Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иисус Навин 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    Лебилердин элүшү

    21:1 Леби уулдарынын башчылары ыйык кызмат кылуучу элазарга, Нундун уулу Жашыяга жана Ысрайыл уулдарынын башчыларына келишип,

    21:2 Канаан жериндеги Шилодо аларга мындай дешти: «Бизге жашаганга шаар, малыбызга шаардын тегерек-четинен жайыт берүүнү Теңир Мусага буйруган».

    21:3 Ошондо Ысрайыл уулдары Теңирдин буйругу боюнча лебилерге өз элүштөрүнөн мына бул шаарларды тегерек-четиндеги жерлери менен беришти.

    21:4 өкчөмө таш Каат уулдарына түштү. өкчөмө таш боюнча ыйык кызмат кылуучу Арундун уулдары лебилерге Жүйүт, Шымон, Бенжемин урууларынан он үч шаар тийди.

    21:5 Ал эми Кааттын калган уулдарына өкчөмө таш боюнча эпрайым, Дан урууларынан, Менашенин жарым уруусунан он шаар тийди.

    21:6 Гейиршондун уулдарына өкчөмө таш боюнча Исахар, Ашыр, Напталы урууларынан жана Менашенин Башандагы жарым уруусунан он үч шаар тийди.

    21:7 Мерари уулдарына эй-бүлөлөрүнө жараша Рубейин уруусунан, Гат уруусунан жана Забулун уруусунан он эки шаар тийди.

    21:8 Теңир Муса аркылуу буйругандай, өкчөмө таш боюнча Ысрайыл уулдары лебилерге бул шаарларды тегерек-четиндеги жерлери менен беришти.

    21:9 Жүйүт уруусунан, Шымон уруусунан төмөндө аттары аталган шаарлар берилди:

    21:10 өкчөмө таш биринчи түшкөндүктөн, Леби уруусуна, Кааттын тукуму Арундун уулдарына,

    21:11 Анактын атасынын атынан аталган Кирийат-Арбаны, башкача айтканда, Жүйүт тоосундагы Хебронду жана анын айланасындагы жерлерди беришти.

    21:12 Бул шаардын талаасы менен кыштактарын Жепундун уулу Калепке беришти.

    21:13 Ошентип, ыйык кызмат кылуучу Арундун уулдарына киши өлтүргөн адам баш калкалай турган шаарларды: Хеброн шаарын жана анын тегерек-четин, Либнаны жана анын тегерек-четин,

    21:14 Жатирди жана анын тегерек-четин, эштемону жана анын тегерек-четин,

    21:15 Холонду жана анын тегерек-четин, Дебирди жана анын тегерек-четин,

    21:16 Айынды жана анын тегерек-четин, Утаны жана анын тегерек-четин, Бейт-Шемешти жана анын тегерек-четин беришти. Ошентип, эки уруунун тогуз шаарын беришти.

    21:17 Ал эми Бенжемин уруусунан: Гибонду жана анын тегерек-четин, Гебаны жана анын тегерек-четин,

    21:18 Анатотту жана анын тегерек-четин, Алманды жана анын тегерек-четин: төрт шаарды беришти.

    21:19 Арундун уулдарына, ыйык кызмат кылуучуларга бардыгы болуп, тегерек-чети менен он үч шаар тийди.

    21:20 Кааттын уулдары лебилерге, Кааттын калган уулдарына, өкчөмө таш боюнча эпрайым уруусунан шаарлар тийди.

    21:21 Аларга киши өлтүргөндөр баш калкалай турган шаарларды: эпрайым тоосундагы Шекем шаарын жана анын тегерек-четин, Гезерди жана анын тегерек-четин,

    21:22 Кипсайимди жана анын тегерек-четин, Бейт-Коронду жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаар беришти.

    21:23 Дан уруусунан элтекейди жана анын тегерек-четин, Гиптонду жана анын тегерек-четин,

    21:24 Айалонду жана анын тегерек-четин, Гат-Римонду жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаар беришти.

    21:25 Менашенин жарым уруусунан эки шаар: Таанахты жана анын тегерек-четин, Гат-Римонду жана анын тегерек-четин беришти.

    21:26 Каат уулдарынын калган эй-бүлөлөрүнө бардыгы болуп, тегерек-чети менен он шаар тийди.

    21:27 Ал эми Леби уруусундагы Гейиршондун уулдарына Менашенин жарым уруусуна таандык, киши өлтүргөндөр баш калкалай турган Башандагы Голан шаарын жана анын тегерек-четин, Бейештераны жана анын тегерек-четин беришти.

    21:28 Исахар уруусунан Кишионду жана анын тегерек-четин, Дабератты жана анын тегерек-четин,

    21:29 Жармутту жана анын тегерек-четин, эйин-Ганимди жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаар беришти.

    21:30 Ашыр уруусунан Мишалды жана анын тегерек-четин, Абдонду жана анын тегерек-четин,

    21:31 Хелкатты жана анын тегерек-четин, Рехопту жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаарды беришти.

    21:32 Напталы уруусунан киши өлтүргөндөр баш калкалай турган Галилеядагы Кедеш шаарын жана анын тегерек-четин, Хамот-Дорду жана анын тегерек-четин, Картанды жана тегерек-четин, бардыгы болуп үч шаар беришти.

    21:33 Гейиршон уруусуна эй-бүлөлөрүнө жараша бардыгы болуп тегерек-чети менен он үч шаар тийди.

    21:34 Мерари уулдарынын эй-бүлөлөрүнө, калган лебилерге Забулун уруусунан Жокнеямды жана анын тегерек-четин, Карпаны жана анын тегерек-четин,

    21:35 Димнаны жана анын тегерек-четин, Наалалды жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаарды беришти.

    21:36 Рубейин уруусунан Бетсерди жана анын тегерек-четин, Жаасты жана анын тегерек-четин,

    21:37 Кедемотту жана анын чет жакасын, Мейпаатты жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаарды беришти.

    21:38 Гат уруусунан киши өлтүргөндөр баш калкалай турган Гилаттагы Рамот шаарын жана анын тегерек-четин, Маханайимди жана анын тегерек-четин,

    21:39 Кешпонду жана анын тегерек-четин, Жазерди жана анын тегерек-четин, бардыгы болуп төрт шаарды беришти.

    21:40 Мераринин уулдарына, Леби уруусунун калган уулдарына, өкчөмө таш боюнча бардыгы болуп он эки шаар тийди.

    21:41 Ысрайыл уулдарынын элүшүнүн ичинен лебилерге бардыгы болуп кырк сегиз шаар тегерек-чети менен тийди.

    21:42 Бул шаарлардын ар биринин тегерек-четинде жайыттар болгон.

    21:43 Ошентип, Теңир Ысрайыл уулдарына алардын ата-бабаларына берем деп убада кылган жерлердин бардыгын берди. Алар ал жерлерди мурастап, отурукташып калышты.

    21:44 Теңир алардын ата-бабаларына убада кылгандай, тынч жашоо берди. Кас душмандарынын үч кимиси аларга каршылык көрсөткөн жок. Теңир алардын колуна бардык душмандарын салып берди.

    21:45 Теңирдин Ысрайыл уулдарына айткан жакшы сөздөрүнүн ичинен үч бир сөзү аткарылбай калган жок, бардыгы аткарылды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск