Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Неемия 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    10:1 Мөөр баскандар булар болду: Хахалия уулу Некемия-Тиршата жана Ситкия,

    10:2 Серая, Азария, Жеремия,

    10:3 Пашкур, Амария, Малкия,

    10:4 Хатуш, Шебания, Малух,

    10:5 Харим, Меремот, Обадия,

    10:6 Даниел, Гиптон, Барух,

    10:7 Мешулам, Абия, Миямин,

    10:8 Мазия, Билгай, Шемая. Булар – ыйык кызмат кылуучулар.

    10:9 Лебилер: Азания уулу Жешуя, Хейнадат уулдарынан Бинуй, Кадмиел.

    10:10 Алардын бир туугандары: Шебания, Одия, Келита, Пелая, Ханан,

    10:11 Миха, Рехоп, Хашабия,

    10:12 Закур, Шейребия, Шебания,

    10:13 Одия, Бани, Бенуну,

    10:14 үл башчылар: Парош, Пахат-Маап, эйлам, Зату, Бани,

    10:15 Буни, Азгат, Бейбай,

    10:16 Адония, Бикбай, Адин,

    10:17 Атейир, Хиския, Азур,

    10:18 Одия, Хашум, Бейтсай,

    10:19 Харип, Анатот, Нейбай,

    10:20 Махпийаш, Мешулам, Хейзир,

    10:21 Мешейзабел, Садок, Жадуя,

    10:22 Пелатия, Ханан, Аная,

    10:23 Ошуя, Ханания, Хашуп,

    10:24 Алокейиш, Пилха, Шобек,

    10:25 Рехум, Хашабна, Маасея,

    10:26 Акия, Ханан, Анан,

    10:27 Малух, Харим, Баана.

    10:28 Калган элдер, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, дарбазачылар, ырчылар, нетиндер, бөтөн жерлик элдерден бөлүнүп, Кудайдын мыйзамына киргендер, алардын аялдары, уулдары, кыздары – мыйзамды түшүнө алгандардын баары

    10:29 бир туугандарына, алардын атактууларына кошулуп, Кудайдын өзүнүн кулу Муса аркылуу берген мыйзамы боюнча жүрүүгө жана өз Кудай-Теңирибиздин осуяттарын сактап, буйруктарын, мыйзамдарын аткарууга,

    10:30 кыздарын бөтөн жерлик элдерге бербөөгө, уулдарына алардын кыздарын алып бербөөгө,

    10:31 бөтөн жерликтер өздөрүнүн сата турган мал-мүлкүн ишембиде алып келгенде, ишембиде, ыйык күндө, алардан үч нерсе албоого жана жетинчи жылы ар кандай карыздарын кечип коюуга ант беришип, антты бузсак, бизге каргыш тийсин дешти.

    10:32 Кудайыбыздын үйүнүн керектөөлөрүнө жылына шекелдин эчтөн бир бөлүгүн берип турууну да өзүбүзгө мыйзам кылып койдук:

    10:33 алар нан тартууларына, күн сайын коюлуучу нан курмандыктарына, күн сайын чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарга, ишемби күнү, ай жаңырган сайын өткөрүлүүчү майрамда, ар кандай майрамдарда чалынуучу курмандыктарга, ыйык буюмдарга, Ысрайылдын күнөөсү үчүн чалынуучу курмандыктарга – Кудайыбыздын үйүндө өткөрүлүүчү бардык нерселерге арналсын.

    10:34 Биз, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, эл, мыйзамда жазылгандай, Кудай-Теңирибиздин курмандык чалынуучу жайында дайыма от күйүп туруш үчүн, жыл сайын белгиленген убакта жеткирилип туруучу отунду кайсы уруу кайсы убакта Кудайыбыздын үйүнө жеткирип турарын билиш үчүн, өкчөмө таш ыргыттык.

    10:35 Жыл сайын Теңирдин үйүнө жерибиздин алгачкы түшүмү менен жемиш бактарыбыздын алгачкы мөмөлөрүнөн жеткирип турууга да милдеттенме алдык.

    10:36 Ошондой эле, мыйзамда жазылгандай, Кудайыбыздын үйүнө, ыйык кызмат кылуучуларга, Кудайдын үйүндө кызмат кылгандарга, тун уулдарыбызды, ири жана майда малыбыздын биринчи төлүн жеткирип берүүгө милдеттенме алдык.

    10:37 Бастырылган даныбыздын алгачкы түшүмүн, ар кандай тартууларыбызды, жемиш бактарыбыздын мөмөлөрүн, зайтун майларыбызды, шараптарыбызды ыйык кызмат кылуучуларга, Кудайыбыздын үйүндөгү кампаларга жеткирип беребиз, лебилерге болсо жерибизден алынган түшүмдүн ондон бир бөлүгүн жеткирип турабыз. Бардык шаарлардан, дыйканчылык кылган бардык жерлерден лебилер түшүмдүн ондон бир бөлүгүн алып турушат.

    10:38 Лебилер ондон бир бөлүктү алып жатканда, Арундун тукумунан чыккан ыйык кызмат кылуучу алардын жанында турат, лебилер алган ондуктарынын ондон бир бөлүгүн Кудайдын үйүндөгү кампалар үчүн бөлүнгөн бөлмөлөргө жеткиришет.

    10:39 Анткени ал бөлмөлөргө Ысрайыл уулдарындай эле, лебилер да тартууга келген дан, шарап, зайтун майларын жеткирип турууга тийиш. Ал жерде ыйык идиштер, кызмат кылган ыйык кызмат кылуучулар, дарбазачылар, ырчылар турат. Ошентип, биз Кудайыбыздын үйүн таштабайбыз.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск