Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    Шимшон жана пелиштилик аял

    14:1 Шимшон Тимнатага барып, Тимнатадагы Пелишти кыздарынын ичинен бир кызды көрдү.

    14:2 Ал келип, атасы менен энесине: «Мен Тимнатадагы Пелишти кыздарынын ичинен бир кызды көрдүм, мага ошол кызды алып бергиле», – деп кабарлады.

    14:3 Атасы менен энеси ага: «Сүннөткө отургузулбаган пелиштиликтерден аял алганы барам дегидей, бир туугандарыңдын, бүткүл элимдин арасында кыз жок бекен?» – деди. Шимшон атасына: «Ошол кызды алып бер, мен аны жактырып калдым», – деди.

    14:4 Атасы да, энеси да бул Теңирден экенин, ал пелиштиликтерден өч алуунун ыңгайлуу учурун издеп жатканын билишкен жок. Ошол учурда ысрайылдыктарга пелиштиликтер үстөмдүк кылып турган.

    14:5 Анан Шимшон ата-энеси менен Тимнатага жөнөдү. Тимнатанын жүзүмзарларына жакын келишкенде, анын алдынан жаш арстан ырылдап чыкты.

    14:6 Шимшондун үстүнө Теңирдин Руху түштү, колунда үч нерсе жок болсо да, ал арстанды улактай тытып салды. Ал эмне кылганын атасына да, энесине да айткан жок.

    14:7 Анан ал пелиштилик кызга келип, аны менен сүйлөштү. Кыз Шимшонго жагып калды.

    14:8 Аны алыш үчүн, бир нече күндөн кийин ал дагы келди. өзү өлтүргөн арстанды көргөнү келип, өлүктүн ичинен аарынын уюгу менен балды көрдү.

    14:9 Ал балдан алып, жол бою жеп жүрүп отурду. Келип, атасы менен энесине берди, алар да жешти, бирок аларга балды арстандын өлүгүнүн ичинен алганын айткан жок.

    14:10 Атасы кыздын үйүнө келди. Єйлөнгөндөр той бергендей эле, Шимшон да той берди.

    14:11 Ал жердегилер аны көргөндө, анын жанында болууга отуз күйөө жолдош тандашты.

    14:12 Шимшон аларга: «Мен силерге бир табышмак айтайын. эгерде силер анын жандырмагын той бүткөнчө, жети күндүн ичинде тапсаңар, туура тапсаңар, мен силерге жука матадан тигилген отуз көйнөк жана отуз сыйра кийим берем.

    14:13 үгерде табышмакты жандыра албасаңар, анда силер мага жука матадан тигилген отуз көйнөк, отуз сыйра кийим бергиле», – деди. Алар: «Табышмагыңды айт, угалы», – дешти.

    14:14 Ал аларга: «Жегичтен тамак чыкты, күчтүүдөн таттуу чыкты», – деп айтты. Алар табышмакты үч күн бою жандыра алышкан жок.

    14:15 Жетинчи күнү Шимшондун колуктусуна: «Күйөөңдү көндүр, табышмактын жообун айтсын, болбосо сени да, атаңдын үйүн да өрттөп жиберебиз. Силер, эмне, бизди тоногону чакырдыңар беле?» – дешти.

    14:16 Аялы Шимшондун алдына келип ыйлап: «Сен мени жек көрөсүң, сүйбөйсүң. Менин элимдин уулдарына табышмак айттың, бирок мага жообун айткан жоксуң», – деди. Ал аялга: «Жандырмагын атама да, энеме да айткан эмесмин, анан сага айтмак белем?» – деди.

    14:17 Той болуп жаткан күндөрү, жети күн бою аялы анын алдына келип ыйлай берди. Жанын койбой сурай бергендиктен, акыры, жетинчи күнү ал аялына табышмактын жандырмагын айтты. Аялы болсо табышмактын жандырмагын өз элинин уулдарына айтып койду.

    14:18 Жетинчи күнү күн батар алдында жанагы кишилер келип, ага: «Балдан таттуу, арстандан күчтүү эмне бар?» – дешти. Шимшон аларга: «үгерде менин кунаажыным менен кош айдабасаңар, табышмагымды таба алмак эмессиңер», – деди.

    14:19 Анын үстүнө Теңирдин Руху түшүп, ал Ашкелонго жөнөдү. Ал жерден ал отуз кишини өлтүрүп, кийимдерин чечип алып, табышмактын жандырмагын тапкандарга отуз сыйра кийим берди. Ал абдан каарданып, атасынын үйүнө кетип калды.

    14:20 Шимшондун аялы болсо аны жандап жүргөн күйөө жолдошуна тийди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск