Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 20

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    20-БөЛЄМ

    үлдин Бенжемин уруусун жазалоо тууралуу чечими

    20:1 Дандан Бейер-Шебага чейинки аймактарда жана Гилат жеринде жашаган Ысрайылдын бардык уулдары, бүт жамаат Теңирдин алдына, Миспага бир кишидей чогулушту.

    20:2 Бардык эл башчылары, Ысрайылдын бардык уруулары, кылычын кынынан сууруган төрт жүз миң жөө аскер Кудайдын элинин чогулушуна келишти.

    20:3 Бенжемин уулдары Ысрайыл уулдарынын Миспага келгенин угушту. Ысрайыл уулдары: «Айткыла, бул жаман иш кандайча болду?» – деп сурашты.

    20:4 өлгөн аялдын күйөөсү, леби мындай деп жооп берди: «Мен күң аялым менен Бенжеминдин Гиба шаарына түнөгөнү келген элем.

    20:5 Ошондо Гибанын тургундары мага каршы көтөрүлүп, мен түнөгөн эйдү түн ичинде курчап калышты. Алар мени өлтүргүсү келишкен эле. Алар менин күң аялымды кордошту, ал өлүп калды.

    20:6 Мен күң аялымды алып барып, кескилеп, Ысрайылга караштуу бардык дубандарга жөнөттүм. Анткени алар Ысрайылда мыйзамсыз, жийиркеничтүү иш кылышты.

    20:7 Ысрайыл уулдары, бардыгыңар ушул жерде турасыңар, бул ишти талдап, ушул жерде чечкиле».

    20:8 Ошондо бүт эл бир кишидей мындай деди: «үч кимибиз өз чатырларыбызга барбайбыз, өз үйлөрүбүзгө кайтпайбыз.

    20:9 Гиба үчүн өкчөмө таш ыргытабыз.

    20:10 Ысрайылдын ар бир уруусунан: жүз кишиден он, миңден жүз, түмөндөн миң кишини чыгарып жөнөтөбүз. Алар Бенжеминдин Гибасын Ысрайылда кылган жийиркеничтүү иши үчүн жазалаганы бара турган элге азык алып барышат».

    20:11 Ошондо бардык ысрайылдыктар бул шаарга каршы бир кишидей топтолушту да,

    20:12 Бенжемин уруусуна чабармандарды жөнөтүп, мындай деп айттырышты: «Кандай жийиркеничтүү иш кылгансыңар!

    20:13 Гибадагы бузулган адамдарды чыгарып бергиле, биз аларды өлтүрүп, Ысрайылдагы жамандыкты түп-тамыры менен жок кылабыз». Бирок Бенжемин уулдары бир туугандарынын, Ысрайыл уулдарынын, үнүн уккулары келген жок.

    20:14 Анан Бенжемин уулдары Ысрайыл уулдары менен согушуу үчүн, өздөрү жашаган шаарлардан чыгып, Гибага топтолушту.

    20:15 Ошол күнү өздөрү жашаган шаарлардан чыгып, Гибага чогулуп, кылычын кынынан сууруган Бенжемин уулдары жыйырма алты миң киши болду. Булардан тышкары, Гибанын өзүнөн жети жүз тандалган жоокер эсепке кирди.

    20:16 Бул элдин ичинен тандалган жети жүз киши сологой болгон. Алар салмоордон таш ыргытканда таамай тийгизген жоокерлер болчу.

    20:17 Бенжемин уулдарын кошпогондо, ысрайылдыктардын кылычын кынынан сууруган жоокерлеринин саны төрт жүз миң болчу. Мунун баары согушка жөндөмдүү адамдар эле.

    Бенжеминге каршы согуш

    20:18 Алар туруп, Бейтелге барышты. Ысрайыл уулдары Кудайдан: «Бенжемин уулдарына каршы согушту биздин арабыздан биринчи ким башташы керек?» – деп сурашты. Теңир аларга: «Жүйүт баштайт», – деди.

    20:19 Ысрайыл уулдары эрте туруп, стандары менен Гибанын жанына жайгашышты.

    20:20 Бенжемин уулдары менен согушуу үчүн, Ысрайыл уулдары тизилип, Гибанын алдында турушту.

    20:21 Бенжемин уулдары Гибадан чыгышты. Алар ошол күнкү салгылашта жыйырма эки миң ысрайылдыкты сулатышты.

    20:22 Бирок Ысрайыл эли кайраттанып, кечүүги турган жерине кайра тизилип турду.

    20:23 Ысрайыл уулдары кечке чейин Теңирдин алдында ыйлап, Кудайдан: «Бир туугандарыбыз Бенжемин уулдарына каршы барсак болобу?» – деп сурашты. Теңир аларга: «Баргыла», – деди.

    20:24 үкинчи күнү Ысрайыл уулдары Бенжемин уулдарына жакындап барышты.

    20:25 Бенжемин уулдары аларга каршы экинчи күнү да жапырт чыгып, кылыч көтөргөн Ысрайыл уулдарынан дагы он сегиз миң адамды жерге сулатышты.

    20:26 Ошондо бүт Ысрайыл уулдары менен бүт эл Бейтелге келип, ошол жерде отуруп алып, Теңирдин алдында ыйлашты, кечке чейин орозо кармашты. Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын чалышты.

    20:27 Анан Ысрайыл уулдары Теңирдин эркин сурашты (ошол учурда Кудайдын келишим сандыгы ошол жерде эле,

    20:28 Арундун уулу, элазардын уулу Пинкас анын алдында кызмат кылчу). Алар: «Бир туугандарыбыз Бенжемин уулдарына каршы барсак болобу?» – деп сурашты. Теңир аларга: «Баргыла, эртең Мен аларды силердин колуңарга салып берем», – деди.

    20:29 Ысрайылдыктар Гибанын тегерегине буктурма коюшту.

    20:30 Ысрайыл уулдары Бенжемин уулдарына каршы үчүнчү күнү да бет алышты. Алар мурдагыдай эле Гибанын алдында тизилип турушту.

    20:31 Бенжемин уулдары шаардан чыгып, аларга каршы бет алышты. Аларды мурдагыдай эле Бейтелге кетчү жолдо жана талаа менен Гибага кетчү жолдо кырып салышты. Ысрайылдыктардан отузга жакын адам өлдү.

    20:32 Ошондо Бенжемин уулдары: «Алар мурдагыдай эле алдыбызда сулап жатышат», – дешти. Ысрайыл уулдары болсо: «Булардан качалы да, шаарынан алыстатып, алагды кылып, жолго алып чыгалы», – дешти.

    20:33 Бардык ысрайылдыктар орундарынан туруп, Баал-Тамарга тизилишти. Ошондо буктурмадагы ысрайылдыктар чыга калып, Гибанын батыш тарабынан кол салышты.

    20:34 Ысрайылдын тандалган он миң жоокери Гибанын алдына келди, ошондо катуу салгылаш болду. Бенжемин уулдары баштарына мүшкүл түшөрүн билишкен жок.

    20:35 Теңир Бенжемин уулдарын ысрайылдыктардын алдында талкалады. Ошол күнү ысрайылдыктар кылычын кынынан сууруган Бенжемин уулдарынан жыйырма беш миң бир жүз адамды сулатышты.

    Бенжемин уулдарынын жеңилиши

    20:36 Бенжемин уулдары өздөрүнүн жеңилип калганын көрүштү. Ысрайылдыктар аларга жол бошотуп беришти, анткени алар Гибадагы өздөрү койгон буктурмага ишеништи.

    20:37 Буктурмадагылар болсо Гибага шашылыш кирип, бүт шаарды кылычтап кырды.

    20:38 Шарттуу белги беребиз деп, ысрайылдыктар буктурмада жаткандар менен сүйлөшүп алышкан, шаардан түтүн көтөрүлгөндө, алар кол салышмак.

    20:39 Ошентип, ысрайылдыктар согуш талаасынан чегине бергенде, Бенжемин уулдары кол салып, ысрайылдыктардын отузга жакын адамын өлтүрүштү да: «Булар мурдагы салгылаштардагыдай эле алдыбызда сулап жатышат», – дешти.

    20:40 Ошол учурда шаардан түтүн көтөрүлдү. Бенжемин уулдары артын карашса, бүт шаарды түтүн каптап, түтүн асманга көтөрүлүп жатыптыр.

    20:41 Ысрайылдыктар кайра артка кайрылышты, Бенжемин уулдары эмне кыларын билбей калышты, анткени баштарына мүшкүл түшкөнүн көрүштү.

    20:42 Ошондо алар ысрайылдыктардан качып, чөлгө карай кеткен жолго түшүштү, бирок качып кутула алышкан жок, шаарлардан чыккан ысрайылдыктар аларды өлтүрүштү.

    20:43 Алар Бенжемин уулдарын курчап, Гибанын чыгыш тарабындагы Менухага чейин кууп барышты.

    20:44 Бенжемин уулдарынын он сегиз миң эр жүрөк адамы өлдү.

    20:45 Калгандары чөлдөгү Римон аскасына качышты. Ысрайылдыктар жол бою дагы беш миң адамды кырышты. Алардын артынан Гидомго чейин кууп барып, алардын эки миң адамын өлтүрүштү.

    20:46 Бенжемин уулдарынан ошол күнү бардыгы болуп кылычын кынынан сууруган жыйырма беш миң жоокер кырылды, алардын бардыгы эр жүрөк адамдар эле.

    20:47 Аман калган алты жүз адам чөлгө качып, Римон аскасына жашынды. Алар таштуу Римон тоосуна төрт ай корголошту.

    20:48 Ысрайылдыктар болсо Бенжемин уулдарына кайра кайрылып келишип, кылычтап кырышты да, шаардагы адам дебей, мал дебей, жолунан чыккандын бардыгын кырып, шаарларды өрттөп жиберишти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск