Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Теңирдин периштеси Бохимде

    2:1 Теңирдин периштеси Гилгалдан Бохимге келип, мындай деди: «Мен силерди Мисирден алып чыгып, ата-бабаларыңарга берем деп убада кылган жерге алып келип: “Мен силер менен түзгөн келишимимди түбөлүккө бузбайм.

    2:2 Силер болсо бул жердин тургундары менен келишим түзбөгүлө, алардын курмандык чалынуучу жайларын талкалагыла”, – деп айттым эле. Бирок силер Менин үнүмдү укпай койдуңар. эмне үчүн мындай кылдыңар?

    2:3 Ошондуктан Мен: “Аларды араңардан кууп чыкпайм, алар силер үчүн сыйыртмак болот, алардын кудайлары силер үчүн жайылган тор болот”, – деп айтам».

    2:4 Теңирдин периштеси Ысрайыл уулдарына ушул сөздөрдү айтканда, эл боздоп ыйлап жиберди.

    2:5 Ошондуктан ал жерди Бохим деп аташат. Ал жерде алар Теңирге курмандык чалышты.

    Ысрайылдын Кудайдан четтеши

    2:6 Жашыя элди коё бергенде, Ысрайыл уулдары өз энчисине тийген жерлерди эүлегени жөнөшкөн.

    2:7 Алар Жашыянын көзү тирүүсүндө, ошондой эле Теңирдин Ысрайыл үчүн кылган улуу иштеринин баарын көргөн, Жашыядан узагыраак жашаган аксакалдардын көзү тирүүсүндө, Теңирге кызмат кылышчу.

    2:8 Бирок Теңирдин кулу Нундун уулу Жашыя жүз он жашка чыгып көз жумуп,

    2:9 аны өз энчисине тийген жерге, Гааш тоосунан түндүктү карай кеткен эпрайым тоосундагы Тимнат-Хереске коюшкандан кийин,

    2:10 бул эл ата-бабалары жаткан жайга кеткенден кийин, алардын ордуна Кудайды тааныбаган, Анын Ысрайылга кылган иштерин билбеген башка муун келгенден кийин,

    2:11 Ысрайыл эли Теңирдин алдында мыйзамсыз иштерди жасап, Баалга кызмат кыла баштады.

    2:12 Алар Мисир жеринен алып чыккан ата-бабаларынын Кудай-Теңирин таштап, башка кудайларга, алардын айланасында жашаган элдердин кудайларына кайрылып, ошолорго табынып, Теңирди каардантышты.

    2:13 Теңирди таштап, Баал менен Ашейрага кызмат кыла башташты.

    2:14 Теңир Ысрайылга каарданып, аларды талап-тоноочулардын колуна салып берди. Аларды талап-тоношту. Аларды айланасындагы душмандардын колуна салып берди, алар кас душмандарына туруштук бере албай калышты.

    2:15 Алар кайда барбасын, Теңир аларга айткандай, Теңир аларга ант бергендей, Теңирдин колу бардык жерде аларга каршы турду. Алардын абалы өтө оор болду.

    Башкаруучулардын коюлушу

    2:16 Ошондо Теңир аларга башкаруучуларды коюп турду. Башкаруучулар аларды талап-тоноочулардан куткарып турушту.

    2:17 Бирок алар башкаруучуларды да укпай, башка кудайларды эүрчип, аларга табынып, Теңирдин осуяттарын аткарган ата-бабаларынын жүргөн жолунан тез эле четтеп кетишти, осуяттарды аткарышкан жок.

    2:18 Теңир аларга башкаруучуларды коюп турган, Теңир өзү башкаруучу менен болуп, башкаруучунун көзү тирүүсүндө аларды кас душмандарынан куткарып турган, анткени аларды эзип, кысымга алышканда, Теңир алардын зар-муңун угуп аяган.

    2:19 Бирок башкаруучунун көзү өтөрү менен, алар кайра эле башка кудайларды эүрчип, аларга табынып, кызмат кылып, ата-бабаларыныкынан да жаман иштерди кылышкан. Алар өжөрлөнүп, жаман иштерин токтотушкан эмес.

    Теңирдин каары

    2:20 Ошондо Теңир Ысрайылга каарданып, мындай деген: «Ата-бабалары менен түзгөн келишимимди бузушканы үчүн, Менин үнүмдү угушпаганы үчүн,

    2:21 Жашыя өлөр алдында калтырып кеткен элдердин бирин да Мен булардын арасынан кууп чыкпайм.

    2:22 Анткени алар аркылуу Ысрайылды ата-бабалары жүргөн Теңирдин жолу менен жүрүшөбү же жүрүшпөйбү деп сынайм».

    2:23 Теңир бул элдерди калтырып койгон, аларды дароо кууп чыккан эмес, Жашыянын колуна салып берген эмес.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск