Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Дебора менен Барактын ыры

    5:1 Ошол күнү Дебора менен Абынаам уулу Барак төмөнкүдөй ыр ырдашты:

    5:2 «Ысрайыл кегин алды, калайык ынталуулук көрсөттү. Теңирди даңктагыла!

    5:3 Падышалар, кулак салгыла! Төрөлөр, көңүл бургула! Мен Теңирге ырдайм! Ысрайылдын Кудай-Теңирине аспап чертип ырдайм!

    5:4 Сен, Теңир, Сеирден чыкканыңда, эдом талаасынан салтанат менен чыкканыңда, жер солкулдап, асмандан суу тамчылап, булуттар жамгыр төккөн.

    5:5 Теңирдин алдында тоолор, Ысрайылдын Кудай-Теңиринин алдында Синай тоосу солкулдаган.

    5:6 Анаттын уулу Шамгардын убагында, Жаелдин убагында жолдор эүн жаткан, мурда түз жолдор менен жүргөндөр ошол убакта айланма жолдор менен жүрүп калышкан.

    5:7 Мен, Дебора – Ысрайылдагы эне, ордуман турганга чейин, Ысрайылдын кыштактарында үч ким жашабай калган.

    5:8 Алар жаңы кудайларды тандап алышканда, дарбаза алдында согуш болду. Кырк миң ысрайылдыктын калканы менен найзасын көрдүңөр беле?

    5:9 Жүрөгүм силер менен, Ысрайыл башчылары, өз ыктыяры менен элин коргогондор! Теңирди даңктагыла!

    5:10 Ак ургаачы эшекке минип жүргөндөр, килемде отургандар, жолдо кетип бараткандар, ырдагыла!

    5:11 Кудуктардын жанына малын чогулткандар Теңирди даңктап, Ысрайыл жол башчыларын мактап ырдашсын! Ошондо Кудайдын эли дарбазаларды карай жөнөдү.

    5:12 Шаттан, Дебора! Шаттан, Дебора! Ыр ырдап, даңкта! Тур, Барак, Абынаам уулу, туткундарыңды алып бас!

    5:13 Ошондо Теңир күчтүүлөрдү аз сандагы адамдарга багынтып берген. Теңир мага эр жүрөктөрдү багынтып берген.

    5:14 Амалыктын жерине отурукташып калган эпрайымдыктар келишкен. Анын артынан Бенжемин өз эли менен келген. эл башчылар Махирден, калем кармаганды билген катчылар Забулундан келишкен.

    5:15 Исахардын төрөлөрү Дебора менен келишти, Исахар да Барактай болуп өрөөнгө жөө түштү. Рубейин уулдарынын арасында чоң келишпестик бар.

    5:16 Малдын маараганын угуп, мал короолордо эмне отурасың? Рубейин уулдарынын арасында чоң келишпестик бар.

    5:17 Иордандын аркы өйүзүндө Гилат тынч жашап жатат, кемелери бар Дан эмнеден корксун? Ашыр деңиз жүүгинде отурат, кемелер токтоочу жайдын жанында тынч жашап жатат.

    5:18 Забулун – өз жанын тобокелге салган эл, Напталы да – дөңсөөлөрдө өз жанын тобокелге салган эл.

    5:19 Падышалар келишти, салгылашышты. Ошондо Канаан падышалары Мегидо сууларынын жанындагы Танахта салгылашышты, бирок күмүш олжолоп алышкан жок.

    5:20 Асманда жылдыздар салгылашышты, өз жолдорунда Сисра менен салгылашышты.

    5:21 Аларды Кишон дарыясы, байыркы дарыя, Кишон дарыясы агызып кетти. Жаным, душмандарымдын күчүн тебеле!

    5:22 Анын күчтүүлөрү качканда, аттарынын туяктары майтарылып сынды.

    5:23 Мейроз шаарын каргагыла, – дейт Теңирдин периштеси, – анда жашагандарды каргагыла, анткени алар Теңирге жардамга келишкен жок, Теңирге жана кайраттууларга көмөк беришкен жок!

    5:24 Кейни Хебердин зайыбы Жаел, чатырларда жашаган аялдардын арасындагы ал, баталуу болсун!

    5:25 Сисра суу сураганда, ал сүт берди, төрөлөр ичкен чөйчөккө эң жакшы сүт куюп келди.

    5:26 Сол колуна казык, оң колуна темир устанын балкасын алып, Сисраны чыкыйга сайып, башын жарды.

    5:27 Ал аялдын бутуна жыгылып жатып калды, анын бутуна кулады, кулаган жеринде өлдү.

    5:28 Сисранын энеси тор терезеден карап: “Анын майдан арабасы эмнеге мынча кечигет, анын майдан арабасынын дөңгөлөктөрүнүн дабышы эмнеге угулбайт?” – деп боздойт.

    5:29 Анын кызматчы аялдарынын акылдуулары ага жооп берет, ал өзүнө өзү жооп берет:

    5:30 “Алар олжо таап алып, бөлүшүп жатышса керек, ар бир жоокерге бирден же экиден кыз тийсе керек. Олжодон Сисрага ар кыл түстүү, ичи-тышы саймаланган, туткундун жонунан сыйрылып алынган кийим тийсе керек”.

    5:31 Теңир, Сенин кас душмандарың мына ушинтип жок болсун! Теңирди сүйгөндөр болсо бардык күч-кубаты менен жаркырап чыккан күндөй болсун!» Ошентип, жер үстүндө кырк жыл тынчтык болду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск