Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 19

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    19-БөЛЄМ

    Леби жана анын күң аялы

    19:1 Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ошол убакта эпрайым тоосунун этегинде бир леби жашачу. Ал Жүйүт жеринин Бейт-Лехеминен күң аял алды.

    19:2 Күң аял аны менен чатакташып, Жүйүт жеринин Бейт-Лехеминдеги өз атасынын үйүнө кетип калып, төрт ай ошол жерде болду.

    19:3 Күйөөсү кулун жана эки эшегин алды да, көңүлүн таап сүйлөшүп, кайра алып келиш үчүн, аялынын артынан барды. Аял аны өз атасынын үйүнө алып кирди.

    19:4 Жаш аялдын атасы аны көргөндө, кубаныч менен тосуп алды. Кайын атасы, жаш аялдын атасы, аны кетирбей алып калды. Ал аныкында үч күн болду. Алар ичип-жеп, ошол жерде түнөп калышты.

    19:5 Төртүнчү күнү алар эртең менен эрте турушту, ал туруп, жөнөмөкчү болду. Жаш аялдын атасы күйөө баласына: «Бир кесим нан жеп, кубаттанып ал, анан жөнөйсүңөр», – деди.

    19:6 Алар калып калышты. экөө дагы ичип-жешти. Жаш аялдын атасы ага: «Дагы бир түнгө калып, көңүлүңдү ач», – деди.

    19:7 Ал туруп, жөнөмөкчү болгондо, кайын атасы сурангандыктан, аныкында дагы түнөп калды.

    19:8 Бешинчи күнү ал эртең менен эрте туруп, кетмей болду. Жаш аялдын атасы: «Нан жеп кубаттанып ал, күн батканча коё тургула», – деди. экөө дагы ичип-жешти.

    19:9 Ал киши аялы, кулу менен кетүүгө камынып, ордунан турду. Кайын атасы, жаш аялдын атасы, ага дагы: «Күн кечтеп кетти, конуп алгыла! Күн батканы калды, түнөп кет, көңүл ач. эртең эртерүүк туруп, жолго чыккыла», – деди.

    19:10 Бирок күйөө баласы түнөөгө макул болбой, жолго чыгып, Жебуска, азыркы Иерусалимге келди. Ал жүк артылган эки эшеги, аялы менен келди.

    19:11 Алар Жебуска жеткени калганда, күн батып калган эле. Ошондо малайы мырзасына: «Жебустуктардын ушул шаарына кирип түнөп кетели», – деди.

    19:12 Мырзасы малайына: «Жок, башка уруунун шаарына кирбейбиз, алар Ысрайылдын урууларынан эмес, Гибага жетели», – деди.

    19:13 Анан кулуна: «Гибага же Рамага жетип конобуз», – деди.

    19:14 Алар Бенжеминдин Гиба шаарына жетишкенде, күн батты.

    19:15 Алар Гибага түнөп алыш үчүн, ошол тарапка бурулушту. Ал шаарга кирип, көчөгө отурду, бирок үч ким үйүнө түнөп кетүүгө чакырган жок.

    19:16 Кечинде бир абышка талаа жумушунан үйүнө кайтып келе жаткан. Ал эпрайым тоосунан эле, бирок Гибада жашачу. Гибанын тургундары Бенжемин уулдарынан болчу.

    19:17 Абышка башын көтөрүп, шаардын көчөсүндө келаткан жолоочуну көрүп: «Кайда баратасың? Кайдан келдиң?» – деп сурады.

    19:18 Ал абышкага: «Биз Жүйүттүн Бейт-Лехеминен келе жатабыз, азыр өз жериме, эпрайым тоосуна баратабыз. Жүйүттүн Бейт-Лехемине баргам, азыр Теңир үйүнө баратам. үч ким үйүнө түнөп кетүүгө чакырган жок.

    19:19 үшектерибиздин саманы да, жеми да бар. Ошондой эле кулдарыңдын: менин, күңэңдүн, кулумдун жүүр наны, ичүүр шарабы да бар. үч нерседен кем эмеспиз», – деп жооп берди.

    19:20 Абышка ага: «Кам санаба! Сенин кем-карчың менин мойнумда болсун. Көчөгө түнөбөсөң эле болду», – деди.

    19:21 Анан ал аны өз үйүнө алып келип, эшектерине жем берип, жайланыштырды. Алар буттарын жуушту, ичип-жешти.

    19:22 Алар көңүл ачып жатканда, шаардагы бузулган адамдар эйдү курчап алышып, эшикти каккылап, эйдүн эүсине, абышкага: «Yйүңө кирген адамды сыртка чыгар, биз ага жакындайбыз», – дешти.

    19:23 Yйдүн эүси сыртка чыгып, аларга мындай деди: «Жок, туугандарым, жамандык кылбагыла. Бул адам – менин үйүмө келген конок, мындай жийиркеничтүү ишке барбагыла.

    19:24 Yйүмдө бойго жеткен кызым бар, мунун күң аялы бар. Аларды алып чыгайын, аларга эмне кылгыңар келсе, ошону кылгыла, бирок бул кишиге мындай кылбагыла, мындай жийиркеничтүү ишке барбагыла».

    19:25 Бирок алар аны уккусу келишкен жок. Ошондо күйөөсү күң аялын жетелеп, көчөгө чыгарып берди. Алар аны зордуктап, түнү бою, таң аткыча кордоп чыгышты. Аны жерге жарык киргенде коё беришти.

    19:26 Аял таң атарда келип, мырзасы түнөгөн эйдүн эшигине жетип жыгылып, таң аткыча жатты.

    19:27 Мырзасы эртең менен туруп, эшикти ачып, жолго чыгыш үчүн сыртка чыкты. Күң аялы болсо босогону кучактап, эшиктин алдында жатыптыр.

    19:28 Ал аялына: «Тур, жөнөйлү», – деди. Бирок жооп болгон жок, себеби ал өлүп калган эле. Ал ордунан туруп, аялды эшекке артып, өз үйүнө жөнөдү.

    19:29 Ал өз үйүнө келип, бычак алып, күң аялын кескилеп, он эки мүчөгө бөлдү да, Ысрайылдын бардык жерине жөнөттү.

    19:30 Көргөндөрдүн баары: «Ысрайыл уулдары Мисирден чыккан күндөн бүгүнкү күнгө чейин мындай болгон эмес, мындайды көргөн да эмеспиз. Буга көңүл бургула, акылдашып көрүп, анан айткыла», – дешти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск