Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 37

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    37-БөЛЄМ

    Келишим сандыгы

    37:1 Бетселел сандыкты акация жыгачынан жасады. Анын узундугу эки жарым чыканак, туурасы бир жарым чыканак, бийиктиги бир жарым чыканак болду.

    37:2 Анын ичин да, сыртын да таза алтын менен каптады, таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра курчады.

    37:3 Анын төмөн жагындагы төрт бурчуна төрт алтын шакек куйду. Бир жагына эки шакек, экинчи жагына эки шакек.

    37:4 Акация жыгачынан шыргыйларды жасап, аларды алтын менен каптады.

    37:5 Сандыкты көтөрүп жүрүү үчүн, шыргыйларды сандыктын эки жагындагы шакектерге киргизди.

    37:6 Анан таза алтындан капкак жасады. Анын узундугу эки жарым чыканак, туурасы бир жарым чыканак болду.

    37:7 Алтындан эки керуп жасап, аларды чегип чыкты, аларды капкактын эки четине орнотту.

    37:8 Капкактын бир четинен бир керупту, экинчи четинен экинчи керупту чыгарды, керуптар капкактын эки четинен чыгып турду.

    37:9 Керуптардын канаттары асманга жайылып, капкакты жаап турду. Алар маңдай-тескей туруп, жүздөрү капкакты карап турду.

    Нан тартуусу коюлуучу үстөл

    37:10 Анан акация жыгачынан узундугу эки чыканак, туурасы бир чыканак, бийиктиги бир жарым чыканак үстөл жасады.

    37:11 Аны таза алтын менен каптап, үстүнө таажыныкындай кылып, айландыра алтын ачакей жасап чыкты.

    37:12 Анан алакандын эниндей жүүк чыгарып, таажыныкындай кылып, айландыра алтын ачакей жасап чыкты.

    37:13 Ал үстөл үчүн төрт алтын шакек куюп, шакектерди анын төрт бурчундагы төрт бутуна орнотту.

    37:14 Yстөлдү көтөрүп жүрүү үчүн, жүүктердин астына шыргыйларды сала турган шакектерди жасады.

    37:15 Yстөлдү көтөрүп жүрүү үчүн, акация жыгачынан шыргыйларды жасап, аларды алтын менен каптады.

    37:16 Андан кийин үстөлгө керектүү идиштерди: табактарды, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерди, чөйчөктөрдү жана кумгандарды таза алтындан жасады.

    Чырактан

    37:17 Таза алтындан чырактан жасап, чегип чыкты. Анын өзөгү, бутактары, чөйчөкчөлөрү – мөмөчөлөрү менен гүлдөрү өзүнөн чыгарылып жасалды.

    37:18 Анын эки капталынан алты бутак чыгарылды: үч бутагы бир капталынан, үч бутагы экинчи капталынан чыгарылды.

    37:19 Бир бутагынан бадам гүлүнө окшогон үч чөйчөкчө – мөмөчөлөр менен гүлдөр, экинчи бутактан да бадам гүлүнө окшогон үч чөйчөкчө – мөмөчөлөр менен гүлдөр чыгарылды. Чырактандан чыгып турган алты бутактын баары так ушундай эле.

    37:20 Ал эми чырактандын өзөгүнөн да бадам гүлүнө окшогон төрт чөйчөкчө – мөмөчөлөр менен гүлдөр чыгарылды.

    37:21 өзүнөн чыгып турган алты бутактын астынан мөмөчөлөр чыгарылды. Биринчи эки бутактын астынан бир мөмөчө, экинчи эки бутактын астынан бир мөмөчө, үчүнчү эки бутактын астынан бир мөмөчө чыгарылды.

    37:22 Мөмөчөлөрү менен бутактары өзөктүн өзүнөн чыгарылып, бардыгы таза алтындан бир бүтүн болуп жасалып, чегилди.

    37:23 Чырактандын жети чырагын, кычкачын, чырак өчүргүчтөрүн таза алтындан жасады.

    37:24 Чырактанды жана ага тиешелүү бардык нерселерди бир талант таза алтындан жасады.

    Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жай

    37:25 Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды акация жыгачынан төрт бурчтуу кылып жасады. Анын узундугу бир чыканак, туурасы бир чыканак, бийиктиги эки чыканак болду. Анын төрт бурчунан мүйүздөр чыгарылды.

    37:26 Анын өзүн, үстүн, капталдарын, мүйүздөрүн таза алтын менен каптап, таажыныкындай кылып, айландыра алтын ачакей жасады.

    37:27 Ачакейдин астындагы эки бурчуна эки алтын шакек жасады. Шыргый салып көтөрүп жүрүү үчүн, аларды эки жагына жасады.

    37:28 Шыргыйларды акация жыгачынан жасап, аларды алтын менен каптады.

    37:29 Майлоочу майды, түтөтүү үчүн жыпар жыттуу таза заттарды, аралашма жасаган адамдай, чеберчилик менен жасады.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск