Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Неемия 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Иерусалимдин тургундары

    11:1 үл башчылар Иерусалимде жашап калышты, ал эми калган элдин ондон бир бөлүгү Иерусалимде жашаш үчүн, калган тогуз бөлүгү башка шаарларда жашаш үчүн, өкчөмө таш ыргытышты.

    11:2 үл өз ыктыяры менен Иерусалимде жашоого макул болгондордун баарына батасын берди.

    11:3 Иерусалимде жашаган өлкө башчылары булар – Жүйүт аймагынын шаарларында ысрайылдыктар, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, нетиндер, Сулаймандын кулдарынын уулдары ар бири өздөрүнө таандык шаарларда жашашты.

    11:4 Иерусалимде Жүйүттүн уулдары менен Бенжемин уулдары жашап калышты. Жүйүттүн уулдарынан: Атая. Атая – Узиянын уулу, Узия – Захариянын уулу, Захария – Амариянын уулу, Амария – Шепатиянын уулу, Шепатия – Маалалелдин уулу, Маалалел Перес тукумунан.

    11:5 Ошондой эле Маасея. Маасея – Барухтун уулу, Барух – Кол-Хозенин уулу, Кол-Хозе – Хазаянын уулу, Хазая – Адаянын уулу, Адая – Жойарыптын уулу, Жойарып – Захариянын уулу, Захария – Шейланын уулу.

    11:6 Иерусалимде жашаган Перестин бардык уулдары төрт жүз алтымыш сегиз эле. Алар жоокер адамдар болчу.

    11:7 Бенжемин уулдары: Ышайа уулу, Итиел уулу, Маасея уулу, Колая уулу, Педая уулу, Жойет уулу, Мешулам уулу Салу.

    11:8 Алардын соңунан Габай, Салай, бардыгы болуп тогуз жүз жыйырма сегиз адам.

    11:9 Зихри уулу Жоел аларга башчы болду, ал эми Асенуа уулу Жүйүт шаардын экинчи башчысы болду.

    11:10 Ыйык кызмат кылуучулардан: Жойарип уулу Жедая, Жахин жана

    11:11 Кудай үйүндө башчы болгон Серая. Ал – Хилкиянын уулу, Хилкия – Мешуламдын уулу, Мешулам – Садоктун уулу, Садок – Мерайоттун уулу, Мерайот – Акитуптун уулу.

    11:12 Кудайдын үйүндө кызмат кылган алардын бир туугандары сегиз жүз жыйырма эки болду. Ошондой эле Адая. Ал – Жерохамдын уулу, Жерохам – Пелалиянын уулу, Пелалия – Амисийдин уулу, Амисий – Захариянын уулу, Захария – Пашхурдун уулу, Пашхур – Малкиянын уулу.

    11:13 Уруу башчылары болгон анын бир туугандары эки жүз кырк эки адам болду. Ошондой эле Амашсай. Амашсай – Азариелдин уулу, Азариел – Аказайдын уулу, Аказай – Мешилеймоттун уулу, Мешилеймот – Имердин уулу.

    11:14 Алардын бир туугандары жүз жыйырма сегиз эр жүрөк аскерлер эле. Аларга Хагедолим уулу Забдиел башчы болду.

    11:15 Ал эми лебилерден: Шемая. Шемая – Хашуптун уулу, Хашуп – Азрикамдын уулу, Азрикам – Хашабиянын уулу, Хашабия – Бунинин уулу.

    11:16 Кудай үйүндөгү тышкы иштер боюнча леби башчылардан Шаптай менен Жозабат,

    11:17 Кудайга сыйынардагы даңктоо ырлардын башкы баштоочусу – Матания. Ал – Миханын уулу, Миха – Забдийдин уулу, Забдий – Асаптын уулу жана анын бир туугандарынын арасында экинчи болгон Бакбукея, ошондой эле Абда. Абда – Шамуянын уулу, Шамуя – Галалдын уулу, Галал – Жедутундун уулу.

    11:18 Ыйык шаардагы бардык лебилер эки жүз сексен төрт адам болду.

    11:19 Ал эми дарбазачылар: Акуп, Талмон жана дарбаза сакчылыгында турган алардын бир туугандары – жүз жетимиш эки адам.

    Калган шаарлардын тургундары

    11:20 Калган ысрайылдыктар, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер жүйүттөрдүн бардык шаарларында, ар ким өз энчисине тийген жерде жашап турушту.

    11:21 Ал эми нетиндер Опелде жашашкан. Нетиндердин үстүндө Зиха менен Гишпа турду.

    11:22 Асаптын Кудай үйүндө кызмат кылган ырчы уулдарынын бири Узи Иерусалимде лебилердин башчысы эле. Узи – Банинин уулу, Бани – Хашабиянын уулу, Хашабия – Матаниянын уулу, Матания – Миханын уулу.

    11:23 Алар тууралуу падышадан өзгөчө буйрук болуп, ырчылар үчүн күн сайын белгилүү кызмат акы бөлүнгөн.

    11:24 Жүйүт уруусунан, Зерак уулдарынан чыккан Мешейзабел уулу Петахия элге тиешелүү ар кандай иштер боюнча падышанын ишенимдүү кишиси болгон.

    11:25 Ал эми айыл-кыштактарда, өз жерлеринде жашаган Жүйүт уулдары Кирийат-Арбада жана ага караштуу айыл-кыштактарда, Дибондо жана ага караштуу айыл-кыштактарда, Жекапсейелде жана ага караштуу айыл-кыштактарда,

    11:26 Жейшуяда, Моладада, Бейт-Палетте,

    11:27 Хатсар-Шуалда, Бейер-Шебада жана ага караштуу айыл-кыштактарда,

    11:28 Сыклакта, Мехондо жана ага караштуу айыл-кыштактарда,

    11:29 үйин-Римондо, Сорада, Жармутта,

    11:30 Заноахта, Адуламда жана аларга караштуу айыл-кыштактарда, Лакиште жана анын талааларында, Азейкада жана ага караштуу шаарларда жашап турушту. Алар Бейер-Шебадан Ином өрөөнүнө чейин жайгашышкан.

    11:31 Бенжемин уулдары Гебадан тартып, Мукмаста, Айда, Бейтелде жана ага караштуу шаарларда,

    11:32 Анатотто, Нопто, Хананиде,

    11:33 Хатсордо, Рамада, Гитайимде,

    11:34 Хадитте, Себоимде, Небалатта,

    11:35 Лоддо, Онодо, Гей-Ахарашим өрөөнүндө жашап турушту.

    11:36 Лебилердин Жүйүт менен Бенжемин жерлеринде да турак-жайлары болгон.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск