Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Жүйүт менен Шымондун канаандыктар менен болгон согуштары

    1:1 Жашыя көз жумгандан кийин, Ысрайыл уулдары Теңирден: «Канаандыктар менен согушууга бизден ким биринчи болуп барат?» – деп сурашты.

    1:2 Теңир аларга: «Жүйүт барат. Мен жерди анын колуна берип жатам», – деди.

    1:3 Жүйүт болсо өзүнүн бир тууганы Шымонго: «Мени менен бирге согушканы бар, канаандыктар менен согушабыз. Анан мен сени менен бирге согушканы барам», – деди. Ошентип, Шымон аны менен кетти.

    1:4 Жүйүт согушка жөнөдү. Теңир канаандыктар менен периздиктерди алардын колуна салып берди. Ошентип, алар Безекте алардын он миң адамын кырышты.

    1:5 Безекте алар Адону-Безек менен беттешип, салгылашып, канаандыктар менен периздиктерди талкалашты.

    1:6 Адону-Безек качып жөнөдү, бирок алар артынан кууп жетип, кармап алышты да, анын колу менен бутунун баш бармактарын кесип салышты.

    1:7 Ошондо Адону-Безек: «Колдору менен буттарынын баш бармактары кесилген жетимиш падыша менин үстөлүмдүн астынан күкүм терип жешчү. Мен кандай кылсам, Кудай мени так ошондой жазалады», – деди. Аны Иерусалимге алып келишти, ал ошол жерде өлдү.

    1:8 Жүйүттүн уулдары Иерусалимге каршы согуш ачып, аны багынтып, элин кылычтап кырып, шаарды өрттөп жиберишти.

    1:9 Анан Жүйүттүн уулдары тоодо, түштүктө жана ойдуң жерлерде жашаган канаандыктар менен согушууга жөнөштү.

    1:10 Анан Жүйүт Хеброндо жашаган (Хеброндун мурунку аты Кирийат-Арба болчу) канаандыктарга кол салып, Шейшайды, Акиманды, Талмайды өлтүрдү.

    1:11 Ал жерден ал Дебирдин тургундарына каршы жөнөдү. Дебирдин мурунку аты Кирийат-Сейпер болчу.

    1:12 Ошондо Калеп: «Ким Кирийат-Сейперди талкалап, аны басып алса, ага кызым Аксаны аялдыкка берем», – деди.

    1:13 Ал жерди Калептин иниси Кеназдын уулу Отниел басып алды. Калеп ага кызы Аксаны аялдыкка берди.

    1:14 Кыз узай турган болгондо, Отниел ага атаңдан жер сура деп эйрөтүп койду, ошондо ал эшектен түштү. Калеп кызынан: «Сага эмне керек?» – деп сурады.

    1:15 Акса атасына: «Батаңды бер, сен мага түштүк жерин бердиң, суу башаттарын да бер», – деди. Калеп кызына жогору жактагы башатты да, төмөн жактагы башатты да берди.

    1:16 Мусанын кайын атасы кейни Итронун уулдары Жүйүттүн уулдары менен Курма шаарынан чыгып, Араттын түштүгүндөгү Жүйүт чөлүнө барышты да, эл арасына отурукташып калышты.

    1:17 Жүйүт бир тууганы Шымон менен барып, Сепатта жашаган канаандыктарды кыйратты. Ошондон улам бул шаар Хорма деп аталып калган.

    1:18 Жүйүт ошондой эле Азаны, Ашкелонду, экронду тегерек-чети менен басып алды.

    1:19 Теңир Жүйүт менен болду, ал тоо аймагын эүлеп алды. Бирок өрөөндө жашагандарды кууп чыга алган жок, анткени алардын темирден жасалган майдан арабалары бар эле.

    1:20 Муса айткандай, Калепке Хебронду беришти. Калеп ал жерден Анактын үч уулун кууп чыкты.

    1:21 Бирок Иерусалимде жашаган жебустуктарды Бенжемин уулдары кууп чыгышкан жок. Жебустуктар Бенжемин уулдары менен Иерусалимде бүгүнкү күнгө чейин бирге жашашат.

    үпрайым жана Менаше урууларынын Бейтелди басып алышы

    1:22 Ошондой эле Жусуптун уулдары да Бейтелге каршы аттанышты, Теңир алар менен болду.

    1:23 Жусуптун уулдары Бейтелди карап чыгышты (шаардын мурдагы аты Луз эле).

    1:24 Сакчылар шаардан келе жаткан адамды көрүп, ага: «Бизге шаарга кире турган жерди көрсөтүп берсең, сага ырайым кылабыз», – дешти.

    1:25 Ал шаарга кире турган жерди көрсөтүп берди, алар шаарды кылычтап кыйратышты да, тиги кишини урук-туугандары менен коё беришти.

    1:26 Ал киши хеттиктердин жерине барып, шаар куруп, аны Луз деп атады. Ал бүгүнкү күнгө чейин ошондой аталат.

    Канаандыктарды кууп чыкпаган Ысрайыл уруулары

    1:27 Менаше Бейт-Шейанда, Таанахта, Дордо, Иблейемде, Мегидодо жана алардын карамагындагы шаарларда жашаган элдерди кууп чыккан жок. Ошентип, канаандыктар ошол жерлерде кала беришти.

    1:28 Ысрайыл күч алганда, канаандыктарга салык төлөтүп койду, бирок аларды кууп чыккан жок.

    1:29 үпрайым да Гезерде жашаган канаандыктарды кууп чыккан жок. Канаандыктар алардын арасында, Гезерде жашап калышты.

    1:30 Забулун да Китрон менен Налолдун тургундарын кууп чыккан жок. Канаандыктар алардын арасында жашап, салык төлөп калышты.

    1:31 Ашыр да Аконун, Сидондун, Аклаптын, Аказиптин, Хелбанын, Апиктин жана Рехоптун тургундарын кууп чыккан жок.

    1:32 Ашыр ушул жерлерде жашаган канаандыктардын арасында жашап калды, анткени аларды кууп чыккан жок.

    1:33 Напталы да Бейт-Шемештин, Бейт-Анаттын тургундарын кууп чыккан жок. Ал ушул жерлерде жашаган канаандыктардын арасында жашап калды. Бейт-Шемеш менен Бейт-Анаттын тургундары ага салык төлөп калышты.

    1:34 Аморлуктар Дан уулдарын өрөөнгө түшүрбөй, тоого сүрүп салышты.

    1:35 Аморлуктар Херес тоосунда, Айалондо, Шаалбимде жашап калышты, бирок Жусуптун уулдары аморлуктарды багындырып алышты. Аморлуктар аларга салык төлөп калышты.

    1:36 Аморлуктардын жери Акрабым дөңсөөсүнөн жана Селадан жогору карай кетет.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск