Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Руфь 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Бууздун Рутту алышы

    4:1 Бууз шаар дарбазасынын алдына барып отурду. Ошол учурда анын жанынан өзү айткан тууганы өтүп бара жаткан эле. Бууз ага: «Бери кел, бул жерге отур», – деди. Ал келип отурду.

    4:2 Бууз шаар аксакалдарынан он кишини чакырып алып, аларга: «Бул жерге отургула», – деди. Алар отурушту.

    4:3 Ошондо Бууз жакын тууганына: «Маап талааларынан кайтып келген Наами биздин тууганыбыз элимелекке таандык жердин бир бөлүгүн сатып жатат.

    4:4 Сенин кулагыңа угузайын, айтайын деп чечтим: бул жерде отургандардын жана элимдин аксакалдарынын көзүнчө аны кунун төлөп кайрып ал. эгерде кунун төлөп кайрып алгың келсе, кайрып ал. Андай кылгың келбесе, мага айт, мен билгидей болоюн. Анткени сенден бөлөк үч ким кунун төлөп кайрып ала албайт. Сенден кийинки эле жакын тууганы менмин», – деди. Ал: «Кунун төлөп кайрып алам», – деди.

    4:5 Бууз: «Нааминин жерин кайрып алгың келсе, маркумдун аялы мааптык Руттукун кошо кайрып алышың керек, элүшү маркумдун наамында калышы үчүн, Рутту аялдыкка алышың керек», – деди.

    4:6 Ошондо ал тууганы: «Мен аны ала албайм, элүшүм бузулуп калат. Аны сен кабыл ал, мен кабыл ала албайм», – деди.

    4:7 Мурун Ысрайыл элинде сатып алууда жана алмашууда, ар бир ишти бекемдеш үчүн мындай салт болгон: бири өзүнүн бут кийимин чечип, экинчисине берген, бул Ысрайылда күбөлүк катары болгон.

    4:8 Анан тууганы Буузга: «өзүң сатып ал», – деди да, бут кийимин чечти.

    4:9 Ошондо Бууз аксакалдарга жана бүт элге: «Менин Наамиден элимелектин бүт жерин, Килийон менен Махлондун бүт жерин сатып алып жатканыма силер азыр күбөсүңөр.

    4:10 Єлүшү маркумдун наамында калышы үчүн, маркумдун ысымы бир туугандарынын арасында жана жашаган жеринде өчпөшү үчүн, Махлондун аялы мааптык Рутту аялдыкка алып жатам. Силер бүгүн буга күбөсүңөр», – деди.

    4:11 Дарбазанын алдында турган бүт эл жана аксакалдар мындай дешти: «Биз күбөбүз, үйүңө кирген аялды Теңир Ысрайылдын тукумун улаган Рахел менен Леядай кылсын. эфратада байлыкка эү бол, Бейт-Лехемде ысымың даңазалансын.

    4:12 Теңир сага ушул жаш аялдан бере турган тукум Тамар Жүйүткө төрөп берген Перестин тукумундай болсун».

    Бууз жана анын тукуму

    4:13 Ошентип, Бууз Рутту алды, Рут анын аялы болуп калды. Ал Рутка жакындады, Теңир берип, анын боюна бүтүп, уул төрөдү.

    4:14 Ошондо аялдар Наамиге мындай дешти: «Теңирге даңк, Ал сени мураскорсуз калтырган жок! Анын ысымы Ысрайылда даңкталсын!

    4:15 Ал сага кубаныч тартуулайт, карыганыңда багат, анткени аны сени жакшы көргөн, сен үчүн жети уулдан артык болгон келиниң төрөп берди».

    4:16 Наами ал баланы алып, койнуна салып көтөрүп жүрдү, анын бакма энеси болду.

    4:17 Кошуна аялдар: «Наами уулдуу болду», – деп, баланын атын Обейт коюшту. Ал – Дөөттүн атасы Жышайдын атасы.

    4:18 Перестин санжырасы мындай: Перестен Хесрон төрөлгөн;

    4:19 Хесрондон Рам төрөлгөн; Рамдан Аминадап төрөлгөн;

    4:20 Аминадаптан Нахшон төрөлгөн; Нахшондон Салмон төрөлгөн;

    4:21 Салмондон Бууз төрөлгөн; Бууздан Обейт төрөлгөн;

    4:22 Обейттен Жышай төрөлгөн; Жышайдан Дөөт төрөлгөн.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск