Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Куулуп чыгарылбаган элдер

    3:1 Теңир канаандыктар менен болгон согуштар тууралуу билбеген Ысрайыл уулдарынын кийинки муундарын сыноо үчүн,

    3:2 алар согушканды эйрөнүшү үчүн, мына бул элдерди калтырган:

    3:3 пелиштиликтердин беш төрөсү, бардык канаандыктар, сидондуктар жана Баал-Хермон тоосунан Хаматтын кире беришине чейинки Лебанон тоосунда жашаган хибилер.

    3:4 Алар ысрайылдыктарды сыноо үчүн, Теңирдин Муса аркылуу ата-бабаларына берген осуятына алардын баш иер-ийбесин билиш үчүн калтырылган.

    3:5 Ысрайыл уулдары канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, хибилердин жана жебустуктардын арасында жашап калышты.

    3:6 Анан алардын кыздарын аялдыкка алып, өздөрүнүн кыздарын алардын уулдарына берип, алардын кудайларына кызмат кыла башташты.

    Отниел

    3:7 Ысрайыл уулдары Теңирдин көз алдында жаман иш кылышты: өздөрүнүн Кудай-Теңирин унутуп, Баал менен Ашейра бурканына кызмат кылышты.

    3:8 Ошондо Теңир Ысрайылга каарданып, аларды Месопотамия падышасы Кушан-Ришатайымдын колуна салып берди. Алар Кушан-Ришатайымга сегиз жыл кызмат кылышты.

    3:9 Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге боздоп кайрылышты. Теңир аларга куткаруучуну койду, аларды куткарган Калептин иниси Кеназдын уулу Отниел болчу.

    3:10 Теңирдин Руху анын үстүндө эле. Ал Ысрайылга башкаруучу болду. Ал согушка аттанды, Теңир анын колуна Месопотамия падышасы Кушан-Ришатайымды салып берди, ал Кушан-Ришатайымды багынтып алды.

    3:11 Ошентип, жер үстүндө кырк жыл тынчтык болду. Кеназдын уулу Отниел көз жумду.

    үйут

    3:12 Ысрайыл уулдары Теңирдин алдында кайрадан жаман иштерди кыла башташты. Теңирдин алдында жаман иштерди кылышкандыгы үчүн, Теңир Маап падышасы эглонго ысрайылдыктар менен согушууга күч берди.

    3:13 Ал амондуктар менен амалыктыктарды топтоду да, Ысрайылга кол салып, аны багындырып, Курма шаарын эүлеп алды.

    3:14 Ысрайыл уулдары Маап падышасы эглонго он сегиз жыл кызмат кылышты.

    3:15 Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирге боздоп кайрылышты. Теңир аларды куткарууга Бенжемин уруусунан Гейранын уулу, куткаруучу сологой эйутту койду. Ысрайыл уулдары эйуттан Маап падышасы эглонго белек берип жиберишти.

    3:16 үйут узундугу чыканактай, кош миздүү кылыч жасап алып, чапанынын ичине, оң жамбашына байлады.

    3:17 Ал белекти Маап падышасы эглонго алып барып берди. эглон өтө семиз киши эле.

    3:18 үйут эглонго белектерди тартуулагандан кийин, эглон белек алып келген кишилерди чыгарып жиберди.

    3:19 үйут болсо Гилгалда турган таш буркандарга барып, ал жерден кайра кайтып келип: «Падыша, сага айта турган жашыруун сөзүм бар», – деди. Падыша ага: «Акырын!» – деди. Ошондо алдында тургандардын бардыгы чыгып кетишти.

    3:20 үйут анын жанына келди. Ал өзүнүн үстүнкү бөлмөсүндө отурган эле. Анан эйут: «Сага айта турган Кудайдын сөзү бар», – деди. эглон ордунан турду.

    3:21 үйут сол колун сунуп, оң жамбашынан кылычын сууруп алды да, аны ичке сайды.

    3:22 Кылыч сабы менен кошо кирип кетти, аны казысы жаап калды, анткени эйут кылычты кайра сууруп алган эмес, кылыч артын көзөп өттү.

    3:23 үйут үстүнкү бөлмөнүн эшиктерин бекитип, кире бериш бөлмөгө чыкты.

    3:24 Ал чыгып кеткенден кийин, эглондун кулдары келип, үстүнкү бөлмөнүн эшиктери бек экенин көрүшүп: «Ал муктаждыгын канааттандыруу үчүн салкын бөлмөдө болсо керек», – дешти.

    3:25 Көпкө күтүштү, бирок үстүнкү бөлмөнүн эшиктерин үч ким ачпагандыктан, ачкычты алып, эшикти ачышты да, жерде өлүп жаткан төрөсүн көрүштү.

    3:26 Алар көпкө күтүп турганда, эйут узап кетти. Ал таш буркандардын жанынан өтүп, Сеирге качып келди.

    3:27 Келери менен ал эпрайым тоосунда сурнай тартты. Ысрайыл уулдары аны менен тоодон түшүштү. Ал алардын алдында бара жатты.

    3:28 Анан аларга: «Менин артымдан жүргүлө, анткени Теңир душманыңар мааптыктарды силердин колуңарга салып берди», – деди. Алар анын артынан эүрчишти да, Иордандын Маапка өтүүчү өткөөлүн басып алып, үч кимди өткөрбөй турушту.

    3:29 Ошол учурда мааптыктардын он миңге жакын кишисин кырып салышты. Бардыгы алыбеттүү, күчтүү адамдар эле, бирок үч кимиси качып кутулган жок.

    3:30 Ошол күнү мааптыктар ысрайылдыктарга ошентип багынышты. Жер үстүндө сексен жыл тынчтык болду.

    Шамгар

    3:31 үйуттан кийин Анаттын уулу Шамгар башкаруучу болду. Ал өгүз айдаган учтуу таяк менен пелиштиликтердин алты жүз кишисин өлтүрдү. Ал да ысрайылдыктарды куткарып калган.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск