Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Гидон

    6:1 Ысрайыл уулдары Теңирдин алдында кайрадан жаман иштерди кыла баштаганда, Теңир аларды жети жылга мидиандыктардын колуна салып берди.

    6:2 Мидиандыктар ысрайылдыктарды аёосуз эзишти. Ысрайыл уулдары мидиандыктардан качып, өздөрүнө жашыруун жерлерди, үңкүрлөрдү, баш калкалоочу жайларды даярдашты.

    6:3 Ысрайылдыктар эгин айдаган мезгилде, мидиандыктар менен амалыктыктар жана чыгыш элдери келип,

    6:4 алардын жерине чатырларын тигип, Азага чейинки эгиндин баарын жок кылышчу, ысрайылдыктарга азык үчүн кой да, өгүз да, эшек да калтырышчу эмес.

    6:5 Анткени алар мал-жаны, чатырлары менен келип, сан жеткис чегирткелердей каптап калышчу. өздөрү да, төөлөрү да сансыз көп болчу. Алар Ысрайыл жерин кыйратуу үчүн келишчү.

    6:6 Мидиандыктар Ысрайылды абдан жакырлантышты. Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге зар какшашты.

    6:7 Ысрайылдыктар Теңирге мидиандыктар тууралуу боздоп кайрылышканда,

    6:8 Теңир Ысрайыл уулдарына пайгамбар жөнөтүп, аларга мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Мен силерди Мисирден, кулчулуктун жеринен алып чыккам.

    6:9 Силерди мисирликтердин колунан, силерди эзгендердин баарынын колунан бошотуп, аларды силердин алдыңардан кууп чыгып, жерлерин силерге тартып бергем.

    6:10 Мен силерге: "Мен силердин Кудай-Теңириңермин. өзүңөр жашаган жердеги аморлуктардын кудайларына табынбагыла", – деп айткам. Бирок силер Менин үнүмдү укпай койгонсуңар”».

    6:11 Теңирдин периштеси келип, Абиезердин тукуму Жаашка таандык болгон Опрадагы эмендин түбүнө отурду. Ошол учурда анын уулу Гидон буудайды мидиандыктардын көзүнө көрсөтпөш үчүн, жүзүм сыгылуучу жайда жанчып жаткан.

    6:12 Ошондо ага Теңирдин периштеси келип: «үр жүрөк эркек, Теңир сени менен!» – деди.

    6:13 Ага Гидон: «Төрөм! эгерде Теңир биз менен болсо, анда эмне үчүн ушунун баары башыбызга түштү? “Мисирден бизди Теңир алып чыккан”, – деп, ата-бабаларыбыз айткан Анын кереметтери кайда? Теңир бизди таштап салды, Ал бизди мидиандыктардын колуна салып берди», – деди.

    6:14 Теңир аны карап туруп: «Ушул күч-кубатың менен бар да, Ысрайылды мидиандыктардын колунан куткар. Сени Мен жөнөтүп жатам», – деди.

    6:15 Гидон Ага: «Теңирим! Ысрайылды мен кантип куткарам? Менин эй-бүлөм – Менаше уруусундагы эң жарды эй-бүлө, эй-бүлөдө мен эң кичүүсүмүн», – деди.

    6:16 Теңир ага: «Мен сени менен болом, мидиандыктарды сен бир кишини кыйраткандай кыйратасың», – деди.

    6:17 Ага Гидон мындай деди: «үгерде мен Сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, анда мага Сен сүйлөп жатканыңды ырастаган жышаан бер.

    6:18 Мен барып, тартуумду алып келип, Сенин алдыңа коймоюнча, бул жерден кетпе». Ал: «Сен барып келгенче, Мен ушул жерде болом», – деди.

    6:19 Гидон барып, улак союп, бир эйфа ундан ачыткысыз нан бышырды. этти себетке салып, сорпону карапага куюп, эмендин түбүнө алып келип, Ага тартуу кылды.

    6:20 Ошондо Теңирдин периштеси ага: «үт менен ачыткысыз нанды алып, бул таштын үстүнө кой да, сорпону төк», – деди. Ал ошондой кылды.

    6:21 Теңирдин периштеси колундагы таягынын учун эт менен ачыткысыз нанга тийгизди, таштан от чыгып, эт менен нанды жалмап кетти. Ошондон кийин Теңирдин периштеси көздөн кайым болду.

    6:22 Гидон анын Теңирдин периштеси экенин көрүп: «О эгедер Теңирим! Мага кайгы, анткени мен Теңирдин периштесин бетме-бет көрдүм», – деди.

    6:23 Теңир ага: «Сага тынчтык болсун, коркпо, сен өлбөйсүң», – деди.

    6:24 Гидон ал жерге Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай куруп, аны «Жахаба-Шалом»1 деп атады. Ал ушул күнгө чейин Абиезердин Опрасында турат.

    6:25 Ошол түнү Теңир ага: «Атаңдын бир өгүзүн, үч асый дагы бир өгүзүн алып кел да, атаңдын Баалга курмандык чалуучу жайын талкала, анын жанындагы Ашейра дарагын кыйып сал.

    6:26 Анан Теңириңе, өз Кудайыңа, ушул асканын чокусуна, даярдалган жерге курмандык чалынуучу жай кур да, экинчи өгүздү алып, өзүң кыя турган Ашейра дарагынан алынган отундун үстүнө коюп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чал», – деди.

    6:27 Гидон он кулун алды да, Теңирдин айтканындай кылды, бирок атасынын үйүндөгүлөрүнөн жана шаар тургундарынан корккондуктан, муну күндүз эмес, түн ичинде кылды.

    6:28 үртең менен турган шаар тургундары Баалга курмандык чалуучу жай талкаланганын, анын жанындагы Ашейра дарагы кыйылганын, жаңы курулган курмандык чалынуучу жайда экинчи өгүздүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалынганын көрүп,

    6:29 бири-бирине: «Муну ким кылды?» – дешти. Издешти, сураштырышты, кимдир бирөөлөр: «Муну Жааштын уулу Гидон кылды», – дешти.

    6:30 Анан шаар тургундары Жаашка: «Уулуңду алып чык. Баалга курмандык чалуучу жайды талкалап, жанындагы Ашейра дарагын кыйгандыгы үчүн, ал өлүшү керек», – дешти.

    6:31 Ошондо Жааш келгендердин бардыгына: «Баалга болуша турган, аны коргой турган силерби? Ким аны жактаса, ушул эле таңда өлүмгө дуушар болот. эгерде ал Кудай болсо, өзүн өзү коргосун; ким анын курмандык чалынуучу жайын бузса, аны өзү жазаласын», – деди.

    6:32 «Баалга курмандык чалуучу жайды бузгандыгы үчүн, аны менен Баал өзү эсептешсин», – деп, ошол күнү Гидонго Жеруп-Баал деген ат койду.

    6:33 Ошол арада мидиандыктар менен амалыктыктар жана чыгыш элдери чогулуп, дарыядан өтүп, Изрейел өрөөнүнө стандары менен жайланышышты.

    6:34 Гидонду болсо Теңирдин Руху курчады. Ал мүйүз тартып, Абиезердин тукумун чакырды, алар анын артынан жүрүүгө даяр болду.

    6:35 Ал Менаше уруусуна элчилерди жөнөттү, алар да анын артынан жүрүүгө даяр болушту. Ошондой эле Ашырга, Забулунга, Напталыга элчилерди жиберди, алар да анын артынан жүрүүгө даяр болушту.

    6:36 Ошондо Гидон Кудайга: «үгерде Сен өзүң айткандай, мен аркылуу Ысрайылды куткара турган болсоң,

    6:37 анда мен мына бул кырманга кыркылган жүндү төшөйм. эгерде ушул жүнгө шүүдүрүм түшүп, калган жер кургак калса, анда өзүң айткандай, Сен мен аркылуу Ысрайылды куткарасың деп билем», – деди.

    6:38 Так ошондой болду: эртеси эртең менен эрте туруп, ал жүндү сыгып, бир чөйчөк толтура суу алды.

    6:39 Ошондо Гидон Кудайга: «үгерде мен дагы бир сөз айтсам, мага каарданба. Жүн менен кылган сыноону дагы бир кайталайын. Жүндүн өзү кургак калсын да, жерге шүүдүрүм түшсүн», – деди.

    6:40 Кудай ошол түнү так ошондой кылды. Жүн гана кургак калып, жерге шүүдүрүм түштү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск