Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 40

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    40-БөЛЄМ

    Жыйын чатырынын ыйыкталышы

    40:1 Теңир Мусага мындай деди:

    40:2 «Биринчи айдын биринчи күнү жыйын чатырын тик.

    40:3 Анын ичине келишим сандыгын алып кирип, сандыктын алдына көшөгөнү ил.

    40:4 Yстөлдү алып кирип, анын үстүнө идиштерин кой, анан чырактанды алып кирип, анын үстүнө чырактарын кой.

    40:5 Алтындан жасалган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды алып кирип, келишим сандыгынын тушуна кой, жыйын чатырынын кире беришине көшөгөнү ил.

    40:6 Курмандык чалынуучу жайды жыйын чатырынын алдына кой.

    40:7 Жуунгучту жыйын чатыры менен курмандык чалынуучу жайдын ортосуна коюп, ичине суу куюп кой.

    40:8 Короону жабуу менен курча, короонун кире беришинин көшөгөсүн ил.

    40:9 Майлоочу майды алып, жыйын чатырын жана ага тиешелүү бардык нерсени ыйыкташ үчүн майлап чык, ошондо алар ыйык болот.

    40:10 Курмандык чалынуучу жайды жана ага тиешелүү бардык нерселерди майлап чык. Курмандык чалынуучу жайды ыйыкта, ошондо ал эң ыйык жай болот.

    40:11 Жуунгучту жана анын түбүн майлап ыйыкта.

    40:12 Арунду жана анын уулдарын жыйын чатырынын алдына алып келип, сууга жуунт.

    40:13 Мага ыйык кызмат кылышы үчүн, Арунга ыйык кийимдерди кийгизип, аны майлап, ыйык кызматка дайында.

    40:14 Анын уулдарын алып келип, аларга узун көйнөктөрдү кийгиз.

    40:15 Алар Мага ыйык кызмат кылышы үчүн, аларды да атасын майлагандай майла. Бул майлоо аларды түбөлүккө, укумдан-тукумга ыйык кызматка дайындаган майлоо болот».

    40:16 Муса бардыгын Теңир буйругандай аткарды.

    40:17 Жыйын чатыры экинчи жылдын биринчи айынын биринчи күнү тургузулду.

    40:18 Муса жыйын чатырын тикти: анын таканычтарын орнотту, устундарын бекитти, шыргыйларын койду, мамыларын тургузду,

    40:19 анан жыйын чатырынын үстүнө жабуу жапты, Теңир буйругандай кылып, алардын үстүнө дагы бир жабуу жапты.

    40:20 Мыйзамды алып, сандыкка салды, шыргыйларды сандыктын шакектерине киргизди, сандыктын үстүнө капкакты жапты.

    40:21 Сандыкты жыйын чатырынын ичине алып кирип, көшөгөнү илип, Теңир буйругандай, келишим сандыгын далдалап койду.

    40:22 Жыйын чатырынын ичине, анын түндүк жагына, көшөгөнүн сыртына үстөлдү койду.

    40:23 Теңир буйругандай, анын үстүнө Теңирдин алдына эки катар нан тизип койду.

    40:24 Жыйын чатырынын ичине, үстөлдүн маңдайына, жыйын чатырынын түштүк жагына чырактанды койду.

    40:25 Теңир буйругандай кылып, Теңирдин алдына чырактанды, анын үстүнө чырактарды койду.

    40:26 Жыйын чатырынын ичине, көшөгөнүн жанына алтындан жасалган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды койду.

    40:27 Теңир буйругандай, анын үстүндө жыпар жыттуу заттарды түтөттү.

    40:28 Анан жыйын чатырынын кире беришине көшөгө илди.

    40:29 Жыйын чатырынын алдына курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды койду, Теңир буйругандай, анын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалып, нан курмандыктарын өрттөдү.

    40:30 Анан жуунгучту жыйын чатыры менен курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайдын ортосуна коюп, суу куюп койду.

    40:31 Андан суу алып, Муса, Арун жана Арундун уулдары колдорун, буттарын жуушту.

    40:32 Теңир Мусага буйругандай, алар жыйын чатырына кирерде жана курмандык чалынуучу жайга жакындарда жуунушчу.

    40:33 Жыйын чатыры менен курмандык чалынуучу жайдын тегерегин жабуу менен курчап, короонун кире беришине көшөгө илди. Ошентип, Муса бардык ишти бүттү.

    Жыйын чатырынын үстүндөгү булут

    40:34 Ошондо жыйын чатырын булут каптап, жыйын чатыры Теңирдин даңкына толду.

    40:35 Муса жыйын чатырына кире алган жок, анткени чатырды булут каптап, Теңирдин даңкына толуп турган эле.

    40:36 Булут жыйын чатырынан көтөрүлгөндө, Ысрайыл уулдары жолун улантышчу.

    40:37 үгерде булут көтөрүлбөсө, анда алар да, ал көтөрүлмөйүнчө, жолго чыгышчу эмес.

    40:38 Анткени Теңирдин булуту Ысрайыл уулдарынын көз алдында жыйын чатырынын үстүндө күндүз булут болуп, түн ичинде от болуп, аларды жер кезип жүргөн учурунда коштоп жүрчү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск