Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Руфь 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Рут Бууздун талаасында

    2:1 Нааминин күйөөсү элимелектин Бууз деген уруулаш тууганы бар эле, ал атактуу адам болчу.

    2:2 Мааптык Рут Наамиге: «Мен талаага барайын, кимден ырайым тапсам, ошонун артынан машак терейин», – деди. Наами ага: «Бара кой, кызым», – деди.

    2:3 Рут талаага келип, орокчулардын артынан машак терип жүрдү. Ал талаа элимелектин уруулаш тууганы Буузга таандык эле.

    2:4 Ошол учурда Бууз Бейт-Лехемден келип, орокчуларга: «Теңир силер менен болсун!» – деди. Алар ага: «Теңир сага батасын берсин!» – дешти.

    2:5 Анан Бууз орокчуларынын башында турган кызматчыдан: «Бул жаш келин кимдин аялы?» – деп сурады.

    2:6 Орокчулардын башында турган кызматчы мындай деп жооп берди: «Бул жаш келин – Маап талааларынан Наами менен кошо келген мааптык аял.

    2:7 Ал мага: “Мен орокчулардын артынан, боолорду аралап машак терип алайын”, – деп, эртең мененден бери ушул жерде жүрөт. Ал үйүндө аз болот».

    2:8 Ошондо Бууз Рутка: «Кулак салчы, кызым, сен башка талаага машак тергени барба, бул жерден кетпе, ушул жерде менин кызматчы аялдарым менен бирге бол.

    2:9 Алар оргон талаадан ор, алардын артынан калба. Кызматчыларыма сага тийбөөнү буйрук кылдым. Суу ичкиң келсе, барып, кызматчыларым сузуп алып ичкен идиштерден ич», – деди.

    2:10 Рут жүзтөмөндөп жыгылып, жерге чейин ийилип таазим кылды да, ага: «Жат жерлик болгонума карабастан, мени кабыл алгыдай, мен сенин алдыңда эмнем менен ырайым таптым?» – деди.

    2:11 Бууз мындай деп жооп берди: «Мага бардыгын айтышты, күйөөң өлгөндөн кийин кайын энең үчүн эмне кылганыңды, өз атаңды, өз энеңди, ата мекениңди таштап, мурун билбеген, чоочун элге келгениңди уктум.

    2:12 Бул ишиң үчүн Теңир сага тиешеңди берсин, Ысрайылдын Кудайынан сага толук сыйлык берилсин, анткени сен Анын канатынын астынан тынчтык табуу үчүн келдиң!»

    2:13 Ошондо Рут ага: «Сенин алдыңда ырайым тапсам экен, мырзам! Күңдөрүңдүн ичинен бир күңэңдүн кунуна татыбасам да, жүрөгүмө жаккан сөздөрдү айтып, көңүлүмдү көтөрүп койдуң», – деди.

    2:14 Бууз түшкү тамак убагында Рутка: «Бери келип нан же, наныңды суусундукка малып же», – деди. Ал орокчулардын жанына отурду. Бууз ага нан алып берди. Ал нандан тойгончо жеди, нанынан дагы артып калды.

    2:15 Анан ал машак тергени турду. Бууз кызматчыларына мындай деп буйрук берди: «Бул келин боолордун арасынан машак тере берсин, аны таарынтпагыла.

    2:16 Ага боолордон да ыргытып, калтырып тургула, терип алсын, аны урушпагыла».

    2:17 Ошентип, ал талаада кечке чейин машак терип жүрдү. Терип алган данын бастырганда, бир эйфага жакын арпа болду.

    2:18 Арпасын алып, шаарга кетти. Анын терип келгенин кайын энеси көрдү. Рут өзү тойгондон кийин калтырып койгон нанды койнунан чыгарып, кайын энесине берди.

    2:19 Кайын энеси Рутка: «Сен бүгүн кайсы жерден тердиң, кайсы жерде иштедиң? Сени кабыл алган кишиге Кудай батасын берсин!» – деди. Рут кайын энесине кимдикинде иштегенин айтты: «Мен бүгүн Бууз деген кишинин талаасында иштедим».

    2:20 Ошондо Наами келинине: «Тирүүлөргө да, өлгөндөргө да ырайым көрсөткөнү үчүн, ага Теңир батасын берсин!» – деди. Анан Наами ага: «Ал биздин жакын тууганыбыз болот», – деди.

    2:21 Мааптык Рут: «Атүгүл, ал мага: “Оруу-жыюу бүткөнчө, менин кызматчы аялдарым менен бирге бол”, – деп айтты», – деди.

    2:22 Ошондо Наами келини Рутка: «Анын кызматчы аялдары менен чогуу болгонуң жакшы, кызым, сени башка талаадагылар кордошпойт», – деди.

    2:23 Ошентип, ал Бууздун кызматчы аялдары менен бирге болуп, арпа оруму менен буудай оруму бүткөнчө, машак терип, кайын энесинин үйүндө жашап турду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск