Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Левит 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Тынчтык курмандыгы жөнүндө

    3:1 Ким Теңирге арнап тынчтык курмандыгына эркек же ургаачы бодо малдан алып келсе, анда кемчилиги жогунан алып келсин.

    3:2 Анан колун өз курмандыгынын башына коюп, жыйын чатырынын эшигинин алдында сойсун. Арундун уулдары, ыйык кызмат кылуучулар болсо, анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.

    3:3 Анан ал Теңирге арнап тынчтык курмандыгынын карын майын жана ичиндеги бүт майын,

    3:4 карчыганын астындагы эки бөйрөгү менен бөйрөк майын, эки бөйрөк менен кошо боор майын бөлүп алып келсин.

    3:5 Арундун уулдары буларды курмандык чалынуучу жайда күйүп жаткан отундардын үстүндөгү бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен кошо өрттөшсүн. Бул – жыты Теңирге жаккан курмандык.

    3:6 Ким Теңирге арнап тынчтык курмандыгына эркек же ургаачы майда малдан алып келе турган болсо, кемчилиги жогунан алып келсин.

    3:7 үгерде ал курмандыкка кой алып келсе, аны Теңирдин алдына жетелеп келсин.

    3:8 Анан колун өз курмандыгынын башына коюп, жыйын чатырынын эшигинин алдында сойсун. Арундун уулдары болсо анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.

    3:9 Анан ал Теңирге арнап өрттөө үчүн, тынчтык курмандыгынын майын, кыр арканын учунан кесилген куйрук майын, карын майын, ичиндеги бүт майын,

    3:10 карчыганын астындагы эки бөйрөгү менен бөйрөк майын, эки бөйрөгү менен кошо боор майын бөлүп алып келсин.

    3:11 Ыйык кызмат кылуучу аларды курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Отко өрттөлгөн бул курмандык Теңирге арналган курмандык болот.

    3:12 үгерде ал курмандыкка эчки алып келсе, аны Теңирдин алдына жетелеп келсин.

    3:13 Анан колун анын башына коюп, жыйын чатырынын алдында сойсун. Арундун уулдары анын канын курмандык чалынуучу жайдын ар тарабына чачып чыгышсын.

    3:14 Анан Теңирге арнап анын карын майын жана ичиндеги бүт майын,

    3:15 карчыганын астындагы эки бөйрөгү менен бөйрөк майын, эки бөйрөгү менен кошо боор майын бөлүп алып келсин.

    3:16 Анан ыйык кызмат кылуучу аларды курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн. Отко өрттөлгөн бул курмандык – жыты Теңирге жаккан курмандык, анын бардык майы Теңирге арналсын.

    3:17 Бул көрсөтмө силердин укум-тукумуңарга алардын жашаган жерине карабастан түбөлүккө калсын. үч кандай май, үч кандай кан жебегиле».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск