Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Мусанын сөзү

    1:1 Иордандын аркы өйүзүндөгү Паран менен Топелдин, Лабан менен Хатсейроттун жана Ди-Забамдын аралыгында жайгашкан Суфтун каршысындагы түзөң чөлдө Мусанын Ысрайыл элине айткан сөздөрү.

    1:2 Хорептен Сеир тоосу аркылуу Кадеш-Барнейиге чейин он бир күндүк жол.

    1:3 Ысрайыл элинин Мисирден чыкканына кырк жыл болгондо, он биринчи айдын биринчи күнү Теңир эмнени буйруса, ошонун бардыгын Муса Ысрайыл уулдарына айтты.

    1:4 Муса бул мыйзамды Кешпондо жашаган Амор падышасы Сихонду жана эдрейдеги Аштаротто жашаган Башан падышасы Огду өлтүргөндөн кийин,

    1:5 Иордандын аркы өйүзүндө, Маап жеринде мындай деп түшүндүрө баштады:

    1:6 «Кудай-Теңирибиз Хорепте бизге мындай деп айткан эле: “Бул тоодо жетишерлик жашадыңар.

    1:7 Жолго чыккыла, аморлуктар жашаган тоого, аларга коңшулаш жаткан түздүккө, тоолорго, ойдуң жерлерге, түштүк аймагына, деңиз жүүгине, Канаан жерине, Лебанонго, атүгүл, улуу эфрат дарыясына чейин баргыла.

    1:8 Мен силердин ата-бабаларыңар Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка жана алардын укум-тукумуна берем деп убада кылган жерди силерге бердим. Барып, ал жерди мураска алгыла”.

    1:9 Мен силерге ошол учурда: “Мен силерди өзүм жалгыз алып бара албайм.

    1:10 Кудай-Теңириңер силерди көбөйттү. Силер азыр асмандагы жылдыздардай көбөйдүңөр.

    1:11 Ата-бабаларыңардын Кудай-Теңири силерди азыркыдан миң эсе көбөйтсүн. Ал өзү айткандай, силерге батасын берсин.

    1:12 Силердин кыйынчылыктарыңарды, түйшүктөрүңөрдү, чыр-чатактарыңарды өзүм жалгыз кантип көтөрөм?

    1:13 Ар бир уруудан акылдуу, үстүү, сындан өткөн адамдарды тандап алгыла, мен аларды силерге эл башчы кылып коёюн”, – дегем.

    1:14 Ошондо силер мага: “Жакшы нерсени айтып жатасың”, – дегенсиңер.

    1:15 Мен силердин ар бир урууңардан акылдуу, сындан өткөн, белгилүү адамдарды алып, урууларыңарга миң башы, жүз башы, элүү башы, он башы, көзөмөлчү кылып койгом.

    1:16 Мен ошондо силердин башкаруучуларыңарга мындай буйрук бергем: “Бир туугандарыңардын талаш-тартыштарын угуп, бир тууганыңар менен бир тууганыңардын ортосунда, бир тууганыңар менен келгиндин ортосунда адилет сот жүргүзгүлө.

    1:17 Сот ишинде бет карамалык кылбагыла, чоң-кичине дебей, бирдей уга билгиле. үч кимден коркпогула, анткени сот жүргүзүү – Кудайдын иши. Силер үчүн оор болгон ишти мага айткыла, аны мен угайын”.

    1:18 Мен ошондо силерге аткарышыңар керек болгон бардык ишиңер жөнүндө буйрук бергем.

    1:19 Ошентип, биз Кудай-Теңирибиз буйругандай, Хорептен чыгып, аморлуктардын тоосун көздөй, силер көргөн ушул эбегейсиз чоң, коркунучтуу чөлдү басып, Кадеш-Барнейиге келдик.

    1:20 Ошондо мен силерге мындай дегем: “Силер Кудай-Теңирибиз берип жаткан аморлуктардын тоосуна келдиңер.

    1:21 Кудай-Теңириң бул жерди сага берди, ата-бабаларыңардын Кудай-Теңири айткандай, бар да, ал жерди эүлеп ал. Коркпо да эрөйүңдү учурба”.

    1:22 Бирок баарыңар мага келип: “Ал жерди байкап келе турган, биз жүрө турган жолдорду, биз бара турган шаарларды көрүп, алар тууралуу маалымат алып келе турган адамдарды өзүбүздөн мурда жөнөтөлү”, – дегенсиңер.

    1:23 Бул сөз мага жагып, ар бир уруудан бирден адам – он эки адам тандагам.

    1:24 Алар жөнөп кетишти. Тоого чыгып, эшкол өрөөнүнө барып, ал жерди карап чыгышты.

    1:25 Ал жердин түшүмүнөн бизге алып келишти. Маалымат беришти да: “Кудай-Теңирибиз бизге берип жаткан жер жакшы жер экен”, – деп айтышты.

    1:26 Бирок силер баргыңар келбей, Кудай-Теңириңердин буйругуна каршы болдуңар.

    1:27 Чатырларыңарда отуруп алып, минтип наалыдыңар: “Теңир бизди жек көргөндүктөн, аморлуктардын колуна салып берип, кырып салуу үчүн, Мисир жеринен алып чыгыптыр.

    1:28 үми биз кайда барабыз? Бир туугандарыбыз жүрөктү түшүрүп: «Ал эл бизден көп да, чоң да экен. Алардын шаарлары чоң, бийик дубалдар менен курчалган экен. Биз ал жерден Анактын алп уулдарын да көрдүк», – дешти”.

    1:29 Ошондо мен силерге мындай дегем: “Жүрөгүңөр түшпөсүн, алардан коркпогула.

    1:30 Кудай-Теңириңер силердин алдыңарда бара жатат. Анын Мисир жеринде силер үчүн кандай күрөшкөнүн көрдүңөр, эми да так ошондой күрөшөт.

    1:31 Сен чөлдөн бул жерге жеткенге чейин, жолду катар Кудай-Теңириң сени атасы баласын көтөргөндөй көтөрүп келгенин көрдүң”.

    1:32 Бирок силер ошондо да Кудай-Теңириңерге ишенген жоксуңар.

    1:33 Ал силерге токтогонго жай таап, түн ичинде от болуп, күндүз булут болуп жол көрсөтүп, силердин алдыңарда жүрдү.

    1:34 Теңир силердин сөздөрүңөрдү укканда, каарданып, мындай деп ант берген:

    1:35 “Мен силердин ата-бабаларыңарга берем деп убада кылган жер соорусун бул элдин ичинен, бул ниети жаман тукумдун ичинен үч ким көрбөйт.

    1:36 Аны Жепундун уулу Калеп гана көрөт. Теңирге баш ийгендиги үчүн, басып өткөн жерин ага жана балдарына берем”.

    1:37 Силердин айыңардан Теңир мага да каарданып, мындай деди: “Ал жерге сен да кирбейсиң.

    1:38 Ал жерге сенин жаныңдагы Нундун уулу Жашыя кирет. Аны дайында, анткени ал Ысрайылды ошол жерди эүлеткени алып барат.

    1:39 Ал жерге душманга олжо болуп калат деген балдарыңар, жаман-жакшыны ажырата билбеген уулдарыңар барат. Ал жерди аларга берем, ал жерди ошолор эүлешет.

    1:40 Силер болсо артыңарга кайрылып, Кызыл деңизди карай кеткен жол менен чөлгө жөнөгүлө”.

    1:41 Ошондо силер мага: “Биз Теңирдин алдында күнөөгө баттык, Кудай-Теңирибиз бизге буйругандай, барабыз да салгылашабыз”, – деп, ар кимиңер согуш куралын асындыңар, тоого чыкканды оңой көрдүңөр.

    1:42 Бирок Теңир мага мындай деди: “Аларга мындай деп айт: «Тоого чыкпагыла, салгылашпагыла, анткени Мен силер менен болбойм, душманыңар силерди кыйратып салат»”.

    1:43 Мен силерге айткам, бирок силер мени укпай, Теңирдин буйругуна каршы чыктыңар, өжөрлүк кылып тоого чыктыңар.

    1:44 Ошондо ошол тоодо жашаган аморлуктар силерге каршы чыгып, силерди Сеир тоосунан Хорманын өзүнө чейин аары талагандай артыңардан кууп барып талкалады.

    1:45 Силер кайрылып келип, Теңирдин алдында ыйладыңар, бирок Теңир силердин ыйыңарды уккан жок, силерге көңүл бурган жок.

    1:46 Ошентип, силер Кадеште көп убакыт туруп калдыңар.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск