Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иисус Навин 20

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    20-БөЛЄМ

    Баш калкалай турган шаарлар

    20:1 Анан Теңир Жашыяга мындай деди:

    20:2 «Ысрайыл уулдарына айт: “Мен силерге Муса аркылуу айткандай, баш калкалай турган шаарларды тандагыла.

    20:3 Атайын эмес, жаңылыштык менен киши өлтүрүп алган адам ал шаарга качып барып, кан кууган адамдан жашынсын.

    20:4 Бул шаарлардын бирине качып барган адам шаар дарбазасынын алдына туруп, кылган ишин ал шаардын аксакалдарына угуза айтып берсин. Ошондо алар аны шаарга кабыл алышат да, ага жашап тургудай жай беришет.

    20:5 Анын артынан кан кууган адам келгенде, алар киши өлтүргөн адамды анын колуна салып беришпесин, анткени ал өз жакынын атайылап өлтүргөн эмес, аны менен касташкан эмес.

    20:6 Ал жамаат алдына, сот алдына келгенге чейин, ошол учурдагы башкы ыйык кызмат кылуучунун көзү өткөнгө чейин ошол шаарда жашап турсун. Ошондон кийин гана киши өлтүргөн адам качып чыккан өз шаарына, өз үйүнө кайтсын”».

    20:7 Ошондо алар Напталы тоосундагы, Галилеядагы Кедешти, эпрайым тоосундагы Шекемди, Жүйүт тоосундагы Кирийат-Арбаны, башкача айтканда, Хебронду,

    20:8 Иордандын чыгыш тарабындагы, Жерихонун жанындагы, Рубейин уруусуна тиешелүү чөлдөгү, түздүктөгү Бетсерди, Гат уруусуна тиешелүү Гилаттагы Рамотту, Менаше уруусуна тиешелүү Башандагы Голанды бөлүштү.

    20:9 Бул шаарлар жаңылыштык менен киши өлтүрүп алган ысрайылдык болобу, келгин болобу, качып барып баш калкалашы үчүн, жамаат алдына, сот алдына келгенге чейин, кан кууган адам аны өлтүрүп койбошу үчүн дайындалган.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск