Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Руфь 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    үлимелектин эй-бүлөсүнүн Маапка көчүп кетиши

    1:1 Башкаруучулар башкарып турган күндөрү Жүйүт аймагында ачарчылык болду. Жүйүт аймагынын Бейт-Лехем шаарынан бир киши аялы, эки уулу менен Маап талааларына жашаганы кетти.

    1:2 Ал кишинин ысымы элимелек, аялынын ысымы Наами, ал эми эки уулунун ысымдары Махлон жана Килийон эле. Алар Жүйүт жеринин Бейт-Лехеминен чыккан эфраталыктар эле. Алар Маап талааларына келип, ошол жерде калышты.

    1:3 Нааминин күйөөсү элимелек көз жумуп, Наами эки уулу менен калды.

    1:4 Алар Маап кыздарынан аял алышты. Биринин ысымы Орпа, экинчисинин ысымы Рут эле. Алар ошол жерде он жылга жакын жашашты.

    1:5 Бирок анын эки уулу тең: Махлон да, Килийон да көз жумду. Ал аял эки уулу менен күйөөсүнөн ажырап, жалгыз калды.

    Наами менен Руттун кайтып келиши

    1:6 Ошондо ал келиндери менен Маап талааларынан чыгып, кайра өз жерине жөнөдү, анткени Маап талааларында жашап турганда, Кудай өз элине келгенин, аларга нан бергенин укту.

    1:7 Ал жашап турган жеринен чыкты, аны менен кошо эки келини да жөнөдү. Жүйүт жерине кайтып бара жаткан жолдо Наами эки келинине:

    1:8 «Баргыла, ар бириңер өз энеңердин үйүнө кайткыла. Маркумдарга жана мага кылганыңарга жараша Теңир силерге ырайым кылсын!

    1:9 Теңир батасын берип, экөөң тең күйөөгө чыгып, баш паана тапкыла!» – деди. Анан аларды өптү, бирок алар буркурап ыйлап:

    1:10 «Жок, биз сени менен кошо сенин элиңе кайтабыз», – дешти.

    1:11 Наами болсо мындай деди: «Кайткыла, кыздарым. Мени менен барып эмне кыласыңар? Менин ичимде силерге күйөө боло турган балдарым бар бекен?

    1:12 Кайткыла, кыздарым, баргыла. Мен эми күйөөгө тийгидей, жаш эмесмин. эгерде мен: “Менден дагы эле эмүттөнсөңөр болот”, – десем да, атүгүл, ушул түнү күйөөм менен болуп, уулдуу болсом да,

    1:13 алар чоңойгуча күтүп жүрмөк белеңер? Күйөөгө чыкпай жүрө бермек белеңер? Жок, кыздарым, силерди ойлоп, аябай капаланып жатам, анткени Теңирдин колу мага каршы көтөрүлдү».

    1:14 Алар кайрадан буркурап ыйлай башташты. Ошондо Орпа кайын энеси менен коштошту, Рут болсо аны менен калды.

    1:15 Наами Рутка: «Мына, келиниң өз элине, өз кудайларына кайтты. Келиниңдин артынан сен да кайт», – деди.

    1:16 Бирок Рут: «Сени таштап, кайтып кетүүгө мени мажбурлаба. Сен кайда барсаң, мен да ошол жакка барам; сен кайсы жерде жашасаң, мен да ошол жерде жашайм. Сенин элиң менин элим, сенин Кудайың менин Кудайым болот.

    1:17 Сен кайсы жерде өлсөң, мен да ошол жерде өлөм, сөөгүм ошол жерге коюлат. Теңир мени жазаласын, катуу жазаласын. Мени сенден өлүм гана ажыратат», – деди.

    1:18 Наами Руттун өзү менен бирге кетүүнү бекем чечкенин көрүп, көндүргөнүн токтотту.

    1:19 Ошентип, экөө Бейт-Лехемге чогуу келишти. Алар Бейт-Лехемге келгенде, бүт шаар кыймылга келип: «Бул Наамиби?» – дешти.

    1:20 Наами аларга: «Мени Наами деп чакырбагыла, мени Мара деп чакыргыла, анткени Бардыгын Кармап Туруучу мени оор кайгыга салды.

    1:21 Мен бул жактан түгөл кеткем, бирок Теңир мени куру кол кайтарды. Теңир мени айыптаган соң, Бардыгын Кармап Туруучу башымды кайгыга салган соң, мени Наами деп чакыруунун эмне кереги бар?» – деди.

    1:22 Ошентип, Наами кайтып келди. Аны менен кошо Маап талааларынан келген мааптык келини Рут кайтып келди. Алар Бейт-Лехемге арпа орула баштаганда келишти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск