Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 17

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    17-БөЛЄМ

    Миханын буркандары

    17:1 үпрайым тоосунда Миха деген бир адам болгон.

    17:2 Ал энесине: «Сенин бир миң бир жүз шекел күмүшүңдү алып кетишкенде, сен менин көзүмчө каргыш айткансың. Ошол күмүш менде. Аны мен алгам», – деди. энеси: «Уулумду Теңир жалгасын!» – деди.

    17:3 Анан ал энесине бир миң бир жүз шекел күмүштү кайрып берди. энеси: «Бул күмүштөрдү Теңирге арнадым. Мен буларды сага берем, сен булардан жасалма кудай, буркан жаса», – деди.

    17:4 Бирок ал күмүштөрдү энесине кайра кайрып берди. энеси эки жүз шекел күмүштү алып, күмүш эритүүчү устага берди. Ал андан жасалма кудай, буркан куйду, ал буркан Миханын үйүнө коюлду.

    17:5 Миханын бутканасы бар эле. Ал эфод жана терафим жасатып, балдарынын бирин өзүнө ыйык кызмат кылуучу кылып алды.

    17:6 Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ар ким өзү туура көргөндү кылчу.

    17:7 Ошол учурда ошол жерде бир леби жигит жашачу, ал Жүйүттүн Бейт-Лехеминен эле. Ал Жүйүт уруусунун арасында жашачу.

    17:8 Ал жигит Жүйүттүн Бейт-Лехем шаарынан чыгып, ар кайсы жерде жашап жүрдү. Жер кезип жүрүп, эпрайым тоосундагы Миханын үйүнө туш болду.

    17:9 Ошондо Миха андан: «Кайдан келе жатасың?» – деп сурады. Ал ага: «Мен лебимин, Жүйүттүн Бейт-Лехеминен келе жатам, жашаганга жер издеп жүрөм», – деди.

    17:10 Миха ага: «Меникинде кал, мага ата жана ыйык кызмат кылуучу бол. Мен сага жылына он күмүш шекел төлөп турам, кийген кийимиң, ичкен тамагың менден болот», – деди.

    17:11 Леби ал кишиникинде калууга макул болду. Ал ага уулдарынын бириндей эле болуп калды.

    17:12 Миха лебини ыйык кызмат кылуучу кылып дайындады. Ал жигит анын ыйык кызмат кылуучусу болуп, анын үйүндө жашап калды.

    17:13 Ошондо Миха: «үми Теңир мага жакшылык кыларын билем, анткени менин ыйык кызмат кылуучум леби болду», – деди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск