Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Есфирь 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Акашбейроштун Баштини ханышалыктан ажыратышы

    1:1 Акашбейрош падышанын тушунда мындай окуя болду (Акашбейрош падыша Индиядан эфиопияга чейинки жүз жыйырма жети дубанды башкарып турган):

    1:2 Акашбейрош падыша борбор шаар Шушанда падышачылык тактыда отурган күндөрү,

    1:3 падышачылыгынын үчүнчү жылында, бардык төрөлөрүнө, кол астындагы кызматчыларына, персиялык жана мадайлык башкы аскер башчыларына, өз дубандарынын дубан башчыларына чоң той берди.

    1:4 Ал падышачылыгынын сан жеткис байлыгын, өзүнүн шаан-шөкөткө толгон сарайларын көп күндүн аралыгында, жүз сексен күндүн ичинде, көрсөтүп чыкты.

    1:5 Ошол күндөрдөн кийин падыша борбор шаар Шушанда жашаган өзүнүн эли үчүн, кичинесинен чоңуна чейин, падыша сарайынын бакчасында жети күн той өткөрдү.

    1:6 Зыгыр буласынан токулган ак түстөгү жана жүндөн токулган жакут түстөгү көшөгөлөр илинип турду. Алар зыгыр буласынан жана кочкул кызыл кездемеден жасалган боолор менен күмүш шакектерге байланып, мармар мамыларга илинип турду.

    1:7 Алтын-күмүш менен капталган супалар жакут, мармар, седеп жана кара таштар кынала жаткырылган жерге жайгашкан.

    1:8 Суусундуктар баасы отуз миң талант турган, бири-бирине окшошпогон алтын идиштер менен сунулуп жатты. Падышанын байлыгына жараша шарап көп болду, бирок тартип менен ичилип жатты, үч ким үч кимди мажбурлаган жок. Анткени падыша эй башкаруучуларына ар кимди өз эркине коюуну буйрук кылган.

    1:9 Башти ханыша да падыша Акашбейроштун падыша сарайында аялдар үчүн той өткөрдү.

    1:10 Шарап ичип көңүлү көтөрүлгөн Акашбейрош падыша тойдун жетинчи күнү элге жана төрөлөргө аялынын сулуулугун көрсөтүш үчүн,

    1:11 өзүнө кызмат кылган эбнухтарына – Меуманга, Бистага, Харбонго, Биктага, Абахтага, Зейтарга, Каркаска ханыша Баштини ханышалык таажысы менен өзүнүн алдына алып келүүнү буйруду. Анткени ал аябай сулуу эле.

    1:12 Бирок ханыша Башти падышанын эбнухтары аркылуу берген буйругу боюнча келгиси келген жок.

    1:13 Ошондо падыша абдан ачууланып, каары кайнады. Ал өткөн мезгилдерди билген акылмандарга кайрылды, анткени мыйзам менен укуктарды билгендер менен кеңешип турчу.

    1:14 Ошол убакта Персия менен Мадайдын жети төрөсү: Каршена, Шейтар, Адмата, Таршыш, Мерес, Марсена, Мемухан падышанын кеңешчилери эле. Алар падышага бардык учурда кире алышкан, падышачылыкта алдыңкы орунда отурушкан.

    1:15 «Акашбейрош падышанын эбнухтары аркылуу берген буйругун аткарбай койгону үчүн, мыйзам боюнча ханыша Баштини эмне кылыш керек?»

    1:16 Ошондо Мемухан төрө падыша менен төрөлөрдүн алдында мындай деп айтты: «Башти ханыша жеке эле падышанын алдында айыптуу болуп отурган жок, ал бардык төрөлөрдүн жана Акашбейрош падышанын бардык дубандарында жашаган бардык элдердин алдында айыптуу болду.

    1:17 Анткени ханышанын бул жоругу бардык аялдарга жетет да, алар өздөрүнүн күйөөсүн барктабай: “Акашбейрош падыша Башти ханышаны өзүнүн алдына алып келүүнү буйруганда, ал келбей койгон”, – дешет.

    1:18 Ханышанын бул жоругун уккан Персия менен Мадай төрайымдары да падышанын төрөлөрүнө ушинтип айтышат. Тоотпостук, каардануу көп болот.

    1:19 үгерде падыша ылайык тапса, “Мындан ары Башти ханыша Акашбейрош падышанын алдына келбесин, падыша анын ханышалык даражасын андан артык турган башка аялга берсин” деген токтом чыгарсын, ал Персия менен Мадай мыйзамына жазылсын, өзгөртүлбөсүн.

    1:20 Падышанын бул токтому, анын падышачылыгы канчалык чоң болбосун, анын бүткүл булуң-бурчуна тарайт. Ошондо аны уккан аялдар күйөөлөрүн, атактуу болобу, жөнөкөй болобу, сыйлай башташат».

    1:21 Бул сөз падыша менен төрөлөргө жакты. Падыша Мемухандын айтканындай кылып, өзүнүн бардык дубандарына

    1:22 ар бир эркек өз үйүндө кожоюн болсун, бул токтом ар бир адамга өз эне тилинде жарыялансын деп, ар бир дубандын өз арибинде, ар бир элдин өз эне тилинде жазылган кат жөнөттү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск