Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иисус Навин 22

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    22-БөЛЄМ

    Єч уруунун курмандык чалынуучу жай курушу

    22:1 Ошондо Жашыя Рубейин, Гат урууларын, Менашенин жарым уруусун чакырып алып, мындай деди:

    22:2 «Кудай-Теңирдин кулу Муса силерге эмнени буйруса, бардыгын орундаттыңар, мен силерге эмнени буйрусам, бардыгын аткардыңар.

    22:3 Бир туугандарыңарды бүгүнкүгө чейин, көп күндөр бою таштаган жоксуңар жана Кудай-Теңириңердин буйругу боюнча эмне кылуу керек болсо, ошонун бардыгын кылдыңар.

    22:4 Кудай-Теңириңер бир туугандарыңарга убада кылгандай, азыр алардын көңүлүн тынчытты. эми артыңарга кайрылып, Теңирдин кулу Муса берген Иордандын аркы өйүзүндөгү жерге, өз чатырларыңарга, өзүңөрдүн жериңерге баргыла.

    22:5 Болгону, Теңирдин кулу Муса берген мыйзамдар менен осуяттарды так аткарууга аракет кылгыла. Кудай-Теңириңерди сүйгүлө, Анын жолдору менен жүргүлө, Анын осуяттарын аткаргыла, Ага жабышкыла, Ага чын жүрөгүңөр, жан-дилиңер менен кызмат кылгыла».

    22:6 Анан Жашыя аларга батасын берип коё берди, алар өз чатырларына жөнөп кетишти.

    22:7 Менаше уруусунун биринчи жарымына элүштү Муса берген, алар Башандан жер алышкан. экинчи жарымына элүштү Жашыя бөлүп берди, алар Иордандын берки өйүзүнөн, батыш тарабынан жер алышты. Жашыя аларга да батасын берип, өз чатырларына коё берди.

    22:8 Жашыя аларга мындай деди: «өз чатырларыңарга көп байлык, өтө көп мал, алтын, күмүш, жез, темир, абдан көп кийим-кече менен кайтып бара жатасыңар. Душманыңардан түшкөн олжону бир туугандарыңар менен бөлүшкүлө».

    22:9 Ошондо Рубейин, Гат уруулары, Менашенин жарым уруусу Канаан жериндеги Шилодон Теңирдин Муса аркылуу берген буйругу боюнча элүштөрүнө тийген Гилат жерине жол тартышты.

    22:10 Канаан жериндеги Иордандын жанына жеткенде, Рубейин, Гат уулдары, Менашенин жарым уруусу Иордандын жанына алыстан караганда эле көрүнө турган, чоң курмандык чалынуучу жай курушту.

    22:11 Ысрайыл уулдары «Рубейиндин, Гаттын уулдары жана Менашенин жарым уруусу Ысрайыл уулдарына караштуу Канаан жериндеги Иордандын жанына курмандык чалынуучу жай курушту» деген сөздү угушту.

    22:12 Муну угушканда, алар менен согушуу үчүн, Ысрайыл уулдарынын бүт жамааты Шилого чогулду.

    22:13 Ысрайыл уулдары Рубейин, Гат уулдарына жана Менашенин жарым уруусуна, Гилат жерине элазардын уулу, ыйык кызмат кылуучу Пинехасты жөнөтүштү.

    22:14 Аны менен кошо Ысрайылдын бардык урууларынан бирден уруу башчы чыгарып, он уруу башчы жөнөтүштү. Алардын баары миңдеген ысрайылдыктардан тандалган башчылар эле.

    22:15 Анан алар Гилат жериндеги Рубейиндин, Гаттын уулдарына жана Менашенин жарым уруусуна келишип, мындай деп айтышты:

    22:16 «Теңирдин бүт жамааты мындай деп айтып жатат: “үмне үчүн силер Ысрайылдын Кудайынын алдында ушундай күнөө кылдыңар? эмне үчүн силер Теңирден четтеп, өзүңөргө курмандык чалынуучу жай куруп, Теңирге каршы чыктыңар?

    22:17 үмне, бизге Пейордун мыйзамсыздыгы аздык кылып жатабы? Андан ушул күнгө чейин тазалана элекпиз го. Теңирдин жамааты ошол үчүн кыргынга учурабады беле!

    22:18 Силер болсо бүгүн Теңирден баш тартып жатасыңар! Силер бүгүн Теңирге каршы чыгып жатасыңар. эртең Теңир Ысрайылдын бүт жамаатына каарын төгөт.

    22:19 үгерде элүшүңөргө тийген жерлер силерге таза эмес сезилип жатса, анда Теңирдин жыйын чатыры турган Теңирдин жерине келгиле да, биздин арабыздан жер алгыла, бирок өзүңөргө Кудайыбыздын курмандык чалынуучу жайынан башка курмандык чалынуучу жай куруп, Теңирге каршы чыкпагыла, бизге каршы чыкпагыла.

    22:20 Зерактын уулу Ахан каргышка калганды алып, жалгыз өзү эле кылмыш кылса да, каар жалпы Ысрайыл жамаатына төгүлбөдү беле? өз мыйзамсыздыгы үчүн ал өзү эле өлгөн жок”».

    22:21 Ошондо Рубейиндин, Гаттын уулдары, Менашенин жарым уруусу буга жооп кылып, миңдеген ысрайылдыктардын башчыларына мындай дешти:

    22:22 «Кудайлардын Кудайы, Теңир, кудайлардын Кудайы, Теңир, билет, Ысрайыл да билсин! эгерде биз Теңирге каршы чыгып, Андан четтеп жаткан болсок, анда ушул күнү Теңир бизди аябасын!

    22:23 үгерде биз курмандык чалынуучу жайды Теңирден баш тартыш үчүн, анын үстүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты, нан курмандыгын, тынчтык курмандыгын чалыш үчүн курган болсок, анда бизди Теңир өзү жазаласын!

    22:24 Биз аны коркконубуздан, кийин силердин балдарыңар биздин балдарыбызга: “Ысрайылдын Кудай-Теңири менен силердин жалпылыгыңар жок!

    22:25 Рубейиндин уулдары менен Гаттын уулдары, ортобузга Теңир чек катары Иорданды койбоду беле, Теңирге силердин тиешеңер жок!” – деп айтпашы үчүн курдук. Силердин балдарыңар биздин балдарыбыздын Теңирге табынуусуна ошентип жол беришмек эмес.

    22:26 Ошондуктан биз мындай чечкенбиз: курмандык чалынуучу жай куралы, бирок бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жана башка курмандыктарды чалуу үчүн эмес.

    22:27 Ал биз менен силердин, биздин тукумубуз менен силердин тукумуңардын ортосунда Теңирге бүтүндөй өрттөлүүчү, ыраазычылык билдирүү жана башка курмандыктарыбыз менен кызмат кыла аларыбызга күбө болуп турушу үчүн, кийин силердин балдарыңар биздин балдарыбызга: “Теңирге силердин тиешеңер жок”, – деп айтпашы үчүн курулду.

    22:28 Бизге жана биздин кийинки укум-тукумубузга ошентип айта турган болушса, анда алар: “өзүңөр көрүп турган, Теңирдин курмандык чалынуучу жайына окшош бул курмандык чалынуучу жайды биздин ата-бабаларыбыз бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жана башка курмандыктарды чалуу үчүн эмес, бирок силер менен биздин ортобузга күбө болушу үчүн курган”, – деп айтышат.

    22:29 Теңирге каршы чыкпай калалы, Теңирден четтебей калалы, Анын жыйын чатырынын алдында турган курмандык чалынуучу жайдан башка, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык, тынчтык курмандыгы жана башка курмандыктар чалынуучу жай курбай калалы».

    22:30 Рубейиндин, Гаттын уулдары менен Менашенин жарым уруусу айткан бул сөздөрдү ыйык кызмат кылуучу Пинехас, анын жанындагы жамаат башчылары жана миңдеген ысрайылдыктардын башчылары туура көрүштү.

    22:31 үлазардын уулу, ыйык кызмат кылуучу Пинехас Рубейиндин, Гаттын уулдарына жана Менашенин жарым уруусуна мындай деди: «Теңир биздин арабызда экенин, силер Теңирдин алдында бул күнөөнү кылбаганыңарды бүгүн билдик. Силер Ысрайыл уулдарын Теңирдин жазасына дуушар кылган жоксуңар».

    22:32 үлазардын уулу ыйык кызмат кылуучу Пинехас менен башчылар Рубейин уулдары менен Гат уулдарынан Канаан жериндеги Ысрайыл уулдарына ушул жоопту алып келишти.

    22:33 Ысрайыл уулдары муну туура көрүштү, Ысрайыл уулдары Кудайды даңкташты, Рубейиндин уулдары менен Гаттын уулдарынын жерин чаап алуу жөнүндөгү ойлорунан кайтышты.

    22:34 Рубейиндин уулдары менен Гаттын уулдары: «Бул курмандык чалынуучу жай алар менен биздин ортобузда Теңир биздин Кудайыбыз экенине күбө», – деп, аны эйт деп аташты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск