Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    Тола

    10:1 Абы-Мелектен кийин Ысрайылды куткарыш үчүн, Исахар уруусунан Додонун уулу, Пуянын уулу Тола чыкты. Ал эпрайым тоосундагы Шамирде жашачу.

    10:2 Ал Ысрайылга жыйырма үч жыл башкаруучу болду. Көз жумуп, Шамирге коюлду.

    Жайыр

    10:3 Андан кийин гилаттык Жайыр чыкты, ал Ысрайылга жыйырма эки жыл башкаруучу болду.

    10:4 Анын отуз жаш эшекке минип жүргөн отуз уулу болгон, алардын отуз шаары бар эле. Аларды ушул кезге чейин Гилат жериндеги Жайырдын шаарлары дешет.

    10:5 Жайыр көз жумуп, Камонго коюлду.

    Иптах

    10:6 Ысрайыл уулдары кайрадан Теңирдин көз алдында жаман иштерин кыла башташты. Алар Баалдар менен Ашейраларга, арамейликтердин, сидондуктардын, мааптыктардын, амондуктардын, пелиштиликтердин кудайларына кызмат кылып жатышты. Теңирди таштап, Ага кызмат кылбай калышты.

    10:7 Теңир Ысрайылга каарданып, аларды пелиштиликтер менен амондуктардын колуна салып берди.

    10:8 Алар ошол жылдан тартып Иордандын аркы өйүзүндө, аморлуктардын Гилаттагы жеринде жашаган ысрайылдыктарды он сегиз жыл кысымга алып эзишти.

    10:9 Амондуктар Жүйүт, Бенжемин жана эпрайым уруулары менен согушуу үчүн, Иордандан өтүп келишти. Ысрайыл уулдары абдан кыйналышты.

    10:10 Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге боздоп кайрылышты: «Биз Сенин алдыңда күнөөгө баттык, себеби Кудайыбызды таштап, Баалдарга кызмат кылдык».

    10:11 Теңир Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Силерди мисирликтер, аморлуктар, амондуктар, пелиштиликтер,

    10:12 сидондуктар, амалыктыктар, мааптыктар эзишкенде, силер Мага кайрылганда, Мен силерди алардын колунан куткарып турган жок белем?

    10:13 Силер болсо Мени таштап, башка кудайларга табынып кеттиңер. Ошон үчүн Мен силерди эми куткарбайм.

    10:14 Баргыла да, өзүңөр тандап алган кудайларыңарга жалынгыла, башыңарга түшкөн кыйынчылыктан силерди ошолор куткарсын».

    10:15 Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге: «Күнөөгө баттык, бизди эмне кылсаң, өзүң бил, азыр бизди куткарып кал», – дешти.

    10:16 Ошентип, алар бөтөн кудайларды таштап, Теңирге кызмат кыла башташты. Ысрайылдын азап тартып жатканын көрүп, Ал чыдап тура алган жок.

    10:17 Амондуктар чогулуп, стандары менен Гилатка жайланышышты. Ысрайыл уулдары да чогулуп, стандары менен Миспага жайланышышты.

    10:18 Ошондо Гилаттын эли менен төрөлөрү бири-бирине: «Амондуктарга каршы салгылашты ким биринчи баштаса, ошол бардык Гилат тургундарынын башчысы болот», – дешти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск