Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык

    1:1 Теңир Мусаны чакырып, жыйын чатырынын ичинен ага мындай деп айтты:

    1:2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: Силердин араңардан кимдир бирөө Теңирге арнап малдан курмандык чалгысы келсе, анда бодо малдан же майда малдан чалсын.

    1:3 үгерде ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бодо малдан чала турган болсо, кемчилиги жок эркек мал чалсын. Теңирден ырайым табыш үчүн, ал аны жыйын чатырынын кире беришине жетелеп келсин.

    1:4 Анан колун бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын башына койсун, ошондо ал ырайым таап, күнөөлөрүнөн тазаланат.

    1:5 Анан букачарды Теңирдин алдында сойсун. Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар, анын канын алып келип, жыйын чатырынын кире беришиндеги курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.

    1:6 Анан ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын терисин сыйрып алып, этин жиликтеп бөлсүн.

    1:7 Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар болсо, курмандык чалынуучу жайга от алып келип, үстүнө отун салышсын.

    1:8 Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар, курмандыктын жиликтенген этин, башын, майын курмандык чалынуучу жайда күйүп жаткан отундардын үстүнө орду-орду менен коюшсун.

    1:9 Ал эми ичеги-карындары менен шыйрактарын сууга жуушсун. Анан ыйык кызмат кылуучу анын бардыгын курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.

    1:10 үгерде анын курмандыгы майда мал: кой же эчки болсо, анда кемчилиги жок эркек мал болсун.

    1:11 Аны Теңирдин алдында курмандык чалынуучу жайдын түндүк тарабына сойсун. Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар, анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.

    1:12 Анан аны жиликтеп бөлүп, башын кесип, майын ажыратышсын. Ыйык кызмат кылуучу аларды курмандык чалынуучу жайда күйүп жаткан отундардын үстүнө орду-орду менен койсун.

    1:13 Ал эми ичеги-карындары менен шыйрактарын сууга жуушсун. Анан ыйык кызмат кылуучу баарын алып келип, курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.

    1:14 үгерде ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка Теңирге арнап канаттуулардан алып келгиси келсе, бактек же жаш көгүчкөн алып келсин.

    1:15 Ыйык кызмат кылуучу аны курмандык чалынуучу жайга алып келип, башын бурап, курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн, канын болсо курмандык чалынуучу жайдын капталына сыксын.

    1:16 Анын жемсөөсү менен жүнүн курмандык чалынуучу жайдын чыгыш тарабындагы күл жаткан жерге таштасын.

    1:17 Анын канаттарын сындырып койсун, бирок жулуп албасын. Ыйык кызмат кылуучу аны курмандык чалынуучу жайда күйүп жаткан отундардын үстүнө коюп өрттөп жиберсин. Бул – жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск