Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Дебора менен Барак

    4:1 үйут көз жумгандан кийин, Ысрайыл уулдары Теңирдин көз алдында кайрадан жаман иштерди кыла башташты.

    4:2 Теңир аларды Хатсордо бийлик кылган Канаан падышасы Жабиндин колуна салып берди. Анын аскер башчысы Харошет-Агойимде жашаган Сисра эле.

    4:3 Анын тогуз жүз темир арабасы болгон, ал Ысрайыл уулдарын жыйырма жыл аёосуз эзди, ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге боздоп кайрылышты.

    4:4 Ошол кезде Ысрайылдын башкаруучусу пайгамбар аял Дебора болчу, ал Лапидоттун зайыбы эле.

    4:5 Ал Рама менен Бейтелдин ортосундагы эпрайым тоосунда, Деборанын курмасынын түбүндө отурчу. Ысрайыл уулдары ага кеңеш сураганы келип турушчу.

    4:6 Дебора чабарман жөнөтүп, Кедеш Напталыдан Абынаамдын уулу Баракты чакыртып алып, ага мындай деди: «Ысрайылдыктардын Кудай-Теңири сага буйрук кылат: “Бар, Напталы менен Забулундун уулдарынан он миң адам алып, Табор тоосуна чык.

    4:7 Мен болсо Жабиндин аскер башчысы Сисраны майдан арабалары жана көп сандаган аскерлери менен сага, Кишон дарыясына алып келип, сенин колуңа салып берем”».

    4:8 Барак ага: «үгерде сен мени менен барсаң, барам, эгерде сен мени менен барбасаң, барбайм», – деди.

    4:9 Дебора Баракка: «Сени менен барарын барам, бирок сен бул согушта атакка эү болбойсуң. Теңир Сисраны аялдын колуна салып берет», – деди. Анан Дебора ордунан турду да, Барак менен бирге Кедешке жөнөдү.

    4:10 Барак Забулун уулдары менен Напталы уулдарын Кедешке чакырды. Анын соңунан он миң адам жөнөдү, алар менен кошо Дебора да жөнөдү.

    4:11 Кейни Хебер Мусанын кайнагасы Хобаптын уулдарынан – кейнилерден бөлүнүп калды да, Кедештен алыс эмес эйлон-Бетсаананимдеги эмен токоюнун жанына чатырын тикти.

    4:12 Абынаам уулу Барак Табор тоосуна чыкты деп, Сисрага билдиришти.

    4:13 Сисра бардык майдан арабаларын, темирден жасалган тогуз жүз майдан арабасын, өзүнүн бүт элин чогултуп, Харошет-Агойимден Кишон дарыясын көздөй жол тартты.

    4:14 Ошондо Дебора Баракка: «Ордуңан тур, анткени Теңир Сисраны сенин колуңа бүгүн салып берет. Теңир өзү сенин алдыңда барат», – деди. Барак Табор тоосунан түшкөндө, артынан он миң адам кошо түштү.

    4:15 Ошондо Теңир Барактын кылычы менен Сисраны, анын бардык майдан арабалары менен аскерлерин дүрбөлөңгө түшүрдү. Сисра майдан арабадан түшүп, жөө качып жөнөдү.

    4:16 Барак анын майдан арабалары менен аскерлерин Харошет-Агойимге чейин кууп барды. Сисранын бардык аскери кылычтан кырылды, үч кимиси аман калган жок.

    4:17 Сисра кейни Хебердин аялы Жаелдин чатырын көздөй жөө качты, анткени Хатсор падышасы Жабин менен кейни Хебердин эй-бүлөсү өз ара ынтымактуу эле.

    4:18 Жаел Сисраны тосуп чыгып, ага: «Кир мырзам, кир менин үйүмө, коркпо», – деди. Ал анын чатырына кирди, аял аны килем менен жаап койду.

    4:19 Сисра аялга: «Мага ичкенге суу берчи, таңдайым кургап турат», – деди. Аял сүт куйган чаначты чечип, анын суусунун кандырды да, кайрадан жаап койду.

    4:20 Сисра аялга: «Чатырдын оозунда тур, эгерде кимдир бирөө келип, сенден: “Мында ким бар?” – деп сурап калса, “үч ким жок”, – де», – деди.

    4:21 Ал чарчап уктап калганда, Хебердин зайыбы Жаел чатырдын казыгын алып, колуна балка кармап, акырын жанына басып келип, казыкты анын чыкыйына сайып, жерге житире урду, ал өлдү.

    4:22 Ошол учурда Сисраны сая кууган Барак жетип келди. Жаел аны утурлай чыгып, ага: «Кир, мен сага издеп жүргөн кишиңди көрсөтөйүн», – деди. Ал аялдын чатырына кирип, өлүп жаткан Сисраны көрдү, казык чыкыйында сайылып турган эле.

    4:23 Теңир ошол күнү Ысрайыл уулдарына Канаан падышасы Жабинди багынтты.

    4:24 Канаан падышасы Жабинди өлтүргүчө, Ысрайыл уулдары барган сайын күч алды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск