Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 39

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    39-БөЛЄМ

    Башкы ыйык кызмат кылуучу Арундун кийими

    39:1 Алар ачык көк, ачык кызыл жана кочкул кызыл түстөгү жүндөн ыйык жайда кызмат кылганда кийиле турган ыйык кийимдерди да токушту. Теңир Мусага буйругандай, Арунга ыйык кийимдерди токушту.

    39:2 үфодду алтындан, ачык көк, ачык кызыл жана кочкул кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан токушту.

    39:3 Алар алтынды жука жайып, андан жип жасап, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөрдүн, зыгыр буласынан чыйратылган жиптердин арасына кошуп, чеберчилик менен кездеме токушту.

    39:4 үфоддун эки ийинине алды-артын бириктире турган чен жасашты, чендин эки учу эфоддун алды-артына бириктирилди.

    39:5 үфоддун бел курчоосун эфоддукундай кылып алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөн жана чыйратылган зыгыр буласынан Теңир Мусага буйругандай кылып токушту.

    39:6 Оникс таштарына, мөөрдүн бетине чеккендей, Ысрайыл уулдарынын аттарын чегип жазып, аларды алтын оюктарга салышты.

    39:7 Теңир Ысрайыл уулдарын эсине алышы үчүн, Теңир Мусага буйругандай, аны эфоддун чендерине бекитишти.

    Төш чөнтөктүн токулушу

    39:8 үфодду токугандай эле, төш чөнтөктү да алтындан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан чеберчилик менен токушту.

    39:9 Ал төрт чарчы эле. Төш чөнтөктү алар эки кат кылып токушту, анын узундугу бир карыш, туурасы бир карыш.

    39:10 Ага асыл таштарды төрт катар кылып салышты. Биринчи катарына лаал, топаз, зымырыт,

    39:11 үкинчи катарына карбункул, сапфир, алмаз,

    39:12 үчүнчү катарына жакут, агат, аметист,

    39:13 төртүнчү катарына хризолит, оникс жана яспис салышты. Алар алтын оюктарга жаткырылды.

    39:14 Таштар Ысрайыл уулдарынын санына жараша болду. Алардын аттарынын саны он эки эле. Мөөрдүн бетине чеккендей, ар бир таштын бетине он эки уруунун аты бирден чегилип жазылды.

    39:15 Төш чөнтөк үчүн таза алтындан өрүлгөн чынжырчаларды жасашты.

    39:16 Алтындан эки оюк, эки шакекче жасап, эки шакекчени төш чөнтөктүн эки учуна бекитишти.

    39:17 Алтындан өрүлгөн чынжырчаларды төш чөнтөктүн эки учундагы шакекчелерге өткөрүштү.

    39:18 Ал эми эки чынжырчанын эки учун эфоддун ченинин сырткы бетине бекитишти.

    39:19 Дагы эки алтын шакекче жасап, аларды төш чөнтөктүн экинчи эки учуна, төш чөнтөктүн ички бетине бекитишти.

    39:20 Алтындан дагы эки шакекче жасап, эфоддун сыртына, эки чендин ылдый жагындагы эфоддун алды-арты бириккен жерине, бел курчоонун үстүнө бекитишти.

    39:21 Теңир Мусага буйругандай, төш чөнтөктүн шакекчелери менен эфоддун шакекчелерин ачык көк жүндөн чыйратылган боо менен байлашты, төш чөнтөктү эфоддон түшпөгүдөй кылып, бел курчоонун үстүнөн байлашты.

    39:22 Анан эфоддун ичинен кие турган чапанды ачык көк жүндөн токушту.

    39:23 Чапанга сооттукундай туюк жака чыгарып, айрылбашы үчүн жүүгин кыюулап коюшту.

    39:24 Ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөн чапандын этегине тегерете чокторду жасашты.

    39:25 Таза алтындан жылаажындарды жасап, аларды чоктордун араларына, чапандын этегине кыдырата тагышты.

    39:26 Теңир Мусага буйругандай, жылаажындар менен чокторду ыйык кызмат кылганда кийиле турган чапандын этегине алмак-салмак, кыдырата тагышты.

    Калган кийимдердин токулушу

    39:27 Арунга жана анын уулдарына зыгыр буласынан узун көйнөктөрдү токушту.

    39:28 Зыгыр буласынан кидарларды, баш кийимдерди, ич кийимдерди токушту.

    39:29 Теңир Мусага буйругандай, чыйратылган зыгыр буласынан, ачык көк, ачык кызыл жана кочкул кызыл түстөгү жүндөн кооздоп бел курчоо токушту.

    39:30 Таза алтынды жылмалап, ыйык таажы жасап, мөөрдүн бетине чеккендей, анын бетине «Бул Теңирге арналган» деп чегип жазышты.

    39:31 Теңир Мусага буйругандай, аны кидарга байлаш үчүн, ага ачык көк жүндөн боо бекитишти.

    Жумуштун аякташы

    39:32 Ошентип, жыйын чатырынын бардык жумуштары бүттү. Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары баарын так ошондой аткарышты.

    39:33 Анан алар Мусага жыйын чатырын, анын жабууларын, ага тиешелүү бардык нерселерди, анын илгичтерин, устундарын, шыргыйларын, мамыларын жана таканычтарын алып келишти.

    39:34 Кызылга боёлгон кой терисинен жасалган жабууну, деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабууну жана далдалай турган көшөгөнү,

    39:35 мыйзам салынган сандыкты, анын шыргыйларын, капкагын,

    39:36 үстөлдү жана ага тиешелүү бардык нерселерди, нан тартууларын,

    39:37 таза алтындан жасалган чырактанды, анын үстүнө коюлуучу чырактарды жана ага тиешелүү нерселердин баарын, чырактанды күйгүзүүчү зайтун майын,

    39:38 алтындан жасалган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды, майлоочу майды, түтөтүлүүчү жыпар жыттуу заттарды жана жыйын чатырынын кире беришиндеги көшөгөнү,

    39:39 жезден жасалган курмандык чалынуучу жайды, анын жез торун, шыргыйларын, ага тиешелүү бардык нерселерди, жуунгучту жана анын түбүн,

    39:40 короонун жабууларын, мамыларын, алардын таканычтарын, короонун кире беришиндеги көшөгөнү, аркандарын, казыктарын жана жыйын чатырында кызмат кылганда керектелүүчү буюмдарды,

    39:41 ыйык жайда кызмат кылганда кийиле турган кийимдерди, ыйык кызмат кылуучу Арундун ыйык кийимдерин, Арундун уулдарынын ыйык кызмат кылганда кие турган кийимдерин алып келишти.

    39:42 Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары бардык жумушту так ошондой аткарышты.

    39:43 Муса алар аткарган жумуштун бардыгын карап чыгып, бардыгы Теңир буйругандай аткарылганын көрдү. Ошондо Муса аларга батасын берди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск