Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 38

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    38-БөЛЄМ

    Курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жай

    38:1 Курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды акация жыгачынан төрт бурчтуу кылып, узундугун беш чыканак, туурасын беш чыканак, бийиктигин үч чыканак кылып жасады.

    38:2 Анын төрт бурчунан мүйүз чыгарып, аны жез менен каптады.

    38:3 Курмандык чалынуучу жайга тиешелүү бардык нерселерди: күл сала турган идиштерди, калактарды, чараларды, айрыларды, чок салгычтарды, ага тиешелүү нерсенин баарын жезден жасады.

    38:4 Курмандык чалынуучу жай үчүн жезден арчындап тор жасады. Анан курмандык чалынуучу жайдын жарымын түзүп тургудай кылып, аны тегерете чыгып турган кырдын астына орнотту.

    38:5 Шыргыйларды киргизүү үчүн, тордун төрт бурчуна төрт шакек жасады.

    38:6 Шыргыйларды акация жыгачынан жасап, аларды жез менен каптады.

    38:7 Курмандык чалынуучу жайды көтөрүп жүрүү үчүн, шыргыйларды капталдарындагы шакектерге киргизди. Курмандык чалынуучу жайды тактайдан ичин бош кылып жасады.

    Жуунгуч

    38:8 Жуунгучту жана анын түбүн жезден жасады, аларды жыйын чатырынын кире беришинде кызмат кылган аялдардын күзгүлөрү менен кооздоду.

    Короо

    38:9 Короону мындай жасады: түштүк тарабына чыйратылган зыгыр буласынан узундугу жүз чыканак болгон жабуу жасады.

    38:10 Ал үчүн жыйырма мамы жана мамылардын астына жыйырма жез таканыч жасады. Мамылардын илгичтери менен мамыларды бириктирген шырыкты күмүштөн жасады.

    38:11 Түндүк жагына да узундугу жүз чыканак болгон жабуу жасады. Ал үчүн жыйырма мамы, мамылардын астына жыйырма жез таканыч жасалды. Мамылардын илгичтери менен мамыларды бириктирген шырыктарды күмүш менен каптады.

    38:12 Батыш жагына да узундугу элүү чыканак болгон жабуу жасады. Ал үчүн он мамы, мамылардын астына он таканыч жасады. Мамылардын илгичтери менен мамыларды бириктирген шырыктарды күмүш менен каптады.

    38:13 Короонун чыгыш жакты караган алдыңкы бетине узундугу элүү чыканак болгон жабуу жасады.

    38:14 Короонун эшигинин бир тарабына узундугу он беш чыканак болгон жабуу жасады. Ал үчүн үч мамы, алардын астына үч таканыч жасалды.

    38:15 үшиктин экинчи тарабына узундугу он беш чыканак болгон жабуу жасады. Ал үчүн үч мамы, алардын астына үч таканыч жасалды.

    38:16 Короону айланта тартылган бардык жабуулар чыйратылган зыгыр буласынан жасалды.

    38:17 Ал эми мамылардын таканычтары жезден, илгичтери менен шырыктары күмүштөн жасалды. Мамылардын үстү күмүш менен капталды. Короонун бардык мамылары күмүш шырыктар менен бириктирилди.

    38:18 Короонун кире беришиндеги көшөгө ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн жана чыйратылган зыгыр буласынан саймаланып жасалды. Анын узундугу жыйырма чыканак, бийиктиги беш чыканак болуп, короонун жабуулары сыяктуу эле узатасынан тартылды.

    38:19 Ал үчүн төрт мамы орнотулуп, мамылардын астына жезден төрт таканыч куюлду. Мамылардын үстү күмүш менен капталды, алардын илгичтери жана аларды бириктирген шырыктар да күмүштөн жасалды.

    38:20 Жыйын чатырынын жана короонун тегерегиндеги казыктардын баары жезден куюлду.

    Жыйын чатырына керектелген алтын, күмүш, жез

    38:21 Мусанын буйругу боюнча, ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Итамардын жетекчилиги астында лебилер жыйын чатырына жумшалган нерселерди эсептешти.

    38:22 Теңир Мусага эмнени буйруса, ошонун баарын Жүйүт уруусундагы Хурдун уулу, Уринин уулу Бетселел жасады.

    38:23 Аны менен бирге Дан уруусундагы Акисамак уулу Алыйап иштеди. Ал таш чеккич, чебер токуучу, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөрдөн жана зыгыр буласынан жасалган кездемелерге сайма сайган саймачы эле.

    38:24 Ыйык жайдын бардык керектөөлөрүнө жумшалган, тартууга алып келинген алтын жыйырма тогуз талант болду. Ыйык шекелден жети жүз отуз шекел болду.

    38:25 үсепке кирген элден жыйналган күмүш жүз талант жана бир миң жети жүз жетимиш беш ыйык шекел болду.

    38:26 үсепке кирген, жыйырма жана андан жогорку жаштагы алты жүз үч миң беш жүз элүү кишинин ар бири ыйык шекелден жарым шекел берди.

    38:27 Жүз талант күмүш ыйык жайдын жана көшөгөлөрдүн таканычтарын куюуга жумшалды. Жүз таканычка жүз талант күмүш, бир таканычка бир талант күмүш жумшалды.

    38:28 Мамылардын илгичтерин, мамыларды бириктирген шырыктарды жасаганга жана мамылардын үстүн күмүш менен каптаганга бир миң жети жүз жетимиш беш шекел жумшалды.

    38:29 Тартууга алып келинген жез жетимиш талант, эки миң төрт жүз шекел болду.

    38:30 Ал жезден жыйын чатырынын кире беришиндеги мамылардын таканычтарын, курмандык чалынуучу жайды, анын жез торун жана курмандык чалынуучу жайдын бардык буюмдарын,

    38:31 короонун мамыларынын таканычтарын, эшиктин мамыларынын таканычтарын, жыйын чатырынын казыктарын, короонун тегерегиндеги бардык казыктарды жасады.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск