Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Неемия 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    үврейлердин башка элдерден бөлүнүшү

    13:1 Ошол күнү Мусанын китебинен мындай жерлер элге угуза окулду: «Амондуктар менен мааптыктар Кудайдын коомуна кире албайт,

    13:2 анткени алар Ысрайылдын уулдарын нан, суу менен тосуп алышкан эмес, аларды каргатыш үчүн Биламды жалдашкан. Бирок биздин Кудай ал каргышты батага айлантып койгон».

    13:3 Алар бул мыйзамды укканда, бардык бөтөн урууларды Ысрайылдан бөлүп салышты.

    Некемиянын киргизген өзгөртүүлөрү

    13:4 Тобиянын жакын тууганы, Кудайыбыздын үйүндөгү кампа бөлмөлөрүнө коюлган ыйык кызмат кылуучу элийашип,

    13:5 Тобияга чоң бөлмөнү даярдап бериптир. Ал бөлмөгө мурун нан курмандыктары, ладан, идиштер, ошондой эле мыйзам боюнча лебилерге, ырчыларга, дарбазачыларга тиешелүү болгон түшүмдүн, шарап, зайтун майларынын ондон бир бөлүгү жана ыйык кызмат кылуучуларга берилүүчү курмандыктар коюлчу.

    13:6 Мунун баары болуп жатканда, мен Иерусалимде жок болчумун, анткени Бабыл падышасы Артакшаштанын бийлигинин отуз экинчи жылы мен падышага баргам, бир нече күн өткөндөн кийин, падышадан кайра суранып кеткем.

    13:7 Мен Иерусалимге келгенде, элийашиптин Кудайдын үйүнүн короосунан Тобияга бөлмө оңдоп берип, жаман иш кылганын билдим.

    13:8 Ошондо мен абдан жаман болуп, Тобиянын бардык эй буюмдарын ал бөлмөдөн сыртка ыргыттым да,

    13:9 бөлмөнү тазалагыла дедим, бөлмөгө Кудай үйүнүн идиштерин, нан курмандыктарын, ладанды кайрадан алып киргиле деп буйрук кылдым.

    13:10 Лебилерге элүштөрү берилбей жатканын жана кызматта турган лебилер менен ырчылар өз талааларына качып кеткенин да уктум.

    13:11 Бул үчүн башкаруучуларды катуу эскертип, эмне үчүн биз Кудайдын үйүн таштап койдук дедим. Анан мен аларды чогултуп, өз-өз орундарына койдум.

    13:12 Ошондо бардык жүйүттөр эгиндин, шараптын, зайтун майларынын ондон бир бөлүгүн кампаларга алып келе башташты.

    13:13 Мен кампаларга ыйык кызмат кылуучу Шелемияны, китеп көчүргүч Садокту, лебилерден Педаяны, алардын жанына Матания уулу болгон Закурдун уулу Хананды койдум, анткени алар ишенимдүү адамдар болуп эсептелчү. өз бир туугандарына элүш бөлүштүрүү ошолорго жүктөлдү.

    13:14 «Оо Кудайым, мени ушул ишим үчүн унутпа, Кудайымдын үйү үчүн берилип кылган иштеримди, ошол жердеги кызматты тартипке келтиргенимди эсиңден чыгарба!»

    13:15 Ошол күндөрү мен жүйүт элинин ишемби күнү жүзүм сыгып, боо ташып, эшектерге шарап, жүзүм, анжыр, ар кандай жүк артып, Иерусалимге алып келип жатканын көрдүм. Ошол эле күнү алар тамак-аш сатып жатканда, катуу эскерттим.

    13:16 Жүйүт аймагында жашаган тирликтер да балыкты жана башка нерселерди ташып келип, ишембиде Жүйүт менен Иерусалимдин тургундарына сатып турушкан.

    13:17 Ошондо мен жүйүт элинин атактууларын катуу эскертип, мындай дедим: «үмне үчүн силер мындай кыянаттык кылып, ишемби күндү булгап жатасыңар?

    13:18 Ата-бабаларыңар да ушундай кылгандыктан, Кудайыбыз бизге жана бул шаарга алаамат каптатпады беле. Силер болсо ишембини булгап, Анын Ысрайылга болгон каарын күчөтүп жатасыңар».

    13:19 Ушундан кийин, ишембинин алдында, кеч кире баштаганда Иерусалимдин дарбазаларын бекитип, ишемби күндүн эртеси эртең менен гана ачууну буйрук кылдым. Ишемби күнү үч кандай жүк өтпөш үчүн, кызматчыларымды дарбазага койдум.

    13:20 Ошондо ар кандай мал-мүлк саткан сатуучулар менен соодагерлер Иерусалимдин сыртына бир-үки жолу түнөп калышты.

    13:21 Бирок аларды катуу эскертип, мен: «Силер эмне үчүн шаар сыртына түнөп жатасыңар? эгер дагы ушинте турган болсоңор, анда силерди жазага тартам», – дедим. Ошондон тартып алар ишембиде келбей калышты.

    13:22 Анан мен лебилерге ишемби күндү ыйык тутуш үчүн, тазаланып, дарбазалардын алдында сакчылыкта турсун дедим. «Оо Кудайым, мына ушунум үчүн да мени унутпа, улуу ырайымың менен мага ырайым кыл!»

    13:23 Ошол күндөрү мен дагы азоттук, амондук, мааптык кыздардан аял алган жүйүттөрдү көрдүм.

    13:24 Ошондуктан алардын уулдарынын жарымы азоттуктарча же башка элдердин тилдеринде сүйлөшөт, жүйүт тилинде сүйлөй алышпайт.

    13:25 Бул үчүн мен аларга сөгүш берип, каргыш айтып, күү бир эркектерин уруп, чачын жулуп, алардан Кудайдын аты менен убада берүүнү талап кылып, өз кыздарыңарды алардын балдарына бербегиле, алардын кыздарын уулдарыңар албасын, өзүңөр да албагыла дедим.

    13:26 Ысрайыл падышасы Сулайман ушулардын айынан күнөөгө батпады беле дедим. Башка көп элдердин мындай падышасы болгон эмес. Ал Кудайдын сүйүктүү кишиси болгондуктан, Кудай аны бүткүл Ысрайылга падыша кылып койгон, бирок бөтөн жердин аялдары азгырып, аны да күнөөгө түрткөн.

    13:27 Бөтөн жердик аялдар менен жашап, Кудайыбыздын алдында күнөө кылып, ушундай зор кыянаттык кылып жатканыңар жөнүндө угат белек?

    13:28 Башкы ыйык кызмат кылуучу элийашиптин уулу Жойаданын уулдарынын бири хорондук Санбалаттын күйөө баласы болгон. Мен аны өзүмдүн жанымдан кууп жибергем.

    13:29 «Оо Кудайым, ыйык кызматты, ыйык кызмат кылуучулардын жана лебилердин келишимин бузганы үчүн, аларды жазала!»

    13:30 Мен аларды бөтөн жерликтердин бардык нерселеринен ушинтип тазаладым, ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин кызматын калыбына келтирдим, ар бирин өз ишине койдум.

    13:31 Ошондой эле элдин отунду жана алгачкы түшүмдү өз убагында алып келип туруусун калыбына келтирдим. «Оо Кудайым, мага жакшы болушу үчүн, мени унутпа!»

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск