Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Судей 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    Бенжемин уруусунун кийинки тагдыры

    21:1 Ысрайылдыктар Миспада: «үч кимибиз Бенжемин уулдарына кыз бербейбиз», – деп ант беришти.

    21:2 үл Бейтелге келип, ошол жерде кечке чейин Кудайдын алдында отуруп алып, өкүрүп ыйлады.

    21:3 Алар мындай дешти: «Оо ысрайылдыктардын Кудай-Теңири! эмне үчүн Ысрайылда ушундай болду? эми анын бир уруусу жок болду!»

    21:4 үл эртеси эртең менен эрте туруп, ошол жерге курмандык чалынуучу жай куруп, Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын чалды.

    21:5 Ысрайыл уулдары: «Теңирдин алдына Ысрайыл урууларынын ичинен ким келбей калды?» – дешти. Анткени «Миспага, Теңирдин алдына келбей калган адам өлүм жазасына тартылат» деген катуу каргыш айтылган эле.

    21:6 Ысрайыл уулдары бир туугандары Бенжемин уулдарына боор ооруп, мындай дешти: «Азыр Ысрайылдын бир уруусу кесилип ташталды.

    21:7 Тирүү калгандарга кайдан аял алып беребиз? Аларга кыз бербейбиз деп, Теңирдин алдында ант бербедик беле?»

    21:8 Алар дагы: «Миспага, Теңирдин алдына Ысрайыл урууларынын ичинен ким келбей калды?» – дешти. Теңирдин алдына, станга Гилаттын Жабешинен үч ким келбептир.

    21:9 Алар келген элди кыдырып көрүшкөндө, Гилаттын Жабешинин тургундарынан үч ким келбептир.

    21:10 Жамаат он эки миң эр жүрөк жигитке мындай буйрук берип жөнөттү: «Баргыла, Гилаттын Жабешинин тургундарын аял дебей, бала дебей, кылычтап кыргыла.

    21:11 Дагы мындай кылгыла: бардык эркектерин, эркек көргөн бардык аялдарын кырып салгыла».

    21:12 Ошондо алар Гилаттын Жабешинин тургундарынын ичинен эркек көрө элек төрт жүз кызды таап, Канаан жериндеги Шило станына алып келишти.

    21:13 Анан бүт жамаат Римон аскасындагы Бенжемин уулдары менен сүйлөшүүгө чабарман жөнөтүп, аларга тынчтык жарыялады.

    21:14 Ошондо Бенжемин уулдары кайрылып келишти. Гилаттын Жабешиндеги өздөрү аман калтырган кыздарды аларга аялдыкка беришти, бирок бул жетишсиз болуп калды.

    21:15 Теңир Ысрайыл урууларына жарака кетиргендиктен, Бенжемин уулдарына элдин боору ооруду.

    21:16 Жамааттын аксакалдары: «Калгандарына аялды кайдан табабыз? Анткени Бенжемин уулдарынын кыз-келиндери түгөл кырылган», – дешти.

    21:17 Алар дагы мындай дешти: «Ысрайылдын бир уруусу жоюлуп кетпеш үчүн, мураска калган жер тирүү калган Бенжемин уулдарына калсын.

    21:18 Бирок кыздарыбызды аларга аялдыкка бере албайбыз, анткени Ысрайыл уулдары: “Бенжемин уулдарына кыз бергендер каргышка калсын!” – деп ант беришкен».

    21:19 Алар дагы: «Бейтелден түндүккө жана Бейтелден Шекемге кетүүчү жолдон чыгышка, Лебондон түштүккө карай кеткен жердеги Шилодо Теңирдин жыл сайын өткөрүлүүчү майрамы болот», – дешти.

    21:20 Анан алар Бенжемин уулдарына мындай деп буйрук кылышты: «Барып, жүзүмзардын арасына жашынып, карап тургула.

    21:21 Шилолук кыздар бийлегени чыгышканда, жүзүмзардан чыга калгыла да, шилолук кыздардан ар кимиң бирден кызды ала качып, аларды Бенжемин жерине алып кеткиле.

    21:22 Алардын аталары же бир туугандары бизге даттанып келишсе: “Алар үчүн бизди кечирип койгула, биз алардын ар бирине согуштан аял ала келген жокпуз, силер да аларга кыздарыңарды берген жоксуңар. Берсеңер, күнөөлүү болуп калмаксыңар”, – деп айтабыз».

    21:23 Бенжемин уулдары так ошондой кылышты, өздөрүнүн санына жараша оюн-шоокко келген кыздардан бирден ала качышты да, өздөрүнүн элүшүнө тийген жерлерге кайтып кетишти. Шаарларды калыбына келтирип, ошол жерлерде жашап калышты.

    21:24 Ошол эле учурда ысрайылдыктардын ар кимиси өз уруусуна, өз эй-бүлөсүнө, өз энчисине тийген жерлерге тарап кетишти.

    21:25 Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ар ким өзү туура көргөндү кылчу.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск