Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Числа 36

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    36-БөЛЄМ

    Салапаттын кыздарынын элүшү жөнүндө

    36:1 Гилаттын уулдарынан тараган уруулардын башчылары (Гилат Махирдин, Махир Менашенин уулу. Бул уруу – Жусуптун уулдарынан тараган уруулардын бири.) Мусанын жана Ысрайыл уулдарынын уруу башчылары болгон төрөлөрдүн алдына келип, мындай дешти:

    36:2 «Теңир Ысрайыл уулдарына өкчөмө таш ыргытып жер бөлүштүрүп берүүнү биздин мырзабызга буйруган. Теңир биздин бир тууганыбыз Салапаттын элүшүн анын кыздарына берүүнү да биздин мырзабызга буйрук кылган.

    36:3 үгерде алар Ысрайыл уулдарынын башка уруусундагы уулдарынын аялдары болуп калса, анда алардын элүшү биздин ата-бабалардын элүшүнөн алынып, алар келин болуп барган урууга кошулуп берилет, өкчөмө таш боюнча алган элүшүбүз да аларга берилет.

    36:4 Атүгүл, Ысрайыл уулдары юбилей жылын өткөргөндө да, алардын элүшү алар келин болуп барган урууга кошулуп, ата-бабаларыбыздын урууларынын элүшүнөн алардын элүшү бөлүнүп алынат».

    36:5 Ошондо Муса Ысрайыл уулдарына Теңирдин сөзү боюнча мындай деп буйрук берди: «Жусуптун уулдарынан тараган уруулар туура айтып жатышат.

    36:6 Теңир Салапаттын кыздары жөнүндө мындай осуят кылат: Алар өздөрүнө жаккан адамга күйөөгө чыгышсын. Бирок алар өз атасынын уруусундагыларга гана чыгышсын.

    36:7 Анткени Ысрайыл уулдарынын элүшү уруудан урууга өтпөшү керек. Ысрайылдын ар бир уруусу өз ата-бабасынын урууларынын элүшүнө гана байлануу болушу керек.

    36:8 Ысрайыл уулдарынын урууларынын элүштөрүн мурастай турган кыз өз атасынын уруусундагы адамга турмушка чыксын, анткени Ысрайыл уулдары өз ата-бабаларынын элүштөрүн мурастап калышы керек.

    36:9 Yлүш бир уруудан экинчи урууга өтпөсүн, анткени Ысрайыл уулдарынын ар бир уруусу өз элүштөрүнө байлануу болушу керек».

    36:10 Теңир Мусага кандай буйруган болсо, Салапаттын кыздары так ошондой кылышты.

    36:11 Салапаттын кыздары Махла, Тирса, Хогла, Милка жана Ноя атасынын бир туугандарынын уулдарына күйөөгө чыгышты.

    36:12 Алар Жусуптун уулу Менашеден тараган уруунун уулдарына турмушка чыгышты. Ошентип, алардын элүшү аталарынын уруусунда калды.

    36:13 Теңир Муса аркылуу Ысрайыл уулдарына Жерихонун каршысындагы Иордан боюндагы Маап түздүгүндө берген осуяттары менен көрсөтмөлөрү ушулар.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск