Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иисус Навин 23

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    23-БөЛЄМ

    Нундун уулу Жашыянын элге акыркы жолу берген буйруктары

    23:1 Теңир Ысрайыл уулдарын туш тараптагы бардык душмандарынан куткарып, тынчтандыргандан кийин, көп мезгил өттү. Жашыя абдан карып калды.

    23:2 Жашыя Ысрайылдын бүт жамаатын, алардын аксакалдарын, башчыларын, башкаруучуларын, көзөмөлдөөчүлөрүн чакыртып алып, аларга мындай деди: «Мен карып калдым.

    23:3 Кудай-Теңириңер ушул турган элдерди силердин алдыңарда эмне кылганын өз көзүңөр менен көрдүңөр, анткени Кудай-Теңириңер силер үчүн өзү салгылашты.

    23:4 Мен Иордандан батыштагы улуу деңизге чейинки элдердин бардыгын кырып, калган элди силердин укум-тукумуңарга өкчөмө таш боюнча бөлүп бердим.

    23:5 Кудай-Теңириңер силерге айткандай, алардын жерлерин мурастап калышыңар үчүн, Кудай-Теңириңер өзү аларды алдыңардан кууп чыгып, силердин көз алдыңарда жок кылат.

    23:6 Ошондуктан Мусанын мыйзам китебинде жазылгандардын бардыгын так сактап, так аткарууга аракет кылгыла, андан оңго да, солго да бурулбагыла.

    23:7 Араңарда калып калган элдер менен байланышпагыла, алардын кудайларын эскербегиле, аттарын атабагыла, аларга кызмат кылбагыла, табынбагыла,

    23:8 бирок бүгүнкү күнгө чейин жабышып келгениңердей, Кудай-Теңириңерге жабышкыла.

    23:9 Теңир көп сандаган күчтүү элдерди силердин алдыңардан кууп чыкты. Бүгүнкү күнгө чейин силерге үч ким туруштук бере алган жок.

    23:10 Бирөөңөр эле миңди кубалайсыңар, анткени Кудай-Теңириңер өзү айткандай, силер үчүн өзү күрөшүп жатат.

    23:11 Ошондуктан Кудай-Теңириңерди бүт күчүңөр менен сүйүүгө аракет кылгыла.

    23:12 үгерде силер Теңирден баш тартып, араңарда калган бул элдер менен катышып, кыз алышып, кыз беришип, силер аларга, алар силерге келе турган болсо,

    23:13 анда билип койгула: Кудай-Теңириңер бул элдерди араңардан кууп чыкпайт, алар силерге жайылган тор, мойнуңарга салынган сыйыртмак болот, Кудай-Теңириңер берген берекелүү бул жерде силер кырылып калмайынча, алар жонуңарга камчы, көзүңөргө тикенек болот.

    23:14 Жарык дүйнө менен коштошорума аз калды. Силер жөнүндө Кудай-Теңириңер айткан бардык жакшы сөздөрдүн бири да аткарылбай калбаганын бүт жүрөгүңөр, жан-дилиңер менен таанып билгиле, бардыгы силер үчүн жүзөгө ашты, бир да сөз аткарылбай калган жок.

    23:15 Бирок Кудай-Теңириңер силерге айткан бардык жакшы сөздөрүн кандай аткарып келсе, бардык жаман сөздөрүн да Кудай-Теңириңер берген берекелүү бул жерде силерди жок кылмайынча, ошондой аткарат.

    23:16 үгерде Кудай-Теңириңердин силер менен түзгөн келишимин бузуп, башка кудайларга кызмат кылып, аларга табынып кетсеңер, анда Теңир силерге каарданат, силер Теңир берген бул берекелүү жерде бат эле кырылып жок болосуңар».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск