Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иисус Навин 24

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    24-БөЛЄМ

    Нундун уулу Жашыянын керүүзи жана көз жумушу

    24:1 Анан Жашыя Ысрайылдын бардык урууларын Шекемге чогултту, Ысрайыл аксакалдарын, башчыларын, башкаруучуларын, көзөмөлдөөчүлөрүн чакыртып алды, бардыгы Теңирдин алдында турду.

    24:2 Анан Жашыя чогулган бардык элге мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: “Силердин ата-бабаларыңар, Ыбрайым менен Нахордун атасы Терах эзелтен эле дарыянын аркы өйүзүндө жашап, башка кудайларга кызмат кылып келишкен.

    24:3 Бирок Мен силердин атаңар Ыбрайымды дарыянын аркы өйүзүнөн чакырып алып, бүткүл Канаан жерин кыдыртып, ага Ыскакты берип, тукумун көбөйттүм.

    24:4 Ыскакка Жакып менен эйсапты бердим. эйсапка Мен Сеир тоосун мурас кылып бердим. Жакып болсо уулдары менен Мисирге көчүп кетти.

    24:5 Анан Мен Муса менен Арунду жиберип, Мисирди катуу жазалар менен кыйраттым, силерди ал жерден алып чыктым.

    24:6 Мен силердин ата-бабаларыңарды Мисирден алып чыктым, силер Кызыл деңизге келдиңер. Ошондо мисирликтер ата-бабаларыңардын артынан майдан арабалары жана атчан аскерлери менен Кызыл деңизге чейин кууп келишти.

    24:7 Бирок алар Теңирге зар какшап ыйлашты, Ал силер менен мисирликтердин ортосуна караңгылык каптатып, аларды деңизге чөктүрдү. Мисирде Менин эмне кылганымды силер өз көзүңөр менен көргөнсүңөр. Анан силер көп убакыт чөлдө болдуңар.

    24:8 Анан Мен силерди Иордандын ары жагында жашаган аморлуктардын жерине алып келдим. Алар силер менен салгылашышты, бирок Мен аларды силердин колуңарга салып бердим, силер алардын жерин мурастап, элүшкө алдыңар, Мен аларды силердин көз алдыңарда кырдым.

    24:9 Маап падышасы Сипордун уулу Балак Ысрайылга каршы согушка аттанды, чабарман чаптырып, силерди каргатыш үчүн, Бейордун уулу Биламды чакыртты.

    24:10 Бирок Мен Биламды уккум келген жок, ал силерге батасын берди, Мен силерди анын колунан куткардым.

    24:11 Силер Иордандан өтүп, Жерихого келдиңер. Жерихонун тургундары болгон аморлуктар, периздиктер, канаандыктар, хеттиктер, гиргештиктер, хибиликтер, жебустуктар силерге каршы согушка чыгышты. Бирок Мен аларды силердин колуңарга салып бердим.

    24:12 Мен силердин алдыңардан чоң аарыларды жибердим, чоң аарылар аларды силердин алдыңардан кууп чыгышты. Аморлуктардын эки падышасын кылычыңар менен, жааңар менен кууп чыккан жоксуңар.

    24:13 Мен силерге өзүңөр иштетпеген жерди, өзүңөр курбаган шаарларды бердим, силер ошол шаарларда жашап жатасыңар, өзүңөр отургузбаган жүзүмзарлар менен зайтун бактарынын мөмөлөрүн жеп жатасыңар”.

    24:14 Ошондуктан Кудай-Теңирден коркуп, Ага чын жүрөктөн, ак дилден кызмат кылгыла. Дарыянын аркы өйүзүндө жана Мисирде силердин ата-бабаларыңар кызмат кылган кудайлардан баш тарткыла, өз Теңириңерге кызмат кылгыла.

    24:15 үгерде Кудайга кызмат кылгыңар келбесе, анда азыр кимге кызмат кылууну тандап алгыла, дарыянын аркы өйүзүндө ата-бабаларыңар кызмат кылган кудайларга кызмат кыласыңарбы же силер жеринде жашап жаткан аморлуктардын кудайларына кызмат кыласыңарбы, тандагыла. Мен жана менин эй-бүлөм болсо Теңирге кызмат кылабыз».

    24:16 үл мындай деп жооп берди: «Жок, андай болбойт, Теңирди таштап, башка кудайларга кызмат кылбайбыз!

    24:17 Анткени Кудай-Теңирибиз бизди жана биздин ата-бабаларыбызды Мисир жеринен, кулчулуктан алып чыгып, биздин көз алдыбызда чоң кереметтерди көрсөтүп, бизди өткөн бардык жолдорубузда сактады, бизди бардык элдерден сактады.

    24:18 Теңир биздин алдыбыздан бардык элдерди жана бул жерлерде жашаган аморлуктарды кууп чыкты. Ошондуктан биз да Теңирге кызмат кылабыз, анткени Ал биздин Кудайыбыз».

    24:19 Ошондо Жашыя элге мындай деди: «Теңирге кызмат кыла албайсыңар, анткени Ал – ыйык Кудай, кызганчаак Кудай, Ал силердин мыйзамсыздыктарыңар менен күнөөлөрүңөргө чыдабайт.

    24:20 үгерде силер Кудай-Теңирди таштап, башка кудайларга кызмат кыла турган болсоңор, Ал буга чейин силерге жакшылык кылып келсе да, башыңарга мүшкүл түшүрүп, кырып салат».

    24:21 үл Жашыяга мындай деди: «Жок, биз Кудай-Теңирге кызмат кылабыз».

    24:22 Жашыя элге мындай деди: «Силер Кудай-Теңирге кызмат кылууну тандап алдыңар, өзүңөргө өзүңөр күбөсүңөр». Алар: «Ооба, өзүбүзгө өзүбүз күбөбүз», – дешти.

    24:23 «Андай болсо башка кудайларыңардан баш тартып, жүрөгүңөрдү Ысрайылдын Кудай-Теңирине бургула».

    24:24 Ошондо эл Жашыяга мындай деди: «Кудай-Теңирибизге кызмат кылабыз, Анын үнүнө кулак салабыз».

    24:25 Ошол күнү Жашыя эл менен келишим түзүп, Шекемде аларга көрсөтмөлөр менен мыйзам берди.

    24:26 Жашыя бул сөздөрдү Кудайдын мыйзам китебине жазды да, бир чоң ташты алып, Теңирдин ыйык жайынын жанында өскөн эмен дарагынын түбүнө койду.

    24:27 Анан Жашыя бүткүл элге: «Мына бул таш бизге күбө болот, анткени ал Теңирдин бизге айткан сөздөрүнүн баарын укту. эгерде Кудайыңардан баш тартсаңар, ал силерге каршы күбө болот», – деди.

    24:28 Анан Жашыя элди, ар бирин өз жерине коё берди.

    24:29 Ошондон кийин Теңирдин кулу Нундун уулу Жашыя жүз он жашка чыгып көз жумду.

    24:30 Аны өз жерине, Гааш тоосунан түндүккө карай кеткен эпрайым тоосундагы Тимнат-Серахка коюшту.

    24:31 Ысрайыл уулдары Жашыянын көзү тирүүсүндө, ошондой эле Теңирдин Ысрайыл үчүн кылган бардык иштерин көргөн, Жашыядан узагыраак жашаган аксакалдардын көзү тирүүсүндө, Теңирге кызмат кылышты.

    24:32 Ысрайыл уулдары Жусуптун сөөгүн Мисирден алып чыгып, Шекем талаасындагы жерге көмүшкөн. Ал жерди Жакып Шекемдин атасы Хамордун уулдарынан жүз кеситага сатып алган. Кийин ал жер Жусуптун уулдарынын элүшүнө тийген.

    24:33 Ошондон кийин Арундун уулу элазар да көз жумду, аны уулу Пинехастын элүшүнө тийген эпрайым тоосундагы Гибага коюшту.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск