Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Согушка даярдануу

    7:1 Жеруп-Баал (Гидон) эртең менен эрте турду. Аны менен келген бүт эл стандары менен эйин-Харот булагынын жанына жайланышты. Мидиан станы болсо түндүктү карай кеткен өрөөндөгү Аморе адырында эле.

    7:2 Теңир Гидонго мындай деди: «Сени менен келген эл өтө көп. Ысрайылдыктар Менин алдымда: “өзүмдү өзүм куткардым”, – деп текеберденип кетпеши үчүн, мидиандыктарды Мен алардын колуна салып бербейм.

    7:3 Ошондуктан элге угуза айт: “Ким жүүнү бош, коркок болсо, Гилат тоосунан түшүп, келген жагына кетсин”». Ошондо жыйырма эки миң киши артка кайтты, он миң киши калды.

    7:4 Анан Теңир Гидонго мындай деди: «Дагы эле эл көп. Буларды сууга алып бар, ошол жерден мен сага тандап берем. Мен кимди: “Сени менен барсын”, – десем, ошол сени менен барсын, Мен кимди: “Сени менен барбашы керек”, – десем, ал барбасын».

    7:5 Ал элди сууга алып келди. Теңир Гидонго: «Сууну итке окшоп тили менен шалпып ичкендерди өзүнчө бөл, тизе бүгүп, үңкейип ичкендерди өзүнчө бөл», – деди.

    7:6 Єч жүз киши сууну кочуштап сузуп, оозу менен шалпып ичти. Калгандары сууну тизе бүгүп, үңкейип ичишти.

    7:7 Ошондо Теңир Гидонго: «Сууну шалпып ичкен үч жүз киши аркылуу Мен силерди мидиандыктардан куткарам, аларды колуңарга салып берем. Ал эми калгандары өз-өз чатырларына кайтышсын», – деди.

    7:8 Алар кеткендердин азыктары менен мүйүздөрүн алып калышты. Гидон үч жүз кишини алып калып, калган ысрайылдыктарды өз-өз чатырларына таратты. Мидиандыктардын станы төмөн жактагы өрөөндө эле.

    7:9 Ошол түнү Теңир ага мындай деди: «Тур, станга кир, Мен аны сенин колуңа салып берем.

    7:10 үгерде жалгыз баргандан коркуп жатсаң, станга өз кызматчың Пура менен бар.

    7:11 Ошондо алардын эмне деп жатканын угасың да, карууңа күч кирип, станга киресиң». Анан ал кызматчысы Пура менен стандагы күзөттө турган аскерлерге түшүп барды.

    7:12 Мидиандыктар менен амалыктыктар жана бардык чыгыш элдери өрөөндү чегирткедей каптап калышкан эле. Төөлөрү эсепсиз, өздөрү деңиз жүүгиндеги кумдай сансыз эле.

    7:13 Гидон келди. Ошондо бирөө бир кишиге көргөн түшүн айтып жатты: «Түшүмдө бир тоголок арпа нан Мидиан станын аралап, тоголонгон бойдон чатырга келип бир тийди, чатыр кулап калды; аны аласалтты, чатыр жыгылып калды».

    7:14 үкинчиси ага мындай деп жооп берди: «Бул – ысрайылдык Жааштын уулу Гидондун кылычы, андан бөлөк нерсе эмес. Кудай мидиандыктарды жана бүт станды анын колуна салып берди».

    7:15 Гидон түштү жана анын чечмеленишин угуп, Кудай-Теңирге таазим этип, станына кайтып келди да, мындай деди: «Тургула! Кудай Мидиан станын колуңарга салып берди!»

    7:16 Анан ал үч жүз кишини үч топко бөлүп, бардыгынын колдоруна мүйүздөрдү жана бош кумураларды берди, ошондой эле кумуралардын ичине салганга шам берди.

    7:17 Анан аларга мындай деди: «Мени карап, мен кылганды кылгыла. Мен алардын станына жакындаганда, эмне кылсам, силер да ошону кылгыла.

    7:18 Мен жана мени менен бараткандар мүйүздөрдү тартканда, силер да мүйүздөрдү бүт станды айланта тартып: “Теңир үчүн, Гидон үчүн!” – деп кыйкыргыла».

    7:19 Анан Гидон ортоңку күзөт убагында жүз киши менен станга келип, сакчыларды ойготуп, мүйүздөрдү тартып, колдорундагы кумураларды талкалашты.

    7:20 Ошондо үч топ мүйүздөрдү тартып, кумураларын талкалады. Алар сол колдоруна шамдарын кармап, оң колдорундагы мүйүздөрдү тартып, жер жаңырта: «Теңир үчүн, Гидон үчүн!» – деп кыйкырышты.

    7:21 Станды тегеректеген алардын ар бири өз ордунда турду. Бүт стан дүрбөлөңгө түшүп, кыйкырып, туш-тушка качып жөнөдү.

    7:22 Єч жүз киши мүйүздөрдү тартканда, Теңир мидиандыктардын бүт станын бири-бирине каршы кылыч көтөрттү. Кошуун Серейрага карай Бейт-Ашитке чейин, Табатанын жанындагы Абел-Мекеланын чек арасына чейин качты.

    7:23 Напталы, Ашыр урууларынан жана Менашенин бүт уруусунан ысрайылдыктар чакыртылды. Анан алар мидиандыктардын артынан кууп жөнөштү.

    7:24 Гидон болсо эпрайым тоосундагылардын баарына мындай деп айттырыш үчүн, элчилерин жөнөттү: «Мидиандыктарды утурлап чыккыла да, Бейт-Бара менен Иордан дарыясынын өткөөлдөрүн бөгөп тургула». Ошондо бүткүл эпрайымдыктар чакыртылып, Бейт-Бара менен Иорданга чейинки өткөөлдөрдү бөгөп турушту.

    7:25 Алар мидиандыктардын Орейип менен Зейеп деген эки төрөсүн колго түшүрүп, Орейипти Сур-Орейипте, Зейепти Жекеп-Зейепте өлтүрүштү да, мидиандыктарды андан ары кууп жөнөштү. Орейип менен Зейептин баштарын Иордандын берки өйүзүнө, Гидонго алып келишти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск