Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Неемия 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин тизмеси

    12:1 Шалтиел уулу Зоробабыл жана Жешуя менен келген ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер булар: Серая, Жеремия, эзра,

    12:2 Амария, Малух, Хатуш,

    12:3 Шехания, Рехум, Меремот,

    12:4 Идо, Гинтой, Абия,

    12:5 Миямин, Мадия, Билга,

    12:6 Шемая, Жойарип, Жедая,

    12:7 Салу, Амок, Хилкия, Жедая. Булар – Жешуянын тушундагы башкы ыйык кызмат кылуучулар жана алардын бир туугандары.

    12:8 Ал эми лебилер: Жешуя, Бинуй, Кадмиел, Шейребия, Жүйүт, ырчылардын башчысы Матания жана анын бир туугандары,

    12:9 Бакбукея менен Уни, алардын бир туугандары бир катарда сакчылыкта турушту.

    Ыйык кызмат кылуучулардын санжырасы

    12:10 Жешуядан Жайаким, Жайакимден элийашип, элийашиптен Жойада,

    12:11 Жойададан Жонатан, Жонатандан Жадуя төрөлгөн.

    12:12 Жайакимдин тушундагы ыйык кызмат кылуучулар, уруу башчылар булар: Серая тукумунан Мерая, Жеремия тукумунан Ханания,

    12:13 үзра тукумунан Мешулам, Амария тукумунан Жоханан,

    12:14 Мелиху тукумунан Жонатан, Шебания тукумунан Жусуп,

    12:15 Харим тукумунан Адна, Мерайот тукумунан Хилкия,

    12:16 Идо тукумунан Захария, Гиптон тукумунан Мешулам,

    12:17 Абия тукумунан Зихри, Миниямин, Моадия тукумунан Пилтай,

    12:18 Билга тукумунан Шамуя, Шемая тукумунан Жонатан,

    12:19 Жойарип тукумунан Матенай, Жедая тукумунан Узи,

    12:20 Салай тукумунан Калай, Амок тукумунан эйбер,

    12:21 Хилкия тукумунан Хашабия, Жедая тукумунан Натанаел.

    12:22 үлийашип, Жойада, Жоханан жана Жадуянын тушундагы уруу башчы лебилер, ошондой эле Персия падышасы Дарийдин тушундагы ыйык кызмат кылуучулар тизмеге кирди.

    12:23 Уруу башчылары болгон Леби уулдары, элийашип уулу Жоханандын тушуна чейинки санжырада жазылган.

    12:24 Лебилердин башчылары: Хашабия, Шейребия, Кадмиел уулу Жешуя жана алардын бир туугандары. Алардын бир туугандары Кудайдын кишиси Дөөт түзгөн кезек боюнча Кудайга ыраазычылык билдирип даңктап туруу үчүн, алардын каршысына коюлган.

    12:25 Матания, Бакбукея, Обадия, Мешулам, Талмон, Акуп – булар дарбазаларда эшик кайтарган сакчылар.

    12:26 Алар Жотсадак уулу Жешуянын уулу болгон Жайакимдин тушунда, дубан башчы Некемия менен китеп көчүргүч, ыйык кызмат кылуучу эзранын тушунда жашап, ошол кызматтарды аткарып турушкан.

    Иерусалим дубалдарын ыйыктоо

    12:27 Иерусалим дубалын ыйыктарда, лебилерди жашаган жерлеринен Иерусалимге келишин талап кылышты. Аларга ыйыктоо ишин кубанычтуу майрам менен, жез табактардын, арфанын, гуслинин коштоосунда Кудайды мактоо жана даңазалоо ырлары менен өткөрүүнү буйрук беришти.

    12:28 Иерусалимдин тегереги менен Нетопанын кыштактарынан да ырчылардын уулдары келишти.

    12:29 Бейт-Гилгалдан да, Геба жана Азмабет талааларынан да келишти, себеби ырчылар Иерусалимдин чет-жакаларына кыштак куруп алышкан.

    12:30 Ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер өздөрү тазаланып, анан элди да, дарбазаларды да, дубалдарды да ыйыкташты.

    12:31 Ошондо мен Жүйүт аймагынын эл башчыларын дубалдарга алып бардым да, салтанаттуу жүрүш үчүн, ырчылардын эки чоң тобун койдум, алардын бири Кык дарбазасын көздөй дубалдын оң тарабы менен бара жатты.

    12:32 Алардын соңунан Ошая жана Жүйүт аймагынын эл башчыларынын теңи:

    12:33 Азария, эзра, Мешулам,

    12:34 Жүйүт, Бенжемин, Шемая жана Жеремия бара жатты.

    12:35 Ыйык кызмат кылуучулардын уулдарынан сурнай менен бара жаткандар: Захария. Захария – Жонатандын уулу, Жонатан – Шемаянын уулу, Шемая – Матаниянын уулу, Матания – Михейдин уулу, Михей – Закурдун уулу, Закур Асаптын уулу.

    12:36 Ошондой эле анын бир туугандары: Шемая, Азариел, Милалай, Гилалай, Маай, Натанаел, Жүйүт жана Ханани. Булар Кудайдын кишиси Дөөттүн музыкалык аспаптары менен бара жатышты. Алардын алдында китеп көчүргүч эзра бара жатты.

    12:37 Алардын каршысында турган Булак дарбазасынын жанынан алар Дөөттүн шаарына чыга турган тепкичтер менен, Дөөттүн үйүнүн үстүндөгү дубалдарга чыга турган тепкичтер менен чыгыштагы Суу дарабазасына чейин чыгышты.

    12:38 Алардын каршысында ырчылардын экинчи тобу бара жатты, алардан кийин мен бара жаттым. Менден кийин элдин теңи дубал менен Меш мунарасынан жазы дубалга карай бара жатты.

    12:39 үпрайым дарбазасынан, эски дарбазанын алдынан, Балык дарбазасынын, Хананел мунарасынын, Мея мунарасынын алдынан өтүп, Кой дарбазасына жетип, Зындан дарбазасынын алдына токтодук.

    12:40 Анан ырчылардын эки тобу тең, мен жана мени менен келген эл башчылардын теңи Кудай үйүнүн алдына келип туруп калдык.

    12:41 Ыйык кызмат кылуучулар: элийаким, Маасея, Миниямин, Михей, элийонай, Захария, Ханания сурнайлар менен турушту,

    12:42 Маасея, Шемая, элазар, Узи, Жоханан, Малкия, эйлам жана эзер турушту. Анан ырчылар жер жаңырта ырдашты. Аларга Жизрахия башчы болду.

    12:43 Ошол күнү көп курмандык чалышты, анан ырдап шаттанышты, анткени Кудай аларга зор кубаныч берди. Аялдары да, балдары да ырдап шаттанышты. Иерусалимдеги кубаныч алыска угулуп жатты.

    Ийбадатканадагы кызмат тартиби

    12:44 Ошол эле күнү алгачкы түшүм менен ондуктар сакталуучу кампаларга, шаарлардын четиндеги эгин талаалардан алган түшүмдөн мыйзам боюнча ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерге тиешелүү болгон элүштү чогултуш үчүн кишилер коюлду. Анткени жүйүт эли өз Кудайына кызмат кылып жаткан, ыйыктоо иштерин аткарып жаткан ыйык кызмат кылуучулар менен лебилерди көрүп кубанды.

    12:45 Алар өз Кудайына кызмат кылышты, ыйыктоо иштерин жүргүзүштү, ошондой эле Дөөттүн жана анын уулу Сулаймандын буйругу боюнча ырчы жана дарбазачы болуп турушту.

    12:46 Анткени эзелтен эле, Дөөт менен Асаптын тушунда, Кудайды мактоо, ыраазычылык билдирүү ырлары чыгарылып, аларды аткарган ырчылардын жетекчилери коюлган.

    12:47 Зоробабылдын тушунда да, Некемиянын тушунда да бүт ысрайылдыктар ырчыларга да, дарбазачыларга да күн сайын өз элүштөрүн берип келишкен. Ыйык элүштөрдү лебилерге берип турушкан, лебилер болсо ыйык элүштөрдү Арундун уулдарына берип турушкан.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск