Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Шимшон Азада

    16:1 Бир күнү Шимшон Азага келип, ал жерден бир бузулган аялды көрүп, анын үстүнө кирди.

    16:2 Азанын тургундарына: «Бул жерге Шимшон келди», – деп айтышты. Алар ал турган жерди тегеректеп, аны түнү бою шаардын дарбазасынын алдында аңдышты. «Таң атканга чейин күтүп, анан өлтүрөбүз», – деп, түнү бою жашынып жатышты.

    16:3 Шимшон болсо түн жарымына чейин жатып, түн ортосунда туруп, дарбазаны кашектери менен кошо чыгарып, кулпусу менен көтөрүп жонуна салды да, Хебронго кетчү жолдогу тоонун чокусуна алып чыгып кетти.

    Шимшон менен Делила

    16:4 Ошондон кийин ал Сорек өрөөнүндө жашаган бир аялды сүйүп калды, анын аты Делила эле.

    16:5 Аялга пелиштиликтердин төрөлөрү келип: «Аны көндүр, анын зор күчү эмнеде экенин, аны биз кантип жеңе ала турганыбызды астыртан бил, биз аны байлап, багынтып алалы. Бул кызматың үчүн ар бирибиз сага бир миң бир жүз шекелден күмүш берели», – дешти.

    16:6 Делила Шимшондон: «Айтчы мага, сенин зор күчүң эмнеде, сени багынтыш үчүн, эмне менен байласа болот?» – деп сурады.

    16:7 Шимшон ага: «үгерде мени кургатылбаган жети жаанын жиби менен байласа, күчүм кетип, кадимки эле адамдардай болуп калам», – деди.

    16:8 Пелиштиликтердин төрөлөрү аялга кургатылбаган жети жаанын жибин алып келип беришти. Аял жаанын жиби менен аны байлап салды.

    16:9 (Ошол учурда аялдын уктоочу бөлмөсүндө пелиштиликтердин бири жашынып отурган). Аял ага: «Шимшон! Сага каршы пелиштиликтер келе жатышат!» – деди. Ошондо ал жаанын жиптерин эзүп жиберди, алар кендирдин бир жиби от тийгенде эзүлгөндөй эзүлдү. Ошентип, анын күчү эмнеде экени билинген жок.

    16:10 Делила Шимшонго: «Сен мени алдап койгон турбайсыңбы, мага калп айткан турбайсыңбы. Айтчы, сени эмне менен байласа болот?» – деди.

    16:11 Ал аялга: «үгерде мени урунула элек жаңы жип менен байласа, күчүм кетип, кадимки эле адамдардай болуп калам», – деди.

    16:12 Делила аны жаңы жип менен байлап: «Шимшон! Сага каршы пелиштиликтер келе жатышат! (Ошол учурда аялдын уктоочу бөлмөсүндө бирөө жашынып отурган)» – деди. Ал колдору байланган жипти чарык жипти эзгөндөй эле эзүп салды.

    16:13 Ошондо Делила Шимшонго: «Мени алдап, дагы калп айтып койгон турбайсыңбы. Айтчы, сени эмне менен байласа болот?» – деди. Ал аялга: «үгерде башымдагы жети өрүм чачымды кездеме кошуп өрүп, аны кездеме соккон аркакка мык менен кагып койсоң, күчүм кетип, кадимки эле адамдардай болуп калам», – деди.

    16:14 Аял кездеме соккон аркакты жерге казык менен кагып: «Шимшон! Сага каршы пелиштиликтер келе жатышат!» – деди. Ал уйкусунан ойгонуп, казыкты, кездеме соккон аркакты кездемеси менен кошо сууруп алды.

    16:15 Ошондо Делила ага: «Сен мага: “Сени сүйөм”, – деп, кантип айтып жатасың? Сенин жүрөгүң мени менен эмес турбайбы. Мени үч жолу алдадың, зор күчүң эмнеде экенин айткан жоксуң», – деди.

    16:16 Аял күн сайын аны кыйнап, жанын койбой койгондуктан, ал абдан кыйналып, чыдай албай кетти.

    16:17 Ошондо ал жүрөгүндөгүсүнүн баарын аялга ачып берди: «Менин башыма устара тийген эмес, анткени мен энемдин ичинде жаткандан тартып эле Кудайдын назиримин. эгерде менин чачымды кырып салса, күчүм кетип, алдан тайып, кадимки эле адамдардай болуп калам».

    16:18 Делила Шимшондун жүрөгүндөгүсүнүн баарын ачып бергенин көрүп, киши жөнөтүп, пелиштиликтердин төрөлөрүнө: «үми келгиле, ал мага жүрөгүндөгүнүн баарын ачып берди», – деп айттырды. Пелиштиликтердин төрөлөрү күмүштөрүн колдоруна көтөрүп, аялга келишти.

    16:19 Аял Шимшонду тизесине уктатып, бир кишини чакыртып, башындагы жети өрүм чачын кырдырды. Ошондо анын күчү кете баштады, акыры ал күчтөн ажырады.

    16:20 Аял: «Шимшон, пелиштиликтер сага каршы келе жатышат!» – деди. Ал уйкусунан ойгонуп: «Мурдагыдай эле кутулуп кетем», – деп ойлоду. Ал Теңир таштап койгонун билген жок.

    16:21 Пелиштиликтер аны кармап алып, көзүн оюп, Азага алып келишти да, эки жез чынжыр менен кишендеп салышты. Ал туткундар жаткан жайда тегирмен тартып жатты.

    16:22 Ошол арада анын башындагы чачы өсө баштады.

    Шимшондун өлүмү

    16:23 Пелиштиликтердин төрөлөрү өз кудайы Дагонго чоң курмандык чалуу үчүн жана көңүл ачуу үчүн чогулушту. Алар: «Биздин кудайыбыз душманыбыз Шимшонду колубузга салып берди», – дешти.

    16:24 Жалпы эл да Шимшонду көрүп, өз кудайын даңктап: «Жерибизди кыйраткан, көбүбүздү өлтүргөн душманыбызды кудайыбыз колубузга салып берди», – деди.

    16:25 Көңүлдөрү ачылганда, алар: «Шимшонду алып келгиле, ал бизге тамаша койсун», – дешти. Шимшонду туткундар жаткан жайдан алдырып келишти. Ал аларга тамаша койду. Анан алар аны эки тирөөчтүн ортосуна коюшту.

    16:26 Шимшон аны колунан жетелеп келген жаш жигитке: «Yйдү кармап турган тирөөчтөрдүн жанына алып барчы, сыйпалап көрүп, жөлөнүп турайын», – деди.

    16:27 Yй толо эркек менен аял эле. Ал жерде пелиштиликтердин бардык төрөлөрү отурган, эйдүн төбөсүнө үч миңге жакын эркек-аял чогулуп, тамаша коюп жаткан Шимшонду карап турушкан.

    16:28 Ошондо Шимшон Теңирге жалынып: «Кудай-Теңирим! Мени үсте, оо Кудайым, мага дагы бир жолу күч бере көр! эки көзүмдүн куну үчүн пелиштиликтерден бир дем менен өч алайын!» – деди.

    16:29 Анан эйдү кармап турган эки ортоңку тирөөчтүн бирине оң колу менен, бирине сол колу менен таянып турду да, аларды ордунан жылдырып жиберди.

    16:30 Анан Шимшон: «Пелиштиликтер менен бирге өлөйүн!» – деди. Бардык күчү менен чиренип туруп түрттү эле, эй кулап, төрөлөрдү, андагы элдин баарын басып калды. Шимшон өлөр алдында өлтүргөн адамдардын саны анын буга чейин өлтүргөн адамдарынын санынан көп болду.

    16:31 Бир туугандары менен атасынын бүт эй-бүлөсү келип, аны алып кетишти да, Сора менен эштаулдун ортосундагы атасы Манойахтын мүрзөсүнө коюшту. Ал Ысрайылга жыйырма жыл башкаруучу болгон.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск