Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 18

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    18-БөЛЄМ

    Миха жана Дан уруусу

    18:1 Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ошол убакта Дан уруусу отурукташууга жер издеп жүргөн, анткени ошол күнгө чейин Ысрайыл урууларынын ичинен аларга элүш тие элек эле.

    18:2 Жер чалып, жерди көрүп келиш үчүн, Дан уулдары өз уруусунан, Сора менен эштаулдан беш эр жүрөк кишини: «Баргыла, жер чалып келгиле», – деп жиберишти. Алар эпрайым тоосундагы Миханын үйүнө келип, түнөп калышты.

    18:3 Миханын үйүнүн жанында жүргөн алар жаш лебинин үнүн таанып, эйгө кирип: «Сени бул жерге ким алып келди? Бул жерде эмне кылып жатасың, эмне үчүн бул жерде жүрөсүң?» – деп сурашты.

    18:4 Ал аларга: «Миха мага муну-тигини кылды, мени жалдады, мен анын ыйык кызмат кылуучусу болуп калдым», – деп жооп берди.

    18:5 Алар ага: «Биз алган багытта жолубуз болобу, Кудайдан сурачы, билип алалы», – дешти.

    18:6 Ыйык кызмат кылуучу аларга: «Тынчтык менен бара бергиле, силер бара жаткан жол Теңирдин алдында», – деди.

    18:7 Ал беш киши жүрүп отуруп, Лаишке келди. Ал жерден сидондуктарга окшоп тынч, бейкапар, үч нерседен кам санабай жашап жаткан элди көрдү. Ал жерде ыза кылып кордоо деген, үстөмдүк кылуу деген жок эле. Алар сидондуктардан алыс жашап, үч ким менен үч кандай иштери жок эле.

    18:8 Анан алар Сора менен эштаулга, өз бир туугандарына кайтып келишти. Бир туугандары алардан: «Кандай кабар менен келдиңер?» – деп сурашты.

    18:9 Алар: «Биз ал жерди көрдүк, ал укмуштай сонун жер экен. Жүргүлө, ал жерди басып алалы. Ойлонуп турбагыла, тезирүүк баралы да, ал жерди энчибизге алалы.

    18:10 Барганда, үч нерседен кам санабай жаткан элди көрөсүңөр. Ал жер өтө кенен, аны Кудай колуңарга берип жатат. Ал жер үч нерседен кем эмес жер экен», – дешти.

    18:11 Ошондо Дан уруусунан алты жүз эркек курал-жарак асынып, Сора менен эштаулдан жөнөп кетти.

    18:12 Алар Жүйүт жериндеги Кирийат-Жейаримге жетип, станы менен туруп калышты. Ошондуктан Кирийат-Жейаримдин батыш тарабындагы ал жерди бүгүнкү күнгө чейин «Дан станы турган жер» деп аташат.

    18:13 Ал жерден алар эпрайым тоосуна бет алып, Миханын үйүнө келишти.

    18:14 Лаиш жерин көрүүгө барган жанагы беш киши өз бир туугандарына: «Бул үйлөрдүн биринде эфод, терафим, жасалма кудай жана куюлуп жасалган буркан бар экенин билесиңерби? Демек, эмне кылуу керек экендигин ойлонгула», – дешти.

    18:15 Алар жаш лебинин үйүнө, Миханын үйүнө киришип, анын ал-жайын сурашты.

    18:16 Ал эми Дан уулдарынын курал-жарак асынган алты жүз кишиси дарбазанын жанында турду.

    18:17 Жер чалганы барган беш киши эйгө кирип, жасалма кудайды, эфодду, терафимди, куюлуп жасалган бурканды тартып алды. Ыйык кызмат кылуучу курал-жаракчан алты жүз киши менен дарбазанын жанында турган.

    18:18 Алар Миханын үйүнө кирип, жасалма кудайды, эфодду, терафимди жана куюлуп жасалган бурканды алып жатышканда, ыйык кызмат кылуучу алардан: «үмне кылып жатасыңар?» – деп сурады.

    18:19 Алар ага: «Yнүңдү чыгарбай, колуң менен оозуңду басып, биз менен жүр. Бизге ата жана ыйык кызмат кылуучу бол. Бир кишинин үйүндө ыйык кызмат кылуучу болгонуң жакшыбы же бүт Ысрайыл урууларына ыйык кызмат кылуучу болгонуң жакшыбы?» – дешти.

    18:20 Ыйык кызмат кылуучу кубанып, эфодду, терафимди жана бурканды алып, алар менен жөнөдү.

    18:21 Алар жолго чыгышты, аялдар менен балдарды, малды, оор жүктөрдү алдыга коё беришти.

    18:22 Алар Миханын үйүнөн узап кетишкенден кийин, Миханын кошуналары чогулуп, Дан уулдарынын артынан түшүштү.

    18:23 Алар Дан уулдарына кыйкырышты. Дан уулдары кайрылып, Михага: «Сага эмне керек, эмне кыйкырасың?» – дешти.

    18:24 Миха аларга: «Жасаткан кудайларымды да, ыйык кызмат кылуучумду да алып кеттиңер. Мага үч нерсе калтырган жоксуңар! “Сага эмне керек?” – деп, кантип айтып жатасыңар?» – деди.

    18:25 Дан уулдары ага: «Унчукпа, үнүңдү укпайлы, болбосо арабыздагы күү бирөөлөр ачууланып, силерге кол салышат. өзүңдү да, эй-бүлөңдү да мерт кылып аласың», – дешти.

    18:26 Дан уулдары өз жолдору менен кете беришти. Миха алардын күчтүү экенин көрүп, артына кайрылып үйүнө келди.

    18:27 Дан уулдары болсо Миха жасагандарды жана анын ыйык кызмат кылуучусун алып кетишти. Алар Лаиште бейкапар, тынч жашаган элге каршы барып, аларды кылыч мизине алып, шаарына от коюп, өрттөп жиберишти.

    18:28 Жардам берер үч ким болгон жок, анткени алар Сидондон алыс жашашчу, үч ким менен иштери жок болчу. Бул шаар Бейт-Рекоптун жанындагы өрөөндө жайгашкан. Дан уулдары шаарды кайра куруп, ошол шаарга отурукташышты.

    18:29 Шаарга Ысрайыл уулу Дан уруусунун атасынын атынан «Дан» деген ат коюшту. Шаардын мурдагы аты Лаиш болчу.

    18:30 Дан уулдары өздөрүнө бурканды коюп алышты. Ал жерде жашоочулар туткундалып кеткенге чейин, Менашенин уулу Гейиршомдун уулу Жонатан жана анын уулдары Дан уруусуна ыйык кызмат кылуучу болушту.

    18:31 Кудайдын жыйын чатыры Шилодо турган убакыт аралыгында алар Миха жасаган ошол бурканга табынышкан.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск