройерде жана аларга караштуу шаарларда, Арнондун боюндагы шаарларда жашаганына үч жүз жыл болду. Ал жерлерди силер эмне үчүн ошол учурда тартып алган жоксуңар?

    11:27 Мен сенин алдыңда айыптуу эмесмин, сен мага каршы согуш ачып, жамандык кылып жатасың. Ысрайыл уулдары менен амондуктардын ортосунда соттоочу Теңир азыр өзү Сот болсун”».

    11:28 Бирок амондуктардын падышасы Иптахтын айттырган сөзүнө кулак салган жок.

    11:29 Иптахтын үстүнө Теңирдин Руху түштү. Иптах Гилат менен Менашеден, Гилаттын Миспасынан өтүп, амондуктарга жөнөдү.

    11:30 Ошондо Иптах Теңирге мындай деп убада берди: «үгерде Сен амондуктарды менин колума салып берсең,

    11:31 анда мен амондуктардан тынчтык менен кайтып келе жатканда, үйүмдүн дарбазасынан, алдыман эмне чыкса, ал Сеники болот, Теңир, аны мен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалам».

    11:32 Анан Иптах амондуктар менен салгылашканы кетти. Теңир амондуктарды анын колуна салып берди.

    11:33 Иптах аларды талкалады; Аройерден Минитке чейинки жана Абел-Керемимге чейинки жыйырма шаарды катуу талкалады. Амондуктар Ысрайыл уулдарына багынып беришти.

    Иптахтын кызы

    11:34 Иптах Миспага, үйүнө кайтып келе жатканда, алдынан дап кагып бийлеп, кызы чыкты. Ал анын жалгыз кызы эле, андан бөлөк эркек баласы да, кызы да жок болчу.

    11:35 Ал кызын көргөндө, кийимин айрып жиберип, мындай деди: «Аттиң ай, кызым! Сен мени азапка салбадыңбы! Менин тынчтыгымды буза тургандардын эсебине сен да кирип калдың! Теңирге убада берип койбодум беле, эми андан баш тарта албайм».

    11:36 Кызы ага: «Атаке! Теңирге убада берип койсоң, Теңир сен аркылуу душмандарың амондуктардан өчүңдү алып берип жаткандан кийин, мен жөнүндө берген убадаңды аткар», – деди.

    11:37 Анан дагы атасына: «Сенден бир гана нерсени суранам, мени эки айга коё бер. Теңтуш курбуларым менен тоого чыгып, кыз өмүрүмдү жоктоп ыйлап алайын», – деди.

    11:38 Атасы: «Бара кой», – деди. Ал кызын эки айга коё берди. Ал курбу кыздары менен тоого чыгып, кыз өмүрүн жоктоп ыйлады.

    11:39 үки ай өткөндөн кийин, кыз атасына кайрылып келди. Атасы кызы тууралуу берген убадасын жүзөгө ашырды, кызы эркек көргөн жок. Ошондон тартып Ысрайылда мындай салт калды:

    11:40 жыл сайын Ысрайыл кыздары барып, гилаттык Иптахтын кызы үчүн төрт күн ыйлашат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск