Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Шимшондун төрөлүшү

    13:1 Ысрайыл уулдары кайрадан Теңирдин алдында жаман иштерди кыла башташты. Теңир аларды кырк жылга пелиштиликтердин колуна салып берди.

    13:2 Ошол кезде соралык Манойах деген адам болгон, ал Дан уруусунан эле. Аялынын боюна бүтпөгөндүктөн, балалуу болгон эмес.

    13:3 Теңирдин периштеси анын аялына келип, мындай деди: «Сенин боюңа бүткөн жок, бала төрөгөн жоксуң, эми боюңа бүтүп, уул төрөйсүң.

    13:4 Ошондуктан сак бол, шарап да, күчтүү ичимдик да ичпе, таза эмес нерсе жебе.

    13:5 Анткени сенин боюңа бүтүп, уул төрөйсүң. Анын башына устара тийбесин, анткени жатында жаткандан баштап эле наристе Кудайдын назири болот. Ал Ысрайылды пелиштиликтердин колунан куткара баштайт».

    13:6 Аял келип, күйөөсүнө мындай деди: «Мага көрүнүшү даңктуу, Кудайдын периштесиндей болгон Кудайдын бир адамы келди, ал абдан коркунучтуу экен. Анын кайдан келгенин сурабай калыптырмын, ал да мага атын айткан жок.

    13:7 Ал мага: “Сенин боюңа бүтүп, уул төрөйсүң. Ошондуктан шарап да, күчтүү ичимдик да ичпе, таза эмес нерсе жебе, анткени наристе жатында жаткандан баштап өлгөнгө чейин Кудайдын назири болот”, – деди».

    13:8 Манойах Теңирге: «Теңир, Сен жөнөткөн Кудайдын адамы бизге дагы бир жолу келип, төрөлө турган баланы эмне кылышыбыз керек экенин эйрөтүп кетсин», – деп сыйынды.

    13:9 Кудай Манойахтын үнүн укту. Аялы талаада жүргөндө, Теңирдин периштеси дагы келди, бирок күйөөсү Манойах жанында жок эле.

    13:10 Аялы ошол замат жүгүрүп барып, күйөөсүнө кабарлады: «Баягыда мага келген адам келди».

    13:11 Манойах ордунан туруп, аялы менен ал адамга келди да, ага: «Бул аял менен сүйлөшкөн адам сенсиңби?» – деди. Периште: «Менмин», – деди.

    13:12 Манойах: «үгерде сенин айтканың аткарыла турган болсо, ал баланы кантебиз, эмне кылабыз?» – деди.

    13:13 Теңирдин периштеси Манойахка мындай деди: «Мен сенин аялыңа эмнени айтсам, ошонун баарынан сактансын.

    13:14 Жүзүмдөн жасалган үч нерсени жебесин, шарап да, күчтүү ичимдик да ичпесин, таза эмес нерсе жебесин. Мен аялга буйругандын баарын сактасын».

    13:15 Манойах Теңирдин периштесине: «Бир улак союп, сага тамак даярдагыча, кетпей тур», – деди.

    13:16 Теңирдин периштеси Манойахка: «Мени токтотконуң менен, баары бир тамагыңды жебейм. эгерде бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалгың келсе, анда аны Теңирге арнап чал», – деди. Манойах болсо анын Теңирдин периштеси экенин билген жок.

    13:17 Манойах Теңирдин периштесине: «Атың ким? Айтканың аткарылганда, сени даңктайлы», – деди.

    13:18 Теңирдин периштеси ага: «Менин атымды сурап эмне кыласың? Ал керемет!» – деди.

    13:19 Манойах улак менен нан курмандыгын Теңирге арнап, таштын үстүндө курмандыкка чалды. Теңирдин периштеси керемет көрсөттү, аны Манойах менен аялы көрдү.

    13:20 Курмандык чалынган таштын үстүндөгү оттун жалыны асманга көтөрүлө баштаганда, Теңирдин периштеси курмандык чалынуучу жайдын үстүндөгү жалын менен кошо асманга көтөрүлдү. Муну көргөндө, Манойах жана аялы жерге жүзтөмөндөп жыгылышты.

    13:21 Теңирдин периштеси Манойахка жана анын аялына көрүнбөй калды. Ошондо Манойах анын Теңирдин периштеси экенин билди.

    13:22 Анан Манойах аялына: «Биз Кудайды көрдүк, эми өлөбүз», – деди.

    13:23 Аялы күйөөсүнө: «үгерде Теңир бизди өлтүргүсү келсе, анда биздин колубуздан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен нан курмандыгын кабыл алмак эмес, азыр бизге мунун баарын көрсөтүп, ачып бермек эмес», – деди.

    13:24 Аялы уул төрөп, атын Шимшон койду. Наристе чоңоё берди. Теңир ага батасын берип жатты.

    13:25 Сора менен эштаулдун ортосундагы Дандын станында Теңирдин Руху ал аркылуу иштей баштады.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск