Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Абы-Мелек

    9:1 Жеруп-Баалдын уулу Абы-Мелек Шекемге барып, энесинин бир туугандарына жана бардык урук-тууганына мындай деди:

    9:2 «Шекемдин бардык тургундарына айткыла: “Силер үчүн кайсынысы жакшы: Жеруп-Баалдын жетимиш уулу башкарганы жакшыбы же бир эле адам башкарганы жакшыбы? Мен силердин өз сөөгүңөр, өз денеңер экенимди үстегиле”».

    9:3 Анын бул сөздөрүн энесинин бир туугандары Шекемдин тургундарына айтышты. «Ал биздин бир тууганыбыз эмеспи», – деп, алардын жүрөгү Абы-Мелекке бурулду.

    9:4 Алар Баал-Берит деген жасалма кудайдын үйүнөн ага жетимиш шекел күмүш алып беришти. Ал күмүштөргө Абы-Мелек бекерпоз, жеңил ойлуу адамдарды жалдап алды. Алар анын артынан эүрчишти.

    9:5 Анан ал Опрага, атасынын үйүнө келип, бир туугандарын, Жеруп-Баалдын жетимиш уулун бир таштын үстүндө өлтүрдү. Жеруп-Баалдын кенже уулу Жотам гана тирүү калды, анткени ал жашынып калган эле.

    9:6 Шекемдин бардык тургундары жана Мило үйүндөгүлөр чогулуп, Шекемге жакын эмен дарагынын түбүндө Абы-Мелекти падыша көтөрүп алышты.

    9:7 Муну Жотамга айтышканда, ал барып, Гаризим тоосунун чокусуна чыгып, аларга мындай деп катуу кыйкырды: «Шекемдин тургундары, мени уксаңар, Кудай да силерди угат!

    9:8 өздөрүнө падыша кылып майлаш үчүн, дарактар зайтун дарагына барып: “Бизге падыша бол”, – дешти.

    9:9 Зайтун дарагы аларга: “Адамдар менен кудайларды урматтоодо колдонулган майымды таштап, дарактардын арасында сандалып жүрмөк белем?” – деди.

    9:10 Ошондо дарактар анжырга: “Сен келип, бизге падыша бол”, – дешти.

    9:11 Анжыр аларга: “Таттуу, жакшы мөмөмдү таштап, дарактардын арасында сандалып жүрмөк белем?” – деди.

    9:12 Ошондо дарактар жүзүм сабагына: “Сен келип, бизге падыша бол”, – дешти.

    9:13 Жүзүм сабагы аларга: “Адамдар менен кудайларды кубандырган ширемди таштап, дарактардын арасында сандалып жүрмөк белем?” – деди.

    9:14 Акырында бардык дарактар тикендүү бадалга: “Сен келип, бизге падыша бол”, – дешти.

    9:15 Тикендүү бадал дарактарга: “үгерде силер, чындыгында эле, мени өзүңөргө падыша коюп жатсаңар, анда менин түбүмө көлөкөлөгүлө. эгерде андай кылбасаңар, анда тикендүү бадалдан от чыгып, Лебанон кедрлерин өрттөп салат”, – деди.

    9:16 Кана айткылачы, Абы-Мелекти падыша коюп, силер адилеттик, акыйкаттык кылдыңарбы? Жеруп-Баалга жана анын эй-бүлөсүнө адилеттик кылдыңарбы? Анын кылган жакшылыгына жараша жооп бердиңерби?

    9:17 Менин атам силер үчүн салгылашкан, өз өмүрүн аяган эмес, силерди мидиандыктардын колунан куткарган.

    9:18 Силер болсо менин атамдын эй-бүлөсүнө каршы көтөрүлүп, атамдын жетимиш уулун бир таштын үстүндө өлтүрдүңөр. Бир тууганыңар болгону үчүн Шекемдин тургундарына атамдын күң аялынын уулу Абы-Мелекти падыша койдуңар.

    9:19 үгерде силер Жеруп-Баалга жана анын эй-бүлөсүнө адилеттик, акыйкаттык кылган болсоңор, анда Абы-Мелектин падыша болгонуна сүйүнгүлө, ал да силер үчүн сүйүнсүн.

    9:20 үгерде андай кылган эмес болсоңор, анда Абы-Мелектен от чыгып, Шекемдин тургундары менен Мило үйүндөгүлөрдү өрттөп кетсин же Шекемдин тургундары менен Мило үйүндөгүлөрдөн от чыгып, Абы-Мелекти өрттөп кетсин».

    9:21 Жотам бир тууганы Абы-Мелектен качып, Бейирге келди да, ошол жерде жашап калды.

    9:22 Абы-Мелек Ысрайылга үч жыл падышачылык кылды.

    9:23 Кудай Абы-Мелек менен Шекем тургундарынын ортосуна жаман рух жиберди. Ошондо Шекемдин тургундары Абы-Мелекке баш ийбей калышты.

    9:24 Жеруп-Баалдын жетимиш уулунун өчү ушинтип алынды. Алардын каны аларды өлтүргөн бир тууганы Абы-Мелектин жана бир туугандарын өлтүрүүгө жардам берип колдоп турган Шекем тургундарынын мойнуна жүктөлдү.

    9:25 Шекемдин тургундары тоолордун баштарына ага каршы буктурма коюшту, буктурмадагылар жолдон өткөн ар кимди талап-тоношту. Ошондо бул тууралуу Абы-Мелекке билдиришти.

    9:26 Шекемге бир туугандары менен эбеданын уулу Гаал келди, алар Шекемди аралап жүрүштү. Шекемдин тургундары аларга таянышты.

    9:27 Алар талаага чыгып, жүзүм жыйнап, ширесин сыгышты да, майрам өткөрүп, өздөрүнүн кудайынын үйүнө барып, ичип-жеп, Абы-Мелекти каргашты.

    9:28 үбеданын уулу Гаал мындай деди: «Биз ага кызмат кылгыдай, Абы-Мелек ким эле, Шекем эмне эле? Ал Жеруп-Баалдын уулу эмеспи, анын башчысы Зебул эмеспи? Ага эмнеге кызмат кылмак элек? Андан көрө Шекемдин атасы Хамордун тукумуна кызмат кылгыла.

    9:29 Бул элди колума берсе, мен Абы-Мелекти падышачылыктан түшүрүп салмакмын». Анан ал Абы-Мелекке: «Аскериңди көбөйт да, беттешүүгө чык», – деди.

    9:30 үбеданын уулу Гаалдын бул сөзүн угуп, шаар башчысы Зебулдун каары кайнады.

    9:31 Ал Абы-Мелекке жашыруун түрдө элчилерин жиберип: «үбеданын уулу Гаал бир туугандары менен Шекемге келип, шаарды сага каршы тукуруп жатат,

    9:32 ошондуктан жаныңдагы аскерлер менен түн ичинде туруп, талаага буктурма кой.

    9:33 үртең менен эрте туруп, күн чыгар алдында шаарга кол сал. Ал өзүнүн аскерлери менен сени беттеп чыкканда, колуңдан келгенин кыл, аларды аяба», – деп айттырды.

    9:34 Абы-Мелек өзүнүн аскерлери менен түн ичинде туруп, төрт тобун Шекемдин жанына буктурмага койду.

    9:35 үбеданын уулу Гаал шаардан чыгып, дарбазанын алдында турду. Абы-Мелек өз аскерлери менен буктурмадан чыкты.

    9:36 Гаал элди көрүп, Зебулга: «үл тоолордун баштарынан түшүп келе жатат», – деди. Зебул болсо ага: «Тоолордун көлөкөсү сага эл көрүнүп жатса керек», – деди.

    9:37 Гаал дагы мындай деди: «үл тоодон төмөн түшүп келе жатат. Бир аскер тобу Мейоненим эмен дарагына кетчү жолдон чыкты», – деди.

    9:38 Зебул ага: «“Абы-Мелекке кызмат кылгыдай, ал ким эле?” – дебедиң беле? Сен тоотпогон эл ушул. Кана эми булар менен салгылашып көр», – деди.

    9:39 Ошондо Гаал Шекем тургундарын баштап чыгып, Абы-Мелек менен салгылашты.

    9:40 Гаал качып жөнөдү, Абы-Мелек анын артынан түштү. өлгөндөр өтө көп болуп, шаар дарбазасынын алдында өлүктөр жатты.

    9:41 Абы-Мелек Арумда калды. Зебул Гаалды жана анын бир туугандарын Шекемде жашатпай кууп чыкты.

    9:42 үртеси эл талаага чыкты. Бул тууралуу Абы-Мелекке билдиришти.

    9:43 Ошондо ал өз элин үч топко бөлүп, талаага буктурмага койду. Ал шаардан чыгып келе жаткан элге кол салып, аларды кырып салды.

    9:44 Абы-Мелек өз топтору менен шаардын дарбазасынын жанына келип турган кезде башка эки топ талаада турган элге кол салып, аларды кырып жатты.

    9:45 Абы-Мелек шаардын эли менен ошол күнү кечке салгылашып, шаарды басып алды да, андагы элди кырып, шаарды талкалап, ага туз сүүп салды.

    9:46 Муну угуп, Шекем мунарасындагылардын баары Баал-Берит бутканасынын мунарасына кирип кетишти.

    9:47 Шекем мунарасындагылардын баары чогулганын Абы-Мелекке билдиришти.

    9:48 Абы-Мелек өзүнүн бүт эли менен Салмон тоосуна чыгып, балталарын алып, дарактардын бутактарын кыйып, ийнине койду да, өзү менен келген элге мындай деди: «Менин эмне кылганымды көрдүңөрбү? Силер да тезинен мен кылганды кылгыла».

    9:49 Ошондо келген элдин баары бутактарды кыйып, Абы-Мелектин артынан көтөрүп келишти да, аларды мунаранын тегерегине ташташты. Анан бутактарга от коюп, мунараны өрттөштү. Шекем мунарасындагылардын баары өлдү, анда миңге жакын эркек жана аял бар эле.

    9:50 Анан Абы-Мелек Тейбеске барып, аны курчоого алып, басып алды.

    9:51 Шаардын ортосунда бекем мунара бар болчу. эркектер менен аялдар, шаардын бардык эли ошол мунарага качып кирип, эшигин бекитип, үстүнө чыгып кетишти.

    9:52 Абы-Мелек мунарага келип, аны курчады. От коюп өрттөш үчүн, мунаранын эшигине келди.

    9:53 Ошол учурда бир аял Абы-Мелектин башына тегирмен ташынын сыныгын таштап жиберди, ал анын баш сөөгүн талкалап кетти.

    9:54 Абы-Мелек ошол замат курал көтөргөн жигитин чакырып: «Кылычыңды кынынан сууруп, мени өлтүрүп сал, “Аны аял өлтүрдү” деп айтышпасын», – деди. Жаш жигит аны сайып салды, ал өлдү.

    9:55 Абы-Мелектин өлгөнүн көргөн ысрайылдыктар өз жайларына тарап кетишти.

    9:56 Жетимиш бир тууганын өлтүрүп, атасына кылган кыянаттыгы үчүн, Теңир Абы-Мелекти ушундай жазалады.

    9:57 Шекемдин тургундарынын кылган бардык жамандыгын Кудай алардын өз башына салды. Жеруп-Баалдын уулу Жотамдын каргышы аларга тийди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск