Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    15:1 Бир нече күндөн кийин, оруу-жыюу убагында, Шимшон бир улак алып, аялын көргөнү келди. «Аялым жаткан бөлмөгө кирейин», – дегенде, аялдын атасы киргизбей койду.

    15:2 Аялынын атасы: «Сени аялыңды жек көрүп калды деп ойлоп, мен аны күйөө жолдошуңа алып берип койдум. Мына, сиңдиси андан сулуу, анын ордуна сиңдисин ал», – деди.

    15:3 Бирок Шимшон аларга: «үми пелиштиликтерге жамандык кылсам, күнөөлүү болбойм», – деди.

    15:4 Шимшон кетти да, үч жүз түлкү кармап алып, шаманаларды алып, куйрукка куйрукту байлап, ар бир эки куйруктун ортосуна бирден шамана байлап койду.

    15:5 Анан шаманаларды күйгүзүп, түлкүлөрдү пелиштиликтердин эгинине коё берди. Боолонгон чөмөлөлөр да, орула элек эгиндер да, жүзүмзарлар да, зайтун бактар да өрттөнүп кетти.

    15:6 Пелиштиликтер: «Муну ким кылды?» – дешти. «Тимнатанын күйөө баласы Шимшон кылды, анткени анын аялын атасы анын күйөө жолдошуна алып берип койгон», – дешти. Ошондо пелиштиликтер жабыла келип, атасын да, кызын да өрттөп жиберишти.

    15:7 Шимшон аларга: «Ушундай кылганыңарга карабастан, мен силерден өч алам, ошондо гана жаным жай алат», – деди да,

    15:8 алардын тизелери менен жамбаштарын талкалап, жөнөп кетти. Ал эйтам аскасынын капчыгайына барып жатып алды.

    Шимшондун пелиштиликтерди жеңиши

    15:9 Пелиштиликтер келип, стандары менен Жүйүт жерине, Лехинин жанына жайланышышты.

    15:10 Жүйүт жеринин тургундары: «үмне үчүн бизге келдиңер?» – дешти. Алар: «Биз Шимшонду байлап кетели деп келдик, ал бизге кандай кылса, биз да ага ошондой кылабыз», – дешти.

    15:11 Ошондо жүйүттөрдөн үч миң адам чыгып, эйтам аскасынын капчыгайына барып, Шимшонго: «Бизге пелиштиликтер үстөмдүк кылып жатышканын сен билбейсиңби? эмне үчүн мындай кылдың?» – дешти. Шимшон аларга: «Алар мага кандай кылса, мен да аларга ошондой кылдым», – деди.

    15:12 Алар ага: «Биз сени байлап, пелиштиликтердин колуна салып берели деп келдик», – дешти. Шимшон аларга: «өлтүрбөйбүз деп ант бергиле», – деди.

    15:13 Алар ага: «Жок, өлтүрбөйбүз, биз сени байлап, алардын колуна салып беребиз», – дешти. Аны эки жаңы жип менен байлашты да, капчыгайдан алып чыгышты.

    15:14 Ал Лехиге жакындаганда, пелиштиликтер кыйкырык менен тосуп алышты. Анын үстүнө Теңирдин Руху түштү. Ошондо анын колу байланган жиптер күйгөн зыгырдай болуп, эзүлүп түшүп калды.

    15:15 Ал эшектин астынкы жаак сөөгүн таап алды. Аны менен миң кишини уруп өлтүрдү.

    15:16 «Калың топту, эки топту эшектин жаак сөөгү менен өлтүрдүм, эшектин жаак сөөгү менен миң адамды өлтүрдүм», – деди Шимшон.

    15:17 Ушуну айтып, жаак сөөктү ыргытты да, ал жерди Рамат-Лехи деп атады.

    15:18 Ал аябай суусап, Теңирге жалынып: «Сен кулуңа ушул улуу жеңишти бердиң. эми каным катып, сүннөткө отургузулбагандардын колуна түшүп өлөмбү?» – деди.

    15:19 Ошондо Теңир Лехиден булак чыгарды. Ал суусунун кандырганда, күч-кубат алып, жанданып калды. Ошондон улам бул жер «Чакыргандын булагы» деп аталып калды, ал Лехиде ушул күнгө чейин бар.

    15:20 Ал пелиштиликтердин убагында Ысрайылга жыйырма жыл башкаруучу болду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск