Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Мидиандыктардын жеңилиши

    8:1 үпрайымдыктар Гидонго: «Мидиандыктар менен согушканы барганда, сен эмне үчүн бизди чакырган жоксуң?» – деп, аябай ачууланышты.

    8:2 Гидон аларга мындай деди: «Менин кылганымды силердин кылганыңарга салыштырып болобу? Абиезер жыйнап алган жүзүмгө караганда, эпрайым терип алган жүзүм артык эмеспи?

    8:3 Мидиан төрөлөрү Орейип менен Зейепти Кудай силердин колуңарга салып берди. Силер кылганды мен кыла алдымбы?» Ал ушундай сөздөрдү айтканда, ага нааразы болуп жаткан эпрайымдыктар тынчып калышты.

    8:4 Гидон жана анын душманды кууп чарчаган үч жүз адамы Иордандан өтүштү.

    8:5 Анан Гидон Сукоттун тургундарына кайрылып: «Менин адамдарыма нан бергиле, алар чарчашты. Мен Мидиан падышалары Зебак менен Салмунду кууп жүрөм», – деди.

    8:6 Сукоттун төрөлөрү: «Биз сенин аскерлериңе нан бергидей, Зебак менен Салмунду колуңа түшүрүп алдың беле?» – дешти.

    8:7 Гидон: «Ушинткениңер үчүн, Зебак менен Салмунду Теңир колума салып бергенде, денеңерди чөлдүн тикенеги менен, тикендүү жыгач менен жанчыйм», – деди.

    8:8 Ал жерден ал Пенуелге барды да, анын жашоочуларына да ошол эле сөздү айтты. Ага Пенуелдин жашоочулары да Сукоттун жашоочуларындай жооп беришти.

    8:9 Ал Пенуелдин жашоочуларына да: «Жеңиш менен кайтканымда, бул мунараны талкалайм», – деди.

    8:10 Зебак менен Салмун чыгыш элдеринин кошуунундагы аман калган он беш миңге жакын аскери менен Каркордо эле. Кылычты кынынан сууруй алгандардын арасынан жүз жыйырма миң адам өлгөн.

    8:11 Гидон Нобах менен Жокпеянын чыгыш тарабындагы чатырларда жашагандардын жолу менен барып, бейкапар жаткан кошуунду талкалады.

    8:12 Зебак менен Салмун качып жөнөдү. Гидон мидиандыктардын эки падышасы Зебак менен Салмунду кууп жетип, колго түшүрүп, бүт кошуунду дүрбөлөңгө салды.

    8:13 Жааштын уулу Гидон Херес дөңсөөсүнөн, согуштан кайтып келип,

    8:14 Сукоттон бир жаш жигитти кармап алып, суракка алды. Ал Сукоттун жетимиш жети төрөсүнүн жана аксакалдарынын тизмесин жазып берди.

    8:15 Анан ал Сукоттун тургундарына келип: «Зебак менен Салмун мына! Булар үчүн мени: “Сенин алсыраган аскерлериңе нан бергидей, Зебах менен Салмунду колуңа түшүрүп алдың беле?” – деп шылдың кылгансыңар», – деди да,

    8:16 шаардын аксакалдарын, Сукоттун тургундарын, чөлдүн тикенеги менен, тикендүү жыгач менен жазалады.

    8:17 Пенуел мунарасын да талкалап, анын тургундарын да өлтүрдү.

    8:18 Анан Зебак менен Салмунга: «Силер Табордо өлтүргөн кишилердин сырткы көрүнүшү кандай эле?» – деди. Алар: «Алар сага окшош эле, ар бири падыша уулдарына окшош эле», – дешти.

    8:19 Гидон: «Алар менин бир туугандарым, менин энемдин уулдары болчу. Теңир тирүү! Аларды тирүү калтырсаңар, мен силерди өлтүрмөк эмесмин», – деди.

    8:20 Анан тун уулу Жетерге: «Тур, буларды өлтүр!» – деди. Бирок уулу жаш болгондуктан коркуп, кылычын сууруп чыккан жок.

    8:21 Ошондо Зебак менен Салмун: «Туруп, бизди өзүң өлтүр, анткени адамдын күчү өзүнө жараша болот», – деди. Гидон ордунан туруп, Зебак менен Салмунду өлтүрдү да, алардын төөлөрүнүн мойнундагы формасы жарты айдай болгон жасалгаларын чечип алды.

    8:22 Ысрайылдыктар Гидонго: «Бизди сен башкар, уулуң, уулуңдун уулу башкарсын, анткени сен бизди мидиандыктардын колунан куткарып алдың», – дешти.

    8:23 Гидон аларга: «Силерди мен да, менин уулум да башкарбайт. Силерди Теңир башкарсын», – деди.

    8:24 Гидон аларга мындай деди: «Силерден бир гана нерсе сурайм, алган олжоңордон ар бириң мага бирден сырга бергиле (Анткени душмандары ысмайылдыктар болгондуктан, аларда алтын сыргалар көп эле)».

    8:25 Алар: «Беребиз», – дешти. Кийим жайып, үстүнө ар бири өз олжосунан бирден сырга таштады.

    8:26 Мидиан падышалары кийген кочкул кызыл кийимдерди, алтын топчуларды, жасалгаларды жана алардын төөлөрүнүн мойнундагы алтын чынжырларды кошпогондо, ал сурап алган алтын сыргалардын салмагы бир миң жети жүз алтын шекел болду.

    8:27 Алардан Гидон бир эфод жасап, аны өз шаары Опрага койду. Ысрайылдыктар ага табына башташты, ал Гидонго жана анын бүт эй-бүлөсүнө жайылган тор болду.

    8:28 Ысрайыл уулдарына мидиандыктар ушинтип багынышты, алар ошондон кийин баш көтөргүс болушту. Гидондун убагында жер үстүндө кырк жыл тынчтык болду.

    Гидондун көз жумушу

    8:29 Жааш уулу Жеруп-Баал үйүнө кайтты.

    8:30 Гидондун жетимиш уулу болгон, анткени анын аялдары көп эле.

    8:31 Шекемде жашаган күң аялы да уул төрөп берди. Ал анын атын Абы-Мелек койду.

    8:32 Жааштын уулу Гидон өтө карыган кезде көз жумду, анын сөөгү атасы Жааш коюлган жерге, Абиезердин Опра шаарына коюлду.

    8:33 Гидон өлгөндөн кийин, Ысрайыл уулдары кайрадан бузулуп, Баалды эүрчип, өздөрүнө Баал-Беритти кудай кылып коюп алышты.

    8:34 Ысрайыл уулдары өздөрүн курчап турган бардык кас душмандардын колунан куткарган Кудай-Теңирин унутуп коюшту.

    8:35 Ысрайылга жакшылык кылганына карабастан, Жеруп-Баалга – Гидондун эй-бүлөсүнө ырайым кылышкан жок.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск