Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Руфь 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Руттун баш паана табышы

    3:1 Анан ага кайын энеси Наами мындай деди: «Кызым, өзүңө жакшы болушу үчүн, баш паана тапсаң кантет?

    3:2 Сен кызматчы аялдары менен болгон Бууз биздин тууганыбыз. Ал ушул түнү кырманда арпа сапырат.

    3:3 Жуунуп, жыпар жыттуу май сүйкөнүп, жакшы кийимиңди кийип, кырманга бар, ал жеп-ичип бүткөнчө, көзүнө көрүнбө.

    3:4 Ал уктаганы жатканда, кайсы жерге жатканын бил да, барып, бут жагын ачып, жатып ал. Ал сага эмне кылууну айтат».

    3:5 Рут ага: «Мен сенин айтканыңдын баарын кылам», – деп жооп берди.

    3:6 Рут кырманга барып, кайын энеси айткандай кылды.

    3:7 Бууз ичип-жеп, көңүлүн көтөргөндөн кийин, эймөктүн жанына барып жатты. Ошондо Рут акырын келип, анын бут жагын ачып, жатып алды.

    3:8 Түн ортосунда ал чочуп ойгонуп, ордунан туруп караса, бут жагында бир аял жатыптыр.

    3:9 Ошондо Бууз андан: «Сен кимсиң?» – деп сурады. Рут ага: «Мен сенин күңэң Рутмун. Күңэңө канатыңды жай, анткени сен туугансың», – деди.

    3:10 Бууз мындай деди: «Теңир сага батасын берсин, кызым! Сен жакырлар менен байлардын арасынан жаш адам издеген жоксуң, бул кылганың мурунку ишиңден да жакшы болду.

    3:11 Ошондуктан коркпо, кызым, сен айткандын баарын жасайм. Анткени менин шаарымдагы элдин баары сенин жакшы аял экениңди билет.

    3:12 Менин тууган экеним ырас, бирок менден да жакын тууганың бар.

    3:13 Бул түнү ушул жерде түнө. эртең эле, эгерде ал тууган сени кабыл алса, анда жакшы болот, кабыл алсын. эгерде ал сени кабыл алгысы келбесе, анда мен өзүм кабыл алам. Теңир тирүү! Таң атканга чейин жата тур».

    3:14 Ошентип, ал таң атканга чейин анын бут жагында жатты. Анан ал бири-биринин өңэн ажырата алган убакка чейин эле туруп кетти. Бууз: «Кырманга аял келгенин билишпесин», – деди.

    3:15 Анан Рутка: «Yстүңдөгү сырт кийимиңди бер, аны кармап тур», – деди. Ал кармап турду. Ошондо Бууз ага алты ченем арпа өлчөп, ийнине салып берди. өзү шаарга кетти.

    3:16 Рут болсо кайын энесине келди. Кайын энеси: «үмне болдуң, кызым?» – деп сурады. Рут ага Бууздун эмне кылганынын бардыгын айтып берди.

    3:17 Анан: «Ал мага бул алты ченем арпаны берип: “Кайын энеңе куру кол барба”, – деп айтты», – деди.

    3:18 Кайын энеси: «Иш эмне менен бүтөрүн билгиче, күтө тур, кызым. Анткени ал киши ишти бүгүн бүтүрмөйүнчө жай албайт», – деди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск